Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Кыргызстандык мигранттар жол кырсыгына кабылды


Сүрөттөр Орусиянын ИИМдин Красноярск аймагы боюнча Башкы башкармалыгынын сайтынан алынды.
Сүрөттөр Орусиянын ИИМдин Красноярск аймагы боюнча Башкы башкармалыгынын сайтынан алынды.

18-майда таң эрте Кыргызстандын алты жараны Красноярск шаарында жол кырсыгынан набыт болду. Алардын үчөө - балдар.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы вице-консулу кабарлады. Каза тапкандар Жалал-Абад шаарынын тургундары экендиги, алар Кыргызстандан бара жатып кырсыкка учураганы айтылууда.

Мындан он күн мурда Орусияга жеңил машине менен сапар алган кыргызстандыктар Казакстандын аймагынан жол кырсыгына кабылып, 16 адам мерт болгон эле.

Кырсык тооруганда...

Жол кырсыгы Сибир федералдык округундагы Красноярск шаарына 50 чакырым жакын жерде орун алган. “Хонда торнео” үлгүсүндөгү жеңил машине менен бараткан кыргызстандыктар “Исудзу” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышып, баары каза тапкан.

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы вице-консулу Азиза Турдуеванын айтымында, каза тапкандардын үчөө балдар:

- 18-майда таңкы 8ден 10 мүнөт өткөндө “Хонда торнео” жана “Исудзу” үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, натыйжада алты адам мерт болуптур. Алар Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталды, үчөө бала экен. Унаанын айдоочусу Шерзод Талибаев 32де болчу. Ошондой эле 1974-жылы туулган Назибахон Базарбаева жана 1966-жылы туулган Махарамхан Нишанова болгон.

Каза тапкан жарандар кечээ жакында эле Кыргызстандан жөнөшкөн. Анткени Орусиянын тартип коргоо органдары берген маалыматта “Хонда” үлгүсүндөгү бул унаа 17-майда чек арадан өтүп, Орусиянын аймагына киргени катталган.

Ал эми үч наристе тең - каза тапкан Назибахон Базарбаеванын балдары. Бул адамдар Красноярск шаарында көп жылдан бери иштеп жүргөн болушу мүмкүн. Анткени Базарбаеванын үч баласы тең ушул шаарда төрөлгөн экен.

Вице-консул Азиза Турдуева бул адамдардын Красноярск шаарында жашаган туугандар табылганын, алар сөөктөрдү алып кетүүгө камынып жатканын билдирди.

- Бишкектен Красноярск шаарына келе жатышкан. 17-майда чек араны кесип өтүшкөн. Алардын кайсы жерден экендиги такталды. Бардыгы Жалал-Абад шаарынан экен. Каза тапкан бул адамдардын сөөгү азыр өлүкканада. Ал жерде бул адамдардын Красноярск шарында жашаган туугандары да жүрөт.

Машине менен кырсыктагандар көбөйдү

Алдын ала маалыматтарда “Хонданын” айдоочусу Шерзод Талибаев каршы тилкеге чыгып кетип, бет маңдай келе жаткан машинаны сүзгөн. Ал эми “Исудзу” маркасындагы машинаны айдоочусу Сергей Аникеев кырсыктан кийин жакынкы ооруканага жеткирилген.

Красноярск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Назира Батаева акыркы кездери машине менен Орусияга сапар тарткандардын саны көбөйгөнүн мындайча түшүндүрдү.

- Өздөрүнүн машиналары менен келип, анан машиналарын жеке менчиги катары бажы төлөмсүз арзан каттатабыз дегендер көп болуп жатат. Кыргызстанда машина арзан болуп жатпайбы. Ал жактан сатып алып, бул жакка мүлк катары алып келип жаткандар көп. Анан куру келбейли деп, жүргүнчү же тууган-уруктарын кошо ала келет. Же болбосо ал жактан машина алып келип, бул жакка сатып иштегендер да бар.

Мындан 10 күн илгери Орусияга бараткан кыргызстандыктар түшкөн унаа Казакстандын Караганда облусунан “Камаз” менен кагышып, анда 16 алты адам мерт болгон. Алардын баары Базар-Коргон районунун Чарбак айылынын тургундары болчу.

XS
SM
MD
LG