Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Ооганстандагы кырдаал ЖККУнун көз кырында


ЖККУнун Бишкектеги жыйыны, 27-май, 2013
ЖККУнун Бишкектеги жыйыны, 27-май, 2013

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин жыйыны өтүүдө.

27-майда саммит алкагында өткөн Коргоо, Тышкы иштер министрлеринин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйындары өтүп, эл аралык терроризмге, экстремизмге жана чек ара аймактарындагы кылмыштарга каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Алардан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Ооганстан, Иран, Сирия маселелерине байланышкан билдирүүлөр менен да чыкты.

Коопсуздук кеңештеринде эмне сөз?

Дүйшөмбү күнү Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коргоо жана Тышкы иштер министрлеринин, ошондой эле коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары өз-өзүнчө болуп өттү. Андан соң алар биргелешкен жыйынга чогулуп, акырында билдирүү жасашты.

Маселен, Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитет жыйынында Ооганстандагы кырдаал, уюмга мүчө мамлекеттердин чек аралаш аймактарындагы кылмыштуулук, маалымат коопсуздугу, кибер кылмыштуулук жана мыйзамсыз маңзат ташуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев Жамааттык коопсуздук келишим уюму 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун аскерлери чыгарылгангандан кийинки кырдаалга даяр болушу керек дейт.

- Тажрыйба көрсөткөндөй, Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыккандан кийин да бул өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болушу кыйын. Ал үчүн биргелешкен аракет зарыл. Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылгандан кийин болуучу коркунучтар өтө олуттуу. Булар терроризм, диний экстремизм жана башка коркунучтар. Алар ЖККУга мүчө мамлекеттердин тез чечим кабыл алуусун шарттап жатат. Биз коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылгандан кийинки боло турган окуялардын түрлөрүн майда-баратына чейин анализдедик.


ЖККУ Иран, Сирия боюнча да үн катты

Ал эми уюмга мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлеринин жыйынында уюмдун жалпы курал-жарагы жана аскердик техникасынын тизмеси талкууланды. Мындан тышкары, биргелешкен иш-чараларды аткарууда кандай жана канча курал-жарак керектелет, аларды тейлөө, кара май менен камсыз кылуунун бирдиктүү эрежелери каралган.

ЖККУнун тышкы иштер министрлери болсо, уюмдун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерден тышкары, Ооганстан, Иран, Сирия, дүйнөдөгү өзөктүк курал маселелери боюнча биргелешкен билдирүү менен чыкты. Маселен, анда бир мамлекеттин же мамлекеттер тобунун ракетадан коргонуу (ПРО) системасын башка мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыгын эске албастан туруп орнотуусу эл аралык жана аймактык коопсуздукка зыян алып келери айтылат.

Ошондой эле Ирандын өзөктүк курал маселесин аскерий аракеттер менен чечүүгө болбосун, бул мамлекетке киргизилген санкциялар тескери натыйжа берери белгиленет. Жогорудагылардан тышкары, Сирия боюнча да сөз болду. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн билдиришинче, бул мамлекеттеги кризис Сирия мамлекетинин өз эгемендигин сактоо менен катар сириялыктардын өздөрү тарабынан чечилиши зарыл.

Көрүнүп тургандай, бул маселелер Орусиянын жеке позициясы менен дал келип турганын байкоо кыйын эмес. Бул өз кезегинде батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгына карама-каршы. Ошондон уламбы айрым байкоочулар ЖККУ Орусия үстөмдүк кылган уюм экенин белгилешет.

Он документке кол коюлду

Ал эми биргелешкен отурумдардан соң Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа журналисттерге маалымат берди. Анда Эрлан Абдылдаев уюмдун алкагында уставдык 10 документке кол коюлганын белгиледи.

Уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа өз сөзүндө ЖККУну күчтөндүрүү боюнча буга чейин кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу талкууланганын айтты:

- Биз аскерий багытты өнүктүрүү жана 2012-жылдын декабрында президенттер тарабынан ЖККУнун күч потенциалын бекемдөө боюнча кабыл алган чечимдерди талкууладык. 2012-жылы декабрда ЖККУнун биргелешкен жамааттык аскерлерин түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Ошондой эле биз мамлекеттер кабылып жаткан коркунучтарды төмөндөтүү боюнча так маселелерди карадык. Булар экстремизм, мыйзамсыз маңзаттарын ташуу, маалымат коопсуздугу.

Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынында болсо, уюмга мүчө мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын кадамдары, маалымат коопсуздугу, кибер кылмыштуулук боюнча жоопкерчиликтүү адамдар сөз сүйлөштү.

ЖККУга Кыргызстандан тышкары, Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Тажикстан мүчө. Эртең, шейшемби күнү аталган уюмдун мамлекет башчылары бейформал жолугушат. Анда да коопсуздук негизги маселе болмокчу.

Алдын ала кабарлангандай, Беларус президенти Александр Лукашенко менен Армения президенти Серж Саргсян Бишкек саммитине келбей турган болду. Өзбекстан өткөн жылы уюмдан чыгып кеткен. Кыргызстан быйыл ЖККУга төрагалык кылууда.

XS
SM
MD
LG