Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Москва: төрт баланын энеси кырсыкка кабылды


Гүлбарчын Дооранова
Гүлбарчын Дооранова

Эки апта мурда Москвада машине сүзүп, ооруканага оор абалда түшкөн кыргызстандык мигрант келиндин жакындары айыптуу адамды жоопко тартууга укуктук жардам сурап келишет.

Москвадагы Н.И. Пирогов атындагы 1-ооруканада оор абалда жаткан Гүлбарчын Дооранова - төрт баласы бар жалгыз бой мигрант эне. Анын Орусияда иштеп жүргөнүнө 12 жылдай болгон. Акыркы убакта Москвадагы кафелерде идиш-аяк жууп жүргөн.

27-ноябрда түнкү ондор чамасында Гүлбарчынды Вернадский көчөсүндө белгисиз айдоочу сүзүп кеткен. Эжеси Чынара Дооранова жакындары кийин гана билишкенин айтат.

- Вернадский метронун жанындагы жолдо өтүп бара жатса, Орусиянын жараны машине менен койдуруп, тебелетип кеткен. Ошол жерде токтоп жардам берген эмес. "Өлүп калды" деп ойлосо керек. Көчөдөгү адамдар "Тез жардам" чакырышкан. Дарыгерлер анан телефонундагы байланыштардан батирде чогуу жашагандарды таап кабар беришкен. Андан кийин Кыргызстандан туугандарыбыз учуп барышты. Үүч уул, бир кызы бар, жалгыз багат.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

41 жаштагы Гүлбарчын эки апта бою оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Келин эсине келгенин Москвадагы тууганы Эльбана билдирди.

- Эки жолу операция болду. Азыр эсине келди. Өпкөсү, жүрөгү кагылган, ээги, жамбашы жана кабыргалары сынган. Бел омурткасына дагы доо кеткен. Дарыгерлер "азыр эч нерсе айта албайбыз" дешти. Дагы бир топко ооруканада болот окшойт. Дарылануусу дагы канча созулары белгисиз. "Медициналык камсыздоосу бар болчу" дешет. Бирок жанындагы документтери жана буюмдары бизге бериле элек.

Дооранованын туугандары Москванын Юго-Запад районундагы полицияга арыз менен кайрылышкан. Алар полиция ишти карабай, көмүскө калтырат деп кооптонуп жатышат.

- Полицияга арызды эки күндөн кийин эле мен жазгам. Бирок, ишти карабай, эмне болуп жатканын айтпай, айдоочуну жашырып жатышпайбы. Анан адвокат жалдап бардык. Арызды караган инспектор авдокатка дагы көрсөтпөдү. Булардыкы ГАИден башталган, булар сүйлөшүп алышкан. "Силердин эжеңер газонду тебелеп, жолду туура эмес жерден өткөн" деп жатышпайбы. Анан Москвадагы Кыргызстандын ИИМнин өкүлчүлүгүнө барганбыз. Раим Салимов инспекторго чалып сүйлөшкөн. Кийин мен барсам, инспектор: "Алар ким? Колуңардан эч нерсе келбейт, муну мен чечем" деп мени кайра мазактап койду. Павлов В.В. деген айдоочу эч жакка качкан жок. Ошол жерде авдокаты менен жүрөт. Мен алардын сүйлөшүп жатышканын угуп калдым. Ишти жаап койбосо болду. Күбөлөр барбы, көчөдөгү видеокамераларга тартылганбы - эч нерсесин билбей жатабыз. Эжебиздин дарыланып, оңолуп кетишине жардам керек.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Дооранованын иши Москвадагы кыргыз элчилигинин көзөмөлүндө. Элчиликтин юристи Мирбек Токтошев Гүлбарчын Дооранова өзү көргөзмө бергенден кийин гана кылмыш иши ачыларын айтат.

- Биз социалдык тармактардан окуя тууралуу угуп, анан туугандары менен байланыштык. Буга чейин КРнын ИИМнин өкүлчүлүгүнө келишкен экен, бирок элчиликке арыз жазышкан эмес. Учурда Дооранованы караган дарыгерлер менен байланышып, абалын карап жатабыз. Жол коопсуздугу боюнча мамлекетик инспекциянын 5-батальону менен байланыштык. Аларда бул кырсык катталган. Эми мыйзам чегинде Дооранова полиция кызматкерлерине өзү көрсөтмө бергенден кийин гана иш кандай болору түшүнүктүү болот. Бул жерде ден соолугуна оор залака тийгени тууралуу медициналык документтер керек. Ошого жараша кылмыш иши козголот. Биз толугу менен ишти көзөмөлгө алдык. Керектүү документтерди алуу жана юридикалык кеңештер боюнча толук укуктук жардам көрсөтөбүз.

Дооранованын туугандары 27-ноябрда түнкү ондордо Москвадагы Вернадский көчөсүндөгү жол кырсыгына күбө болгондор болсо, полицияга көрсөтмө берүүнү өтүнөт. Байланыш телефондору: +7 926 521 02 36, +7 999 879 34 89.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG