Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Өкмөт ГЭСтерге башка инвестор издейт


Жогорку Нарын ГЭСтер каскадындагы курулуштун башталышы (июнь 2013).
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадындагы курулуштун башталышы (июнь 2013).

Кыргызстандын парламенти Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча эл аралык келишимди денонсациялоо мыйзамын кароо алдында турат.

ГЭСтерди куруу тууралуу келишимди денонсациялоо мыйзамын өкмөт менен парламент чагылгандай тездик менен кароодо. Жыл башында өкмөт келишимден бир тараптуу чыкканын жарыяласа, Жогорку Кеңештеги бардык фракциялар менен тийиштүү комитеттер да аны карап бүтүштү. Алдыда парламенттин уруксаты гана калды.

Келишимди денонсациялоону өкмөт Орусиядагы финансылык каатчылык айынан Кыргызстандагы ГЭСтердин жакынкы жылдарда курулбастыгы менен түшүндүрүүдө. Бирок Кыргызстан башка өлкөлөрдөн инвестор таба аларынан күмөн санагандар да арбын.

Жаңы инвестор - жарым жылдан кийин

Өкмөт келишим денонсация болгондон кийин алты ай ичинде жаңы инвестор табарына ишеним артууда. Жаңы түзүлгөн Энергохолдингдин директору Айбек Калиев келишимди толугу менен денонсация кылганга чейин инвесторду чакыруу боюнча өкмөт иш жүргүзбөсүн айтты.

- Азыртадан инвестор издеп баштасак, этикетке туура келбей калат. Бирок инвесторго азыркы түзүлгөн инфраструктуранын негизинде ишти улап кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Орусия менен ГЭСтерди куруу келишимин денонсациялоо бул өкмөттүн акыркы айласы болуп калды. Себеби, Орусия келишимдин шарттарын аткара албасын айтып, аны өзгөртүүнү талап кылып жатат.

Ушул тапта кыргыз өкмөтү Москвага келишимден бир тараптуу чыгып жатканы тууралуу расмий маалымдай элек. Качан гана парламент үч окууда келишимден чыгууну жактырып, мыйзам күчүнө кирген соң, дипломатиялык каналдар аркылуу Орусияга нота жиберилмекчи. Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев денонсациянын жол- жобосун “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Денонсация күчүнө кириши үчүн дагы алты ай убакыт керек. Бул аралыкта биз Орусиянын "Интер РАО" жана "РусГидро" компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоорго канча каражат инвестиция кылышты, бул акчалардын негиздемеси, акцияларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча талкуулар жүрөт. Ушулардын бардыгын жайгарууга бизде жарым жыл убакыт бар.

727 млн. долларга бааланган Нарындагы ГЭСтерди “РусГидро” курууга уруксат алып, ушу маалга чейин 37 млн. доллар жумшаганга жетишкен. Денонсациядан кийин Кыргызстан бул каражатты түз же инвестор аркылуу кайра кайтарып берүүнү көздөөдө.

Биздин шартка инвестор көнөбү?

Анткен менен, азыркы шарттар менен ГЭСтерди курууга башка өлкөдөн инвесторлор келишине күмөн санагандар жок эмес. Орусия келишимди аткаруу мүмкүн эмес деп, аны кайрадан карап чыгууну сунуштаганы – бул инвестор үчүн пайдасыз долбоор экенинен кабар берип жатканын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков айтты:

- Биз инвесторго өзүнүн чыгымын тезирээк кайтарып алгандай шартты түзбөсөк, кайра эле убакыттан уттура беребиз. Керек болсо мыйзамдарга өзгөртүү киргизип электр энергиянын 70-80 пайызын чет өлкөгө экспорттоого укук беришибиз керек. Болбосо экономикага инвестиция кылам деген инвестор өз кызыкчылыгы эске алынбаса келбей турганын көрсөттү.

Өкмөт азырынча инвестор тууралуу ойлоно электигин айтканы менен, жаңы инвестор Кытай болуп калышы мүмкүн экенин эксперттер жокко чыгарышпайт. Анткени Кытай Кыргызстандагы бир катар ири долбоорлорду мөөнөтүнөн кечиктирбей куруп келатат. Ошондой эле араб өлкөлөрү жана Иранга да чакыруу берилиши толук мүмкүн.

Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыровдун оюнча, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди чакан инвесторлор курса болот. Ал эми Камбар-Ата-1ди курууга байланыштуу саясий да маселелер бар болгондуктан, ага ири өлкөлөрдүн колдоосу керек:

- Камбар-Ата-1 ГЭСи ири долбоор болгондуктан, майда инвесторлор келбейт. Азыр байкасак, электр энергиясынын баасы дүйнөдө көтөрүлүп жатат. Ошондуктан акчасы бар өлкөлөргө бул кызыктуу долбоор. Негизи 3 млрд. долларлык долбоорго Кытай сыяктуу мамлекеттер киришүүгө макул. Эң негизгиси, Камбар-Ата-1 курулуп калса, андан өндүрүлгөн энергияны сатып алуучу өлкөлөр табылмак.

Депутат Дастан Бекешев Орусия финансылык каатчылыктан ГЭСтерди кура албай калды дегенге ишенбей турат. Ал коңшу Өзбекстан менен долбоордогу саясый маселелер Орусияны ГЭСтерден баш тарттырды деген ойдо.

Бишкек менен Москва ГЭСтерди куруу тууралуу 2012-жылы эле макулдашкан. Ошондон бери Камбар-Ата-1 боюнча эч нерсе жасалган эмес, ал эми Жогорку Нарын каскадында үч жыл ичинде жети гана пайыздык жумуш аткарылган. Келишимге ылайык Орусия курула турган ГЭСтердин 50% түбөлүк ээлик кылса, Кыргызстан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергияны өздүк баа менен сатып алмак.

XS
SM
MD
LG