Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Депутат азан үнүн жайлатууну сунуштады


Бишкектеги Борбордук мечит
Бишкектеги Борбордук мечит

Жогорку Кеңеште мечиттерде айтылган азан, эс алуу жайлардагы музыка шаардыктардын тынчын алып жатканы айтылды. Депутат Болотбек Ибраимжанов мындай жайларда үн күчөткүчтөрдү көзөмөлгө алууну сунуштап чыкты.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов түнкү жана таңкы намаз учурунда айтылган азан жана эс алуу жайларындагы музыка шаар тургундарынын тынчын алып жатканын айтып чыкты. Ал мечиттердеги үн күчөткүчтүн кубаты 40 децибелден ашпашы керек деген норма сакталбай жатканын кошумчалап, катуу айтылган азан таңкысын уйкуну бузуп жатканын билдирди.

- Кечки саат 11ден эртең мененки саат 7ге чейин коомчулуктун тынчын алууга тыюу салынат. Бирок бизде үн күчөткүчтөн чыккан азандын кубаты 140 ДЦга чейин жетип жатат. Муну Экотехинспекция көзөмөлгө алуусу шарт. Ошондой эле ресторан, кафелерден чыккан музыканын үнүнө да кечкисин тыюу салбасак, балдар сабак окубай эле ырлардын репертуарларын жаттап бүттү.

Элди дүрбөткөн беймаал азан

Элди дүрбөткөн беймаал азан

2010-жылы 11-июнга караган түнү Ош шаарынын жана Кара-Суу районуна караштуу айылдардын бир катар мечиттеринде беймаал азан чакырылган.

Депутат Ибраимжанов жума намаз учурунда көпчүлүк мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилер жумуштан чыгып, дүйшөмбү күнгө чейин эс алуусун улантып жатканын айтып, өкмөттү кызматтык тартипти күчөтүүгө чакырды.

Болотбек Ибраимжановдун сөзү коомчулукта талкууларга жол ачты. Шаар тургундары эс алуу жайлардан чыккан музыка тынчтыкты бузган учурлар болорун айтышат.

Мусулмандардын дин башкармалыгы мечиттердеги азан элдин уйкусун бузуп жатат деген жүйөгө макул эмес. Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин айтымында, буга чейин мечиттердеги азандын үнүн азайтуу тапшырмасы берилген.

- Биз буга чейин азандын үнүн бир аз айтканбыз. Жалпы имамдарга да түшүндүрүү иштери болгон. Мисалы, кечки куптан намазы сегизде бүтөт. Таңкы намаз болсо 5.30да башталат. Анан азан кантип жарандарга тоскоолдук кылат? Биз буга түшүнбөй жатабыз.

Жумуш же жума намаз...

Жумуш же жума намаз...

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда жума күнү жума намазды шашпай окуу үчүн түшкү эс алуу убактысын эки саатка чейин узартуу демилгесин көтөргөн.

Кыргызстанда коомдук тынчтыкты бузгандарга каршы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти иш жүргүзөт. Бул органдын директору Төлө Исаковдун айтымында, депутаттын айтып жаткан жүйөсү негиздүү. Аталган орган коомдук тынчтыкты бузган жайларга атайын айыппул салынып, көзөмөл жүргүзүлөт.

- Айылда болобу, шаарда болобу түн ичинде тынчтык бербеген ар кандай үндөр адамдын ден соолугу үчүн зыян. Айрыкча балдар, жүрөк, нерв оорулууларга абдан тоскоолдук жаратат. Биз мындай тынчтык эрежелерин бузгандарга каршы Бишкек мэриясы менен иш жүрүп турабыз. Анын негизинде эскертүү берилет, ага көнбөсө жазага тартылып, жабууга чейин барышы мүмкүн.

Исаков жакында эле Борбордук мечитке азандын үнүн басаңдатуу тууралуу эскертүү берилгенин кошумчалады.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын өкүлү Гуля Алмамбетованын айтуусунда, борбор калаада адамдардын тынчын алып жаткан эс алуу жайларынын үстүнөн тынымсыз эле даттануулар түшүп турат:

- Бизге тынчтыкты бузган кафе-ресторандар боюнча шаардыктар тынымсыз кайрылып турат. Анын негизинде күн сайын эскертүү, жазалар берилет. Ошол эле учурда кафе-ресторандар ачылып жатканда коомдук тынчтыкты бузбайм деп милдеттенме алышат. Бирок бул милдеттенмени аткарбай койгондор арбын. Аларга каршы иш жүргүзүп жатабыз.

Ошол эле учурда азан айтылып, тынчтык бузулат делген Борбордук мечит айланасындагы батирлер башка райондорго караганда арзан саналбайт. Бул район айланасынан динге ишенгендер арасында үй сатып алууну каалагандар көп экени айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG