Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Москвада мигранттарды урган топ кармалды


Москва метросунда кыргызстандык мигранттарга кол салууга шектелген төртөө кармалды. Айрым маалымат каражаттары аларды скинхеддер деп жазышса, полиция футбол фанаттары деп билдирүү таратты.

Полициянын билдиришинче, Москва метросундагы вагондун ичиндеги окуя 18-апрелде кечинде болгон.

Ур-токмокко алгандар бүгүн кармалып, жанынан аңчылык бычагы, электрошокер табылды. Кылмышын мойнуна алышканын Москва шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Алексей Мишляев “Азаттыкка” билдирди:

- Жабыркагандардын экөө тең кыргыздар. Ыкчам иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аларды ур-токмокко алган деп шектелип, төртөө кармалган. Алгач 213-берененин 2-бөлүгү менен “адамдар тобунун бейбаштыгы” деген негизде кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө жашы жетелек болгондуктан мындан аркы иш Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди.

Ал эми жабырлануучулардын биринин бети-башы көгөрүп, биринин көзүнүн тегереги химиялык газга күйгөн. Полиция алар олуттуу жаракат албаганын билдиришти.

Бир топ орусиялык маалымат каражаттары полициядагы маалымат булагына таянып, скинхеддер мигранттарга улутчул негизде кол салганын, телефондорунан нацисттердей колун көтөрүп түшкөн сүрөттөрү да табылганын жазышкан. Бирок Мишляев муну четке кагып, аларды футбол фанаттары гана деп атап, кылмышка түрткөн себептер тергөөдө аныкталарын кошумчалады.

Кыргызстандын ички иштер министринин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев маалыматты тактап жатышкандыгын, метродогу ур-токмок боюнча аларга арыз түшпөгөнүн айтты.

- 2014-жылдан бери скинхеддер тууралуу бир дагы расмий маалымат жок. Мурда Питерде, Москвада 2010-11-жылдары күчөп кеткен экен. Аны менен катуу күрөшүп, андай топторду жоопко тартышкан. Азыр андай жок.

Москвада беш жылдан бери иштеген дарыгер Нурлис Токебаев да футбол оюндарынан соң фанаттардын бейбаштыгы болуп турарын, бирок кооптонууга негиз жоктугун белгиледи:

- Мурда скинхеддер апрель айында чыгып, топ-тобу менен жүрүшчү. Азыр андай дээрлик жок. Бул жерде эң агрессивдүү - “Спартактын” фанаттары. Улутчулдар да ошол фанаттардын катарына кирет. Футболдон чыккандан кийин алдынан чыккандарды опузалап, уруп коюшу мүмкүн. Ошентсе да мындай окуялар сейрек. Токмок жеп, же тынч жүрүш ар кимдин өз жүрүм-турушунан да көз каранды.

Ошентсе да мигранттарга ыдык көрсөткөн, кол көтөргөн окуялар кез-кезде катталып турат. Быйыл февралда мас киши эки кыргызстандыкты метродо бычактап, бири ошол жерден набыт болгон.

XS
SM
MD
LG