Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Мигранттар: бычактын мизиндеги жашоо


Өз укугун билбеген мигранттар аз эмес.
Өз укугун билбеген мигранттар аз эмес.

11-декабрда Манеж аянтында улутчул маанайдагы жаштар менен футбол күйөрмандарынын тополоңдон кийин Москвадагы мигранттардын коопсуздугу кыл учунда тургандай.

12-декабрда улутчул маанайдагы топтун кол салуусунан кыргызстандык жаран Алишер Шамшиев мерт болду.

Учурда Москвада кавказдыктар, ортоазиялыктар, кытай, жапон, вьетнам, африкалык, ал тургай каратору өңдүүлөр да көчөдө кылчактап жүрүп калды.

Айрым маалыматтарга ылайык, мигранттарга кол салуулар уланууда. 16-декабрда шаардын түштүк-батышында белгисиз бирөөлөр Өзбекстандын жараны Дамир Каршиевди бычактап, дагы бир кыргызстандык жаранды жана вьетнамдык атуулду оор жарадар кылып кеткен.

Москва шаарында почта түйүнүндө иштеген Акматбек Асанов мигранттардын абалы тууралуу “Азаттыкка” чакан маек курду.

- Кийинки күндөрү орун алган окуялардан улам силерге кысым көрсөтүү же коркунучтуу жагдайлар жаралып атабы?

Акматбек Асанов: Манежде болгон тополоңдон кийин Маяковский бекетинин жанында эки кыргыз баланы уруп кетишиптир. Аны мени менен чогуу жашаган балдар көрүптүр. Ошол эле Маяковский бекетинде эки кыргыз кыз бир бала менен метродон чыгып келатса отуздай орус балдар курчап алып, кыздарга тийбей, бирок жанындагы кыргыз баланы бөлүп кармап калышкан.

- Ал жигит кутулуптурбу?

Акматбек Асанов: Бир аз мазакташыптыр, токмоктошуптур. Мындайлар көп эле болуп атат. Угуп эле атабыз. Тааныштар менен телефон аркылуу билип атабыз.

- Өзүң кандай жүрөсүң? Кат ташыганда кол салуулар болбойбу?

Акматбек Асанов: Мен тынч элемин. Иштеген жерим борбордо. Тверск администрациясы алдында кат, гезит ташыйм.

- Сенин жеке баамыңда, 11-декабрдан кийин кырдаал кандай жагына ооду?

Акматбек Асанов: Ошол күнү метронун ичинде болгон окуяны көргөн чыгарсыз. Мурдагыга караганда азыр оор болуп калды. Азиядан жана Кавказдан чыккандарга кыйын эле болуп калды. 16-декабрда Киев вокзалынын алдында да кыйын учур болду. Кийинки күндөрү ресторанда, дүкөндөрдө түнүчүндө иштеген кыргыздар эрте иштен суранып кетип атышат. Үйлөрүнө такси чакырып жетип алышууда. Метрого отургандан да коркуп калышты. Бир таанышым азыр метро менен жүргөн ортоазиялык, кавказдыктар азайганын айтты.

- Сиздин болжолдо абал мындан да ары күчөйбү же оңолобу? Бийликтин аракеттери сизди канааттандырабы?

Акматбек Асанов: Саясатчылар бул тополоң акыры болмок деп айтышууда. Мен 8 жылдан бери Москвада иштеп жатам. Акыркы эки жыл ичинде мигранттар көбөйүп кетти. Тажик, өзбек, кыргыздардын арасында арак ичүү, кыз зордуктоо, уурулук жасоо бар.

Санкт-Петербургда кырдаал тынч

Улутчул маанайдагы жаштар Санкт-Петербургда да көчөгө чыккан. Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы консулу Таалайбек Абдиев “Азаттыкка” курган мегинде мигранттардын коопсуздугуна токтолду.

Таалайбек Абдиев: Санкт-Петербуг тынч. Кыргызстандык туугандарыбыз тынч. Биз кошумча иш-чараларды көрүп, аларга түшүндүрүп жатабыз. “Этият болгула, чагымга ишенбегиле, жалгыздан жүрбөгүлө, бир несе болсо дароо билдиргиле” деп айтып атабыз.

- Ордо шаарда улутчул жаштар Манежде чаң салганда силер турган шаарда көчөгө чыккандар болдубу?

Таалайбек Абдиев: Болду, бирок ал жерде кавказдыктар менен орустар чыккан. Анын кыргыз, өзбек, тажик туугандарга эч кандай тиешеси жок.

- Санкт-Петербургда канча кыргызстандык мигрант иштейт?

Таалайбек Абдиев: Акыркы жолу тактоо болгондо, Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча 15 миң кыргызстандык мигрант болгону айтылган.

16-декабрда кыргызстандык мигрант Алишер Шамшиевди өлтүргөн деген шек менен 14 жаштагы бала кармалды.

“Сова” маалымат борбору 17-декабрда А.Шамшиевге кол салган деген шек менен Орусия иликтөө комитети ФСБ менен бирдикте беш баланы кармаганын, анын бири 8-класстын, экинчиси 11-класстын окуучусу болгонун, экөө МАМИ МГТУнун студенти жана 23 жаштагы ишсиз киши экенин кабарлады.
XS
SM
MD
LG