Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Активисттин иши мэрияга жакпады


Жергиликтүү активист 14-декабрда башкалаадагы айрым көчөлөрдүн кесилишиндеги жол белгилеринин жанына көчөлөрдүн аты жазылган көрсөтмөлөрдү илген болчу.
Жергиликтүү активист 14-декабрда башкалаадагы айрым көчөлөрдүн кесилишиндеги жол белгилеринин жанына көчөлөрдүн аты жазылган көрсөтмөлөрдү илген болчу.

Бишкекте активист орноткон жол белгилери кайра алына баштады. Муну шаардык патрулдук милиция башкармалыгы жазуулар мамлекеттик стандартка төп келбегени менен түшүндүрүүдө.

Жергиликтүү активист 14-декабрда Бишкектеги Токтогул-Логвиненко, Токтогул-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилеринин жанына көчөлөрдүн аты жазылган көрсөтмөлөрдү илген болчу.

Активист Атай Садыбакасов Фейсбуктагы баракчасына өз акциясын коноктор шаарда адашпай жүрүшүнө багытталганын жазган.

- Жаңы эле “түнкү партизандык монтажды” аяктадык. Эртең менен Токтогул көчөсү менен кетип баратканда Бишкектин белгилери Нью-Йорктогудан дагы сапаттуу деп сыймыктанасыңар. Албетте, эгерде Бишкек мэриясы муну вандализм аракети деп баалабаса.

Активисттин жасаган ишине шаардыктар алкыш айтып үлгүрбөй калды көрүнөт. Эртеси, 15-декабрда Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгы жаңы коюлган белгилерди алып салуу боюнча калаа бийлигине кайрылган. "Себеби, жазуулар мамлекеттик стандартка төп келбей калган" дейт шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев:

- Эреже боюнча жол белгилеринин жанына же анын тегерегине, артына кандайдыр бир жазуулар, көрсөтмөлөрдү орнотууга уруксат берилбейт. Ошонун негизинде "Бишкек асфальт сервис" ишканасына аларды алуу боюнча сунуш берилген. Бүгүн мэрия жана аталган ишкана кызматкерлери жазууларды алышты.

Садыбакасовдун демилгесин шаар бийлиги өзүмбилемдик деп баалап жатат. Ошондой эле активист мындай кадамы үчүн айып төлөп калышы мүмкүн экени айтылууда.

Атай Садыбакасовдун буга чейинки акциясы да шаар бийлигине жакпай калган. 2013-жылы да Жаш Гвардия бульварына Садыбакасов орноткон жыйырмадан ашык чырак кайра алынган эле. Анда Бишкек шаардык мэриясы коюуга уруксат кагаздары жок болгон деген жүйө келтиришкен.

Бирок ошол эле кезде, 2014-жылы Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынын лидери болуп турган Алмаз Кененбаев шаар көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуп, кала берсе анын алдында партиянын атын жаздырткан. Анда негедир шаар бийлиги же патрулдук милиция мамлекеттик стандарт бузулганын айткан эмес.

Алмаз Кененбаев менен байланышканыбызда жол белги орнотуу үчүн тиешелүү тармактардан уруксат алганын, тактадагы КСДП деген жазуу бат эле өчүрүлгөнүн билдирди.

Атай Садыбаксов - мурдагы президент Роза Отунбаеванын уулу.

Учурда бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан кез. Бири жарандык активисттин кадамын мактаса, экинчиси ээнбаштык катары сындап жатат. Алардын бири Эрнис Туратов мындай деди:

- Балким, өзүнө жасаганы жаккандыр, бирок чынында ал бул иши менен “мамлекеттин колунан келбейт, мен өзүм эле жасап коем" деп мактангандай болуп калды. Шаар бийлиги менен макулдашпаганы мамлекетти теңине албагандай болду. Экинчиден, жолчырак же ошол эле белгилер жеке адамга таандык эмес, мамлекеттин көзөмөлүндө. Ар бир жаран каалаганын кыла албайт. Эгер ал ушундай эле бир нерсе жасагысы келип, бирок өзүн пиар кылгысы келбегенде, мэриядан уруксат алмак. Албетте, ар бир белгинин өз стандарты болот.

Анткен менен борбордун көчөлөрүнө жол белгилер зарыл болуп турганын белгилеген жарандык активист Болот Ибрагимов Садыбакасовдун демилгесин колдойт.

- Ал бул кадамы менен мэрияга белги берип, “силер кылбайсыңарбы” дегиси келди. Жасаса болот экен го? Ал белгилер керек болчу. Менимче, ал муну жакшы ниет менен жасады. Эгер уруксат алам деп жүрсө, биздин мыйзамдар менен бир топ убакыт коротмок.

Айтор, жаңы коюлган белгилер алынып салынып, шаар бийлиги стандартка туура келгенин орнотобу же жокпу азырынча белгисиз. Ал эми Кыргызстанда жол белгилердин ар бир үчүнчүсүн алмаштыруу керектиги айтылып келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG