Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Алай: эл аралык жол жети күндөн бери жабык


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун Ош-Эркеч-Там жолун тоскон жактоочулары. 2-июнь, 2014-жыл.
Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун Ош-Эркеч-Там жолун тоскон жактоочулары. 2-июнь, 2014-жыл.

Ош – Эркеч-Там жолун тоскондор боюнча эки кылмыш иши козголду. Бирок ошого карабай камакта жаткан Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибековдун жактоочулары 7 күндөн бери эл аралык жолду жаап турушат.

Жолдун үстүнө жети боз үй тигилген, 200-300гө чамалуу адам топтолуп турат. Алар Келдибековду үй камагына бошотуу талабын коюшууда. Жолдун эки тарабында 100дөн ашык унаа кармалып турат.

Жети күндөн бери жол тосуп тургандар талаптары аткарылбаса, Ош-Эркеч-Там жолу мындан ары да ачылбай турганын айтышууда.

- Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, астыбызга келмейинче, артка кайтпайбыз. Эл таркабайт, коркпойт дагы. Аягына чейин турганыбыз турган. Бийлик колунан эмне келсе, ошону жасасын. Эгер бийлик тарабынан же, милиция тарабынан кагылыш болсо, Алай эли буга да даяр. Каалашынча калчашып көрөбүз. Бөк же чик, - деди мында тургандардын бири Сансызбай Кутчуев.

Учурда Ош-Эркеч-Там унаа жолунун Сопу-Коргон айыл тушунда асфальт үстүнө 7 боз үй тигилген. Жол жакасында дагы 3 боз үй бар. Ошондой эле жолго шагыл төгүлүп, балондор үстү-үстүнө жыйылган. Алайлыктардын дагы бири Акылай Белекбаева Келдибеков жок дегенде үй камагына чыгуусу керектигин айтты:

- Турганыбызга мына 7 күндүн жүзү болду. Биз койгон талап аткарылмайынча 7 айбы же 7 жылбы тура беребиз. Азыр бизден кабар алганы, бийликтен бирөө да келген жок. Акматбектин күнөөсү жок болсо да аны, саясий куугунтук кылып камап атышат. Биз президенттен аны үй камагына бошотуусун гана талап кылабыз.
Жолдон өтө албай турган унаалар. 2-июнь, 2014-жыл.
Жолдон өтө албай турган унаалар. 2-июнь, 2014-жыл.


Эки тарапта турган унаалардын саны 100дөн ашык. Бир аптадан бери көпчүлүк жеңил машинелер артына кайтып кетишкен, азыр көбүнчө оор жүк ташуучу унаалар гана турат.

Жүргүнчүлөр ушул жерге чейин такси менен келип, тосмодон өткөндөн кийин башка машинеге отуруп кетип атышат. Чоң-Алайга кетип аткан жүргүнчү Мухтар Сатыбалдиев буларды айтты:

- Жашоо керек экен, ушинтип ташып өтүүгө аргасызбыз да. Эл деген эл, биз буларга не демек элек. Оштон бери бир машине менен келдик, эми мындан ары Чоң-Алайга дагы башка машине таап, же такси менен кетебиз го. Азыр эми жүктөр көп эле, бул жерден 2-3 чакырымдай жөө ташып өтүп атабыз. Башка арга жок. Эл жолду ачпайбыз деп атат, бийлик болсо буларга бир түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолду ачтырып койбойт.

Жол тоскондордон аз күн мурда Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев келип кабар алып кеткен. Андан кийин Ош облустук администрациясынан же район акимиатынан эч ким келбеди.

Жол тоскондорго саясатчылар да келди

1-июнда оппозицияда жүргөн саясатчы Азимбек Бекназаров, 2-майда Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов келип, жол тоскондорду колдой тургандыктарын айтып кетишти:

- Күнөөсү далилдене электе “күнөөлүү, бардык материалдар чогултулду, айыбы далилденди” дегениңер жарабайт деп биз дагы айттык. Ар ким ар кайсы бурчтан чыга калып, “бул коррупционер, бул ууру, бул кески” деп айткандын өзү мыйзамсыз. Ошого байланыштуу минтип талабыңарды айтып атканыңар түшүнүктүү, колдоого алабыз. Бирок силер эч кандай чагымга алдырбагыла. Бирөө келип уруш же күч органдары менен кагылыш чыгаргысы келээр, силер ага жол бербегиле. Бирөөнү урбагыла, тополоң кылбагыла, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов жол тоскондорго.

Жергиликтүүлөр кабарлагандай, жол тосулгандан бери 7 бодо, 10дон ашык кой союлган. Алардын баарын алайлыктар Келдибековду колдоо иретинде алып келип берген.
Жолдон жүк ташып өткөндөр.
Жолдон жүк ташып өткөндөр.


Ал ортодо күч органдары Алайдагы жол тосуу боюнча 2 кылмыш иши козголгонун жар салды. Милиция органдары кабарлагандай, учурда жол тоскондор менен бийликтер сүйлөшүү аракетин көрүүдө, бирок андан майнап жок.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” мындай деди:

- Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2 кылмыш иши козголду. Мында “өзүм билемдик”, “зөөкүрлүк” жана “бийлик өкүлүнө зомбулук” көрсөтүү деген 3 берене бар. Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата 20 административдик протокол түзүлгөн. Анын негизинде ошол жердеги жол тосууну уюштурган активисттерге карата 1000 сомдон 3000 сомго чейинки жазана пул салынды. 31-май күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери токмоктолду. Ал ошол жерде өз милдетин өтөп жаткан учурда, уюштуруучулардын бири элди ага каршы тукурган. Азыр ал кызматкер ооруканада, абалы жаман эмес.

Ош-Эркеч-Там унаа жолунун тосулуп тургандыгы боюнча ишкерлерден 6 арыз түшкөн. Бийликтер билдиргендей, ушу 7 күн аралыгында ишкерлер 20 миллион сомдон ашык чыгымга учурашкан.

Үч айлык наристенин өлүмүнө жол тоскондор күнөөлүүбү?

Тартип коргоо органдары кабарлагандай, жол тосуунун кесепетинен 3 айлык кыз чарчап калган:

- Алай районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары 3 айлык небереси катуу ооруп, ооруканага алып баратканда жолдо кармалып калган. Жол тоскондор баланын ооруганына ишенишпей, абалын көргөндөн кийин гана өткөрүшкөн экен. Наристе ооруканага жеткенде үзүлгөн. Ата-энеси расмий түрдө арыз менен кайрыла элек, бирок бизге телефондон ушундай деп арызданды. Бул боюнча азыр тактоо иштери жүрүп жатат, - деди Жеңиш Ашырбаев.

Ал эми жол тоскондордун уюштуруучусу, “Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин” жетекчиси Керим Сарыбашев мындай маалыматтарды четке кагууда:

- Ал кыздын чарчап калганы чын. Бирок бул жерде алар бир мүнөт да кармалган жок. Катуу ооруган кыз экен, ооруканага барганда каза болуптур. Андайлар турмушта боло берет. Эгер 3 мүнөт турса, күнөөнү бизге койсо болот эле. Ал каза болгон кыздын апасы дагы, таенеси да бизге чалып, дооматы жок экенин айтышты. Мында азыр жалаң оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кармалып турат, жеңил машине менен келгендер башка машинелерге олтуруп алып, кетип атышат. Биз аларды кармаган жокпуз.
Жол тоскондор.
Жол тоскондор.


"Азаттык" буга чейин каза болгон наристенин таенеси Шаани Топчубаева менен байланышканда, ал небересинин өлүмүнө жол буугандар эмес, Алай райондук ооруканасынын дарыгерлеринин шалаакылыгы себеп болушу мүмкүн экенин айткан. Райондук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Алыкулова болсо 28-майда түнкү саат 12:30да келип түшкөн наристенин абалы оор болгонун, эки өпкөсүнө теӊ суук тийгени аныкталганын билдирген. Наристе дароо реанимацияга жаткырылган. Бирок 29-майдын таңында чарчап калган. Өлүмдүн себебин аныктоого каршы болгон таятасы Сооронбай Арзыбаев дарыгерлерге дооматы жок экенин айтып, наристенин сөөгүн ачтырбай алып кеткен.

"Келдибеков тергөө жыйынтыгына кол койгон жок"

26-майда Бишкектеги Октябрь райондук соту Келдибековдун камактагы мөөнөтүн 27-июнга чейин узарткан чечим чыгарган. Келдибековдун тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалоодо.

Бирок баш прокурор Аида Салянова бул иште саясий өңүт жок экендигин айтууда. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Келдибеков ар кандай шылтоо менен иштин сотко өтүшүн создуктуруп жатканын айткан эле. Анын айтымында, Келдибеков тергөөнүн жыйынтыгына кол коюудан качып жатат.

- Тергөө бүткөн. Айыбын уккандан кийин сотко өтүш керек. Ар кандай себептер менен, анын ичинде ден соолугу, айтор Келдибеков токтомго кол коюудан баш тартып келатат. Күнөөсү жок болсо, соттон акталат.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков 2013-жылы 20-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG