Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

"Качкын" журналисттер мекенине кайтабы?


2009-жылы кол салууга кабылып, Кыргызстандан чыгып кеткен журналист Сыргак Абдылдаев азырынча мекенине кайтууну каалабайт.
2009-жылы кол салууга кабылып, Кыргызстандан чыгып кеткен журналист Сыргак Абдылдаев азырынча мекенине кайтууну каалабайт.

Бакиев бийлигинин тушунда Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун жоон тобун журналисттер түзөт.

Алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнөн баш паанек таап, орун-очок алып калышты. Бирок Кыргызстанда бийлик алмашып, саясий система өзгөргөндөн кийин кайтып келген саясатчылардан айырмаланып, журналисттердин эч кимиси мекенине кайткан жок. Көпчүлүгүндө азырынча андай ниет да жок. Алардын бир тобу барган өлкөсүнөн "бак таап", тил билгендери ошол жактан иш таап, билбегендери тил үйрөнүп, билимин өркүндөтүүдө.


"Сагынганда бир келээрсиң..."


Куугунтук, басым-кысымга кабылып, Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон журналисттердин сап башында ошо кездеги Мамлекеттик телерадиокорпорациянын (азыркы КТРК) кабарчысы Кайрат Биримкулов турат. Ал бул каналда "Коом жана мыйзам" аттуу берүүнү алып барчу.

Кайрат Биримкулов 2007-жылы "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык иштерди иликтеп баштаганда белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылып, запкы тарткан. Коркутуп-үркүтүүлөр токтобой, өмүрүн коркунуч чулгап алганда өлкөдөн жашыруун чыгып кеткен. Кийин анын Швейцариядан баш паанек тапканы белгилүү болду.

Кайрат Биримкулов азыр иши жакшы экенин, азырынча Кыргызстанга кайтуу ниети жоктугун аз күн мурда "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаев менен болгон маегинде билдирген:

- Бир жарым жылдан бери орус тили мугалими болуп иштеп жатам. Ага чейин немис тилин окуп жүргөм. Кез-кездерде котормо иштери менен шугулданам. Швейцарияда кыргыздар аз болгондуктан, окуучуларымдын көбү – постсоветтик өлкөлөрдөн келген жарандар.

Биримкулов жакын арада Швейцариядагы кыргыздардын диаспорасын түзүп, Кыргызстандагы социалдык мекемелерге жардам берүү максатында ар кандай долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканын да кошумчалады.

Басым-кысымдан улам 2007-жылы өлкөдөн чыгып кеткен журналисттердин дагы бири - «Пирамида» телеканалынын мурунку шеф-редактору Турат Бектенов. Ал да азыр үй-бүлөсү менен Швейцарияда турат. Бул өлкөдөн саясий баш паанек алып, отурукташып калганына беш жыл болду.

Ал француз тилин билгендиктен даректүү эки тасма тартууга жардам берип, дагы бирөөсүн французчадан кыргызчага, кыргызчадан французчага которуптур. Азыр болсо Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеӊсесинин маалымат бөлүмүндө иштейт.

Турат Бектенов да азырынча Ала-Тоого кайтууну ойлоно элек:

- Бул жерде отурукташып калгандан кийин балдарды сууруп алыш да оңой эмес экен да. Балдар кичинекей кезинде келишти. Анан мектеп системасы башка. Башка тилде окуп жатат. Анан кайра дароо чыгарып алуу кыйын болуп жатат да. Мектепти бүтсө көрөбүз го...

Дагы бир кесиптешибиз Сыргак Абдылдаев 2009-жылдан бери Швецияда жашайт. Ал ошол жылдын март айында кол салууга кабылып, 22 жерине бычак жегенин башкалар унутса да журналистика чөйрөсүндөгүлөр унута элек болсо керек:

- Мен Швецияда жашайм деп эч качан ойлогон эмесмин. Баары ушунча бат өзгөрүп кетти. Анан келгенде бизди жакшы кабыл алды – Швеция өкмөтү турак-жай жана жөлөк пул менен камсыз кылды. Интеграция процессинин алкагында швед тилин үйрөнүп, ар кандай курстарга барып турдук. Бирок эки жылдан кийин анын баары бүттү. Жумуш издей баштадым. Швед тилин орточо билгендиктен, өз кесибим боюнча жумушту табыш кыйын. Анан ар кандай эмеректерди, стол-стулдарды оңдоп ошону менен жан багып атабыз. Балам болсо кичинекей, аялым окуп атат.

Сыргак Абдылдаев да азырынча Кыргызстанга кайтууну каалабайт:

- Ачык эле айтсам, мен Кыргызстанга баруунун кажетин көрбөй турам. Мен ал жакта эмне иш кылам, кимге керекмин? Жаш эмесмин, элүүдөн өтүп калдым. Эгер кайтсам, ал жакта жакшы жумуш болот деген ишеним болуш керек да...

Бакиев бийлигинин куугунтугуна кириптер болгон оппозициялык «Лица» гезитинин башкы редактору Бермет Букашева азыр Нью-Йорк шаарында турат. Ал гезитине макалаларын чыгарып жүргөн Сыргак Абдылдаевди бычакташкандан кийин, негизи эле оппозициялык маалымат каражаттарына кысым күчөгөндө гезитти жаап, АКШга баш паанек сураганга аргасыз болгонун эске салды:

- АКШда баш паанек алып жүргөндөр баары эле даяр оокатка жыргап жашап жүрөт деп ойлогондор болсо жаңылышат. Европа өлкөлөрүндө жөлөк пул, турак-жай менен камсыз кылат. Ал эми АКШда жашаган үйүмдү өз акчама ижарага алам, жумушту өзүм таптым, эч кандай социалдык жеңилдиктер жок.

Бермет Букашева азыр Нью-Йорктун орус тилдүү жарандар жыш отурукташкан Бруклин районунда турат. Ал жакта англис тили боюнча сабак берет экен. Алыскы Америкада жүрүп да, киндик каны тамган мекени менен байланыш үзбөй, интернет аркылуу Кыргызстанда белгилүү «Чалкан.kg» маалымат порталынын башкы редактору болуп иштейт. Азыркы тапта китеп жазып жатыптыр.

- Азыр бир бутум АКШда, бир бутум Кыргызстанда десем болот. Анан балам Нью-Йоркто мектепке баргандыктан азырынча ушул жакта эле калайын деген ниетим бар.


Кыргызстандан канча адам качкан?


Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын эсеби боюнча, эгемен Кыргызстан тарыхында ондогон жарандар саясий куугунтуктан улам сыртка биротоло жана убактылуу чыгып кеткен. Маселен, 2000-жылдын башында укук коргоочу Рамазан Дырылдаев жана Альберт Корголдоев Австрияга, Феликс Куловдун үй-бүлөсү менен «Ар-Намыс» партиясынын бир нече өкүлдөрү АКШ жана башка өлкөлөргө, Бакиев бийлигинин учурунда болсо жогоруда аты аталгандан башка да журналисттер: Асыран Айдаралиев, Чолпон Орозобекова жана башка бир канча саясатчылар чыгып кеткен.

Ошол эле учурда АКШда жүргөн саясатчылар Кубатбек Байболов, Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдрахманов, Швецияда жүргөн Эдил Байсалов менен Кубанычбек Кадыров саясий жагдай өзгөргөндөн кийин кайра Кыргызстанга кайтканы маалым.

Абдрасулованын сөзүнө караганда, чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн жарандары боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан менен Түркмөнстан алдыда турат. Андан тышкары Кыргызстан өзү качкындарды кабыл алып жүргөн мамлекеттердин катарына да кирет. Маселен, Кыргызстанда азыр Тажикстандын, Ооганстандын, Өзбекстандын жана Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном аймагынан келген качкындар баш калкалап келет.
XS
SM
MD
LG