Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Сак бол, мигрант!


Москвада 15-декабрда радикалдык маанайдагы жаштар кыймылдарынын акцияга чыгаары тууралуу маалымат тараган. Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомунун жетекчиси Абдыганы Шакиров “Азаттыкка” курган маегинде кыргыз жарандарын сак болууга чакырды.

“Азаттык”: Өткөн ишембиде Москвада болгон тополоңдон кийин мигранттар үчүн кооптуу кырдаал жаралып калганы айтылууда. Ошол окуялардан кийин сиздерге кайрылгандар болдубу?

Абдыганы Шакиров: Ошол аянттагы тополоңдон кийин көчөдө иштеген жумуш жайынан токмок жеген биздин жарандар болду. Бул факт.

“Азаттык”: Канча киши токмок жеген экен?

Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Абдыганы Шакиров: Алардын толук санын айтууга мүмкүнчүлүк жок. Бизге төрт бала чалды. Бирок алар ооруканага баруудан баш тартышкан.

“Азаттык”: Эмне үчүн медициналык жардамдан баш тартышты же алган жараттары жеңил бекен?

Абдыганы Шакиров: Эми алар бул жакка иштейбиз, акча табабыз деп келишкен да. Алар ошого көбүрөөк маани берип, майда-чүйдө жаратка анчейин көңүл бурушкан жок окшойт.

“Азаттык”: Аларга кимдер, кайсы учурда кол салган?

Абдыганы Шакиров: "Толпа" деген нерсе бар да беш миң, он миң деген. Балдар ошолордун алдынан кокусунан чыгып калган. Менин оюмча бул фанаттардын колунан келген иш эмес. Алардын арасында ошол фанаттарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонолу деген улутчул радикалдык маанайдагы уюмдар бар болчу деп ойлойм. Муну Орусиядагы атайын органдар да айта башташты.

Тополоңго айланган нааразылык акциясы, 11-декабрь, 2010-жыл
“Азаттык”:
Жабыркаган балдар кайда иштешет экен? Алар токмоктолгону боюнча арыз менен тартип коргоо органдарына эмнеге кайрыла алышкан жок?

Абдыганы Шакиров: Бул балдардын экөө көчө шыпырып иштейт экен. Бул суроого жооп берүү мага өтө оор. Бул жердеги кыргыз жарандарынын укуктары кандай абалда экени белгилүү да.

“Азаттык”: Бирок Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ушундай учурда мигранттарга кандай жардам берип жатат? Өз жарандарына кам көрүү аракети кандай болуп жатат?

Абдыганы Шакиров: Биздин элчилик жөнүндө сөз өзгөчө болушу керек. Канча жылдан бери биз ушул консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин санын көбөйткүлө деп кайрылып келе жатабыз. Мисалы ушул күндө элчиликте болгону эки юрист иштейт. Ал эми Москванын тегерегинде жашаган биздин мигранттардын саны 150 миңден 200 миңге чейин жетет. Бул деген Кыргызстандагы бир чоң облустун калкынын саны. Ошондо бир юрист бирөөнө, экинчиси дагы бирине кетсе, үчүнчү, төртүнчүсү бар дегендей. Негизи аз алардын аракетичи. Мигранттардын укугун коргоп, сиз айткандай арызын жаздырчу киши жок. Арыз менен кайда кайрыларын билбеген жаштар көп да.

Маалыматтык колдоо

“Азаттык”: Мына азыр “эшикке чыкпагыла, алыска барбагыла, кооптуу кырдаал түзүлүп жатат” деп айтып жатасыздар. Мындай шартта кыргыз мигранттары кантип иштеп, жумушка барып келип жатышат?

Абдыганы Шакиров: Эми мындай чакыруулар бүгүнкү күнгө карата болуп жатат. 15-декабрда эки тараптан тең, такырбаштардан жана өзгөчө кавказ улутундагылар митингге чыгаары интернетте жарыяланган. Ушул күндөрү биздин колдон келген байланышыбыз – бул телефондор. Ошол аркылуу чалып, сак болууга, этият болууга чакырып жатабыз. Бул митингге чакырууларды чоң провакациялык аракеттер деп эсептейм. Биздин жаштар андайларга чыкпаш керек.

Москва, 11-декабрь, 2010-жыл
“Азаттык”: Бүгүн кандай маалыматтар бар, чын эле акцияга чогулуп жатышабы?

Абдыганы Шакиров: Чыкты деген маалымат түшө элек. Бирок бул маалыматты билген тартип коргоо органдары коопсуздукту сактоо үчүн алдын ала аракеттерди көрүп жатышат.

“Азаттык”: Анда мигранттар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн өздөрү гана жооптуу экен да?

Абдыганы Шакиров: Ооба, өзү менен өзү болуп жатат. Көпчүлүгүнө чалганыбыздын себеби – кээ бир жарандарыбыз окуя жөнүндө маалыматы жок, укпай калган жердештерибиз ошондой кооптуу жерлерге кокусунан барып калбасын деген аракет. Москва чоң шаар да. Албетте ушундай күндөрү ар бир мигранттын коопсуздугу өзүндө калып жатат. Биз азыр Москва шаардык ички иштер башкармалыгына кат жолдоп жатабыз коопсуздугубуз үчүн. Бирок аларга биз көчө шыпырган ар бир жаранга бирден милиция бергиле дебейбиз да. Ошондуктан ар бир мигрант өзүнө ишениш керек болуп жатат. Караңгыда жалгыз калбагыла, эл көп жерге барбагыла деп жатабыз. Мындан башка айла жок.

Милициянын аракети, мигранттардын тилеги

“Азаттык”: Тартип коргоо органдарынын мигранттардын коопсуздугун сактоо боюнча аракетин сезип жатасыздарбы?

Абдыганы Шакиров: Албетте. Милиция кызматкерлери кечээтен бери радикалдык маанайдагы жаштардын кагылышууларын алдын алуу боюнча иш-чараларды жасап жатышат. Угуп-көрүп жатабыз. Бүгүн өзүнүн отряддарын чыгарып, Киев вокзалынын айланасында коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат.

“Азаттык”: Коркуп, жумушка чыга албай калган мигранттардын абалы кандай болот? Жумуштан четтетилип калбайбы?

Абдыганы Шакиров: Бул маселени ар ким өз алдынча чечип жатат. Бүгүн эң кооптуу күн болуп жаткандыктан эртелеп жумуш берүүчүлөр менен макулдашып алгыда дегенбиз. Эми жумуш берүүчүлөр деле абалды түшүнөт деп үмүттөнөбүз. Бул жактагы абалды баары эле көрүп, билип жатышат. Азыр эгер Кыргызстанда жакшы жумуш орундары болсо, бул жакка келбейт элем дегендер мигранттардын 99 пайызын түзөт болуш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG