Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-май, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Кара-Суу: үйлөр жолго салына баштады


Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылы.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жолго турак жай салына баштады.

Жол боюнда жашагандар жергиликтүү бийликке: “Дарбазабыз тосулса үйдөн кантип чыгабыз?” деп суроо берип жатышат. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болсо сөз болуп жаткан жолго турак жай салууга 2005-жылы эле уруксат берилгенин айтууда.

Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мындан 12 жыл мурун пайда болгон Сүрөт-Таш жаңы конушундагы ички жолго да турак жай салына баштады. Конуштун тургундары болсо короосунан көчөгө чыга турган кадимки жол кимдир-бирөөлөрдүн менчиги болуп калганына таң калып бүтпөй отурушат.

Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Феруза.
Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Феруза.

- Биздин жолго үй салынат экен, - дейт Феруза аттуу жергиликтүү тургундардын бири. - Биз көчөгө кантип чыгабыз? Асмандан учуп чыгабызбы? Айыл өкмөттөр, органдар неге буга унчукпай отурушат? Жолго турак жай курууга кантип уруксат беришкен? Кандай адам бул ишке барды? Жолду сатып, акчасын алгандар качып кеткенге үлгүрүшсө керек? Ушундай да болобу? Тобо!

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Рузбай Калматов да жолго турак жай курууга ким уруксат бергенин элге түшүндүрүп бере алган жок. Айыл депутаты жолдун үстүнө үй салуу токтобосо эл топтолуп, тиешелүү органдарга каршы нааразылык акцияларына чыгарын эскертти:

- Айыл өкмөткө чыксак, “жолду биз берген эмеспиз, Кара-Суу райондук архитектурасы, Мамлекеттик каттоо кызматы берген” дешти. Эми эл “курулуш токтобосо, жол тосулуп кетчү болсо тополоң кылабыз” деп атат. “Топтолуп акимге барабыз” деген сөздөр чыгып атат.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров Сүрөт-Таш жаңы конушундагы жолдорго турак жай курулуп жатканын Интернеттен билген. Айыл өкмөт башчысы азырынча “Жолубуз тосулуп калса, үйдөн кантип чыгабыз?” деген айыл тургундары менен бетме-бет жолуга элек. Ал биз менен кездешип, жолго турак жай куруу жөнүндө чечимди архитектуралык пландын негизинде 2006-жылы өзүнөн мурунку айыл өкмөт башчысы кабыл алганын айтты:

Шарабидин Капаров.
Шарабидин Капаров.

- Сүрөт-Таш участкасы 2005-2006-жылы элге берилген. Ал кезде айыл өкмөттү Баатыр Казаков башкарган. Ал кезде участкалар башкы пландын негизинде берилген. Жерди айыл өкмөт бербейт. Айыл өкмөт токтом чыгарат, архитектура, Мамлекеттик каттоо кызматы жерди тартып берет. Ал ошол маалда мыйзамдуу берилген. Бирок ал уруксатты биз берген эмеспиз. Мисалы, жеке мен ал жолго курулуш жүргүзүүгө уруксат берген эмесмин. Ал мага чейин берилген жерлер.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Баатыр Казаков болсо өзүнөн кийинки айыл өкмөт Шарабидин Капаровду “документтерди, колдорду жасалмалап, жок чечимдерди эски дата менен чыгарып жатат” деп айыптады. Баатыр Казаков Сүрөт-Таш участкасы пайда болгон ошол 2006-2007-жылдары айыл өкмөттүн жер бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы болгонун да эске салды.

- Азыркы айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаров ошол кезде жер бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы болгон. Айыл башчы менен кошо комиссиядан өткөрүп, баарын өздөрү бөлүштүрүшкөн. Жыйындардын баарын Капаров өзү өткөргөн. Кимге кайсы жерди берүүнү бүт өзү чечкен.

Жолду казып, фундамент куюуга даярдаган жарандар айыл өкмөттөн, архитектура мекемесинен, Мамлекеттик каттоо кызматынан, жада калса прокуратура менен соттон да уруксат алышканын нааразы болгон тургундарга ачык билдиришкен. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин дагы бир депутаты Дилмурат Эргешов жаңы конуш түптөлгөндөн бери дээрлик 10 жыл өткөндөн кийин жолго курулуш баштоого азыркы айыл өкмөт гана уруксат берген деп эсептейт. Депутат беш көчөнү бириктирген жолдун турак жайга айланышын тиешелүү органдар текшеришин талап кылды:

Дилмурад Эргешов.
Дилмурад Эргешов.

- Мыйзам боюнча жердин ээси - муниципалдык орган, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү. Кандай эле Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн токтомусуз Кара-Суу райондук архитектура, Мамлекеттик каттоо кызматы өз алдынча бөлүштүрүп берет? Бул шылтоо мыйзамга да, логикага да туура келбейт. Жердин ээси - Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү. Мөөр Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө болот. Демек, айыл өкмөтү жолду менчиктеп алууга токтом чыгарбаса, мамлекеттик акт да берилмек эмес. Мамлекеттик актыны албаган адам жолду казып, үй курууга батынмак эмес. Капаров “ал жол 2005-жылдары эле берилген” деп атыптыр. Эгер андай болсо жолду алган адамдар 13 жылдан бери уктап жатыптырбы? Мисалы, мындагы жер ээлеринин документин карасаңыз, азыр казылган жер жол экени чиймелер менен так көрсөтүлгөн.

Шарабидин Капаров аталган айыл өкмөткө үчүнчү ирет катары менен башчы болуп шайланган. Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө 31 миң эл жашайт. Айылда турак жай курууга жер алыш үчүн кезекте тургандардын катары калың. Жердин тартыштыгынан улам, учурда адырлар жана жайыт жерлер турак жай участкасына айланууда. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Ош шаары менен “Достук” бажысынын ортосунан орун алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG