Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Балатыга баргандарды ис урду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Кегети айылында жаңы жылдык балатыга барган мектеп окуучуларынын иске ууланышын Билим жана илим министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштире баштады.

Кегети айылынын тургуну Максат Ормушеванын кызы 7-класста окуйт. 27-декабрда ал классташтары менен мектептеги балатыга барып келгенден кийин ооруканага жеткирилген:

- Мен жумушта болчумун. Ошол күнү электр жок болгондуктан үйгө эрте баргам. Кызым келип калыптыр. Келип эле өңү бопбоз болуп жыгылып калды. Куса баштаганынан дароо ооруканага алып бардык.

Бул күнү түшкө маал Кегети айылынын мектебинде 5-6-7-8-класстардын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулган.

Кечинде Токмоктогу Чүй райондук ооруканасына 106 окуучу жана төрт мугалим кайрылган. Алардын 38и жалпы палаталарга, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Акыркы үчөө 28-декабрда жалпы палатага которулуп, калгандары ооруканадан чыкканын башкы дарыгер Нурбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, реанимацияга абалы орточо оор болуп түшкөн бейтаптар азыр өзүн салыштырмалуу канааттандырарлык сезип жатат, алардын баарына "иске уулануу" диагнозу коюлган:

- Реанимациядан чыгышты. Бүгүн палатага котордук. Бирөө балдар бөлүмүндө, экөө неврологияда. Эртеңкиге чейин байкап турабыз, жакшы болсо, балким, чыгарабыз.

Окуянын чоо-жайын азыр милиция териштирип жатат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Назира Имангазиеванын айтымында, азырынча окуянын себеби жана күнөөлүүлөр аныктала элек.

- Болжол менен саат 16:55 чамасында Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө "Кегети айылындагы окуучулар ууланды" деген билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Азыр териштирүү жүрүп жатат. Жыйынтыгы боюнча дагы жооп беребиз.

Эрежени сактабай колдонсо өрт чыгаруучу жабдыктардын катарына кирген генераторду имараттын ичине алып кирүүгө ким уруксат бергени азырынча тактала элек. Бирок "ис уруп ооруканага түшкөндөрдүн арасында төрт мугалим бар" деген маалымат "Алар эмне үчүн коопсуздук эрежеси мындай одоно бузулганын көрүп туруп чара көргөн эмес?" деген суроону пайда кылууда.

Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Жунушалиев муну билбестиктен чыккан окуя деп эсептейт:

- Мектептин залында балаты уюштурушкан. Район боюнча жарык өчүп калганына байланыштуу генератор алып келип, залдын ичине коюп коюшкан. Балаты бүткөнчө генератордон ис чыгып, балдардын башы айланып, көздөрү ачышып, бир-эки бала жыгылып калган. Ооруканага алып келдик. Мектептин директору жүрөгү ооруп ооруканада жатат. Сыркоолоп турган адам менен түзмө-түз байланыша алган жокпуз. Алар ис чыгарын билишкен эмес го. Билбестиктен болуп кетти окшойт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бейшемби күнү Кегетиге билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева барып, жагдай менен таанышты. Министрлик "балдар мектептин ичинде кооптуу абалда калышына жол берген кызматкерлердин ишин атайын комиссия териштирет" деген тыянакка келди.

Министрликтин Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев буларды айтты:

- Министрликте бул боюнча комиссия түзүлдү. Мунун себеби териштирилет. Жаңы жылдык балаты өткөрүүнүн коопсуздугу боюнча буйруктар чыккан, бардык инструкциялар өткөн. Комиссия баарын карап чыгып, жоопкерчиликке тартыла турган адамдарга карата сөзсүз чара көрүлөт.

Кегети айылы Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. 27-декабрда Кыргызстандын аймагында кар калың жаап, көптөгөн айылдар менен шаарларда электр жарыгы эртеден кечке чейин жок болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG