Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ошто беш мечиттин имамы иштен алынды


Кара-Суудагы мечит.
Кара-Суудагы мечит.

Ош шаарындагы 5 мечиттин имамы кызматынан алынды. Бул тууралуу 9-декабрда Ошто өткөн диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө бийлик менен дин өкүлдөрүнүн кызматташуусун талкуулаган жыйында маалым болду.

Ошондой эле жыйында эки элдин ынтымагын чыңдоо максатында мечиттерде имамды кыргыз, анын орун басарын өзбек, же тескерисинче дайындоо аракеттери көрүлүп жатканын айтылды.

Оштогу мечиттерди иликтеген атайын комиссия жыйынтыгы чыгарып, жайдагы коогалаң күндөрү мечитти кароосуз калтырган Ош шаарынын 5 мечит имамы кызматынан алганган. Бул тууралуу Ош шаарынын казысы Шакир ажы Маматов билдирди:

- 29-июндагы Мажүрүм-Тал мечитинин имамы Фархад Нурматовдун үйүндө болгон окуя дин кызматкерлеринин бетине көө сыйпап койду. Биз эми мындайга жол бербешибиз керек. Ошондон бери иштеп жаткан атайын комиссия жыйынтыгын чыгарып, учурда 5 мечиттин имамы иштен алынды. Жайдагы коогалаң күндөрү эл бул жакта ызы-чуу болуп жатса, алар мечиттерди кароосуз калтырган экен. Салттуу динден оолактап кеткен дагы бир нече мечит имамдары иштен алынат. Мындан эч кандай саясат жасабаш керек.

Казыяттын мындай аракетине карабай жергиликтүү бийлик өкүлдөрү динаятчыларды эки элдин ынтымагын чыңдоодо активдүү иш алып бара албай жатат деп айыптоодо. Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун баамында, соңку мезгилдердеги чуулгандуу окуяларга дин кызматкерлеринин аралашып калуусу да элдин динге болгон ишенимин ого бетер кетирген:

- Кийинки мезгилдердеги жанагы мечиттерден курал-жарак чыгып, анан мечиттин имамы террорго байланыштуу делгени элдин динге болгон ишенимин кетирип жатат. Ислам динине да доо кетирип жатат. Дин кызматкерлери эки элдин ынтымагын чыңдоодо аракеттерди кылып жатат, бирок активдүү болбой жатат. Эми активдештиргени жатабыз.

Муфтият элди ынтымакка чакырат

Бийликтин мындай пикири менен дин кызматкерлери макул эмес. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов дин кызматкерлери элдин ынтымагын чыңдоодо болгон аракеттерин көрүп жатканын айтууда:

- Дин өкүлдөрү эки элди ынтымакка чакыра албай жатат деген бул сандырак сөз. Мындай сөздөрдүн баарын четке кагам. Дин өзүнүн кызматын толук аткарып жатат. Мисалы коогалаң күндөрү деле, Жалал-Абадда, Ошто деле айрым расмий өкүлдөр кире албай жаткан жерлерге мечит имамдары кирип, эки элди ынтымакка чакырган фактылар көп. Азыр эми дагы да болсо эки улуттун ынтымагын чыңдоо максатында мечит имамы кыргыз болсо, өзбек орун басар койгонго, же имам өзбек болсо, орун басарын кыргыздан койгонго аракеттерди көрүп жатабыз.

Муфтияттын мындай чечимин мечит имамдары да колдоого алышууда. Кара-Суу райондук борбордук мечитинин имамы Саидбурхан Саидкожоев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бизге бирөө жарым барып, бириң өзбек болосуң, бириң кыргыз болосуң деп айта элек. Бирок эгер муфтият тарабынан фатва чыкса, биз аны аткарууга милдеттүүбүз. Менимче муфтияттын мындай аракети элди дагы да болсо ынтымакка чакыруу болуп саналат. Эгер чындап ошондой болсо, бири бирине ишеним болот, бири-бирин колдоого алат. Мындай чечимди биз колдойбуз.

Канткен менен жайдагы коогалаңдан кийин аймактагы бир нече мечиттер өзбек, кыргыз болуп бөлүнгөн бойдон калууда. Дин кызматкерлери муну мыйзам ченемдүү нерсе катары баалашса, серепчилер эл мечиттерге баруудан кооптонуп жатат деп ачыкташууда.

Буга чейин малым болгондой, жайдагы этникалык кагылышуу учурунда Оштогу мечиттерден мөөнөтсүз азан айтылып, элди башаламандыкка үндөгөн фактылар катталган. Ага байланыштуу сот өкүм чыгарып, төрт киши төрт жылдан эркинен ажыратылган болчу. Мындан бир нече күн мурда да террорчу деп шектелип жок кылынгандардын бири Оштогу Мажүрүм-Тал мечитинин имамы Фархат Нурматов болуп чыккан.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG