Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:13

Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу маалымат 6-апрелде өкмөттүн сайтында жарыяланды. Абдыганы Эркебаев өзү кызматтан кетүү чечимине келгенин 31-мартта Академиянын жыйынында жарыялаган эле.

Эркебаев ал жыйында илимий чөйрөнү дагы имиштер, ушактар аралап, анда дагы жеке кызыкчылыктардын кармашы күчөгөнүн билдирген. Ал Улуттук илимдер академиясын сактап калуу аракеттери айрым илимпоздордун айынан тоскоолдукка учураганын айтып, мындай жагдайда өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын айткан эле. Анткен менен илимпоздордун көпчүлүгү Абдыганы Эркебаевди кызматтан кетүүгө арыз жазууга шашпоого чакырып, Илимдер академиясынын кызыкчылыгын аягына чейин коргоо маселесин да айтып көрүштү.

Кызматты тапшыруу кырдаалдан чыгуунун жолубу?

Улуттук илимдер академиясынын 31-марттагы жылдык жалпы жыйыны курч талкуу жана өз ара кайым айтышуу менен коштолду. Анда Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясы реформанын алкагында жоюлуп кетүү алдында турганда жамаат бир муштумга биригүүнүн ордуна бир нече топко бөлүнүп, ушак, эки жүздүүлүк, ички маалыматтарды сыртка ташуу өңдүү терс көрүнүштөр күчөгөнүн билдирди. Ал оор кырдаалды чечүүнүн үч жолун сунуштады. Анын биринчиси - басымга чыдап, күрөштү улантуу болсо, экинчиси – аны менен келишип, соодалашууга баруу, үчүнчүсү болсо - кызматтан кетүү аргасы экенин айтты. Абдыганы Эркебаев ойлонуп отуруп, акыры үчүнчү жолду тандаганын белгиледи:

- Өзүңүздөр байкагандай, мөөнөтүм бүтүшүнө дагы бир жыл бар экенине карабастан мен мына ошол үчүнчү жолду тандадым. Мен жакшы бир жөрөлгө калтыргым келет. Эми башкалар иштесин. Башкалар иштегенге да мүмкүнчүлүк берүү керек. Бул тууралуу мен өкмөт башчысы жана президенттик аппараттын жетекчиси менен сүйлөштүм. Мен беш жыл иштедим. Бул жетиштүү убакыт деп ойлойм. Колумдан келишинче иштеп бердим. Ошондуктан илимдер академиясынын мүчөлөрү жана Жогорку жыйын менин өтүнүчүмдү канааттандырып, бул маселени биздин жобого ылайык күн тартибине киргизип берүүңүздөрдү суранам. Анткени кээде айрымдарды бир жактарга чакырып, арыз жаздырууга мажбурлаган учурлар да болот. Мындай нерсе туура эмес. Биз укуктук жол менен кетишибиз зарыл.

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

31-мартта болгон Илимдер академиясындагы жыйын мекеменин абалы тууралуу көп жагдайды ашкере кылды. Жылдык жыйын курч пикирлер менен коштолуп, айрым кызматкерлер жамаат ичинде башка татыктуу жетекчилер бар экенин айтса, ошол эле учурда илимпоздор арасында Абдыганы Эркебаевди президенттик кызматта калуусун талап кылгандар болду. Эркебаев бул кырдаалга Илимдер академиясын башкарууну өзгөртүүнү көздөгөн күчтөрдүн кийлигишүүсү таасир этип жатканын айтты. Анын белгилешинче, 2005-жылдан бери Илимдер академиясын өзүн-өзү каржылоого өткөзүү, коомдук уюмга айлантуу менен илимий институттарды башка жогорку окуу жайларына берүү демилгеси болуп келген. Мына ошентип, азыркы учурда ансыз дагы алдан тайып турган Улуттук илимдер академиясын жоюп салуу демилгеси көтөрүлүп келгени мисалга алынды. Академик Абдыганы Эркебаев Илимдер академиясын мамлекеттин карамагында алып калуу үчүн айыгышкан күрөш жүргөнүн белгиледи:

- Эсиңиздерде болсо керек. Мен буга чечкиндүү түрдө каршы болгомун. Мына ошондон бери ар кайсы деңгээлде саясий, илимий-уюштуруучулук багыттарда көптөн бери чыңалган күрөш жүрүп отурду. Президенттин аппаратында, өкмөттө, Жогорку Кеңеште, Билим берүү жана илим министрлигинде, биздин академиянын өзүндө ар түрдүү мүнөздөгү бир топ чечимдер кабыл алынды. Бул боюнча эки ирет парламенттик угуу болду. Өкмөттүк жана парламенттик комиссиялар түзүлүп, иш алып барды. Биз өзүбүз Илимдер академиясынын мындан аркы тагдырына жана аны реформалоого байланыштуу ондон ашуун кеңейтилген жыйындарды өткөрдүк. Илимдер академиясын сактап калуу үчүн радикалдык сунуштардан тарта либералдык чечимдерге чейин кабыл алдык.

Абдыганы Эркебаевдин кызматтан кетиши илимдер академиясын реформалоо шылтоосу менен аны жоюуну көздөгөн тараптын чырагына май тамыза турганы да жыйында айтылды. Академик Асылбек Айдаралиев илимпоз кесиптештерин мындай агымга каршы турууга үндөдү:

- Өкмөт баш болгон жанагы мекемелер илимий институттарды кыскартууну сунуштап жатышыптыр. Бирок алар бул маселенин саясий кесепеттери кандай болорун түшүнө алышабы? Мына ошондон илимий менеджмент жакшырып кетеби? Илим өнүгүп кетеби? Жок, ишене албайм. Кыскартууларды сунуштап, Илимдер академиясына чабуул жасагандан мурун мына ошолордун бардыгын ойлонуш керек эле. Илимдер академиясы өлкөнүн өзөгүн чагылдырып турат. Караңыздарчы, Түркмөнстанда Илимдер академиясын жоюп салышканда эмне болгонун? Ал өлкөнү сыйлабай калышкан. Биз каякка баратабыз?

Илгери жылбаган илим тармагы

Ошол эле кезде Абдыганы Эркебаевдин буга чейинки жетекчилик ишмердигин сынга алгандар болду. Айрыкча илимий-изилдөө иштерин заманбап ыкма менен уюштуруу, илим менен эл чарбасынын ортосундагы байланышты чыңдоо жана илимий ойлоп табууларды иш жүзүндө натыйжалуу пайдалануудагы өксүктөрдү жетекчинин ишиндеги негизги кемчиликтер катары белгилеп, анын дарегине бир топ ачуу сын-пикирлер айтылды. Өзгөчө, 2016-жылы 11-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чечимдин негизинде илимий институттарды бири-бирине кошуп, ирилештирүү иши күтүлгөн жыйынтык берген жок дегендер болду.

Академик Дүйшөн Маматканов илим тармагын өнүктүрүү иши ийгиликсиз болгонун айтып, буга илимдер академиясынын жетекчисин күнөөлөдү:

- Колунан эч нерсе келбей, айласы кеткенде институттарды бири-бирине бириктирип кирди. Бири-бирине кошулбай турган институттарды кошту. Анан мына ушундай оор абалда калып, айласы кеткен мына ошол институттарда иштеген адамдар өкмөткө, парламентке, президенттик аппаратка чейин жаза башташты. Анткени академиянын президиуму аларды укпай койгон. Бизге болсо Жалал-Абаддагы бир институтту кошуптур. Анда 31 адам канча жылдан бери маяна алып иштейт экен. Бирок кылган бир иши жок, илим жок. Бир кичи ГЭС жасаптыр. Ал эми илим эмес да. Ал деген “шабашка” да. Анын үстүнөн акча алды да. Бишкектеги физика институтунда бир бүтүн лаборатория бар экен. Маяна алышат экен. Кылган иши жок экен. Илим жок экен. Алар дагы бир кичи ГЭС коюшуптур. Бул дагы “шабашка”. Анан ошентип отурсак кантип академия оңолот? Бул жерде маселе кимде? Демек, жетекчиде да. Мисалы, биздин эле институтта бир дагы маселе чечилген жок. Бардыгын кайра тескерисинче чечтиңиз. Канча маселе көтөрөбүз. Бири дагы чечилген жок. Анан эми сиз кетсеңиз жонумдан оор жүктү алып койгондой эле болот. Академияны мына ушундай абалга алып келбей, эртерээк эле кетишиңиз керек болчу.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү профессор Мустафа Кидибаев Илимдер академиясындагы калган жетекчилерди дагы Эркебаевден үлгү алууга чакырууда:

- Кээ бир институттардын жетекчилери айрым академиктер 7-8 жылдан бери кызматтык жасалмалуулук аркылуу төрага болуп жүрсө унчукпай карап отурушат. Мына ошол чырды баса албай келдик. Анан биз институтту сыйлап, жасалмалуулук болгонун эле жаздык. Ошондуктан сиздер дагы Абдыганы Эркебаевичтен үлгү алсаңыздар. Бул иш эми ар кимдин абийиринде. Анан эми жалпы академияда мындан ары ушу ишти алып баралбай калса, Абдыганы Эркебаевичке окшоп жигитчилик - кылып кетүү ар бирибиздин парызыбыз болушу керек деп эсептейм.

Унутулуп бараткан улуттун "акыл-эси”

Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор Кулубек Бөкөнбаев илимий интеллигенцияга улуттун акыл-эси экенин унутпоого үндөдү Эркебаев өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу пикирин айткан жыйында:

- Абдыганы Эркебаевич, сиз бийликтин таасири же ишарасы астында арызыңызды жаздыңызбы же жокпу билбейм. Мен азыр бийликтин жогорку эшелонунда көшөгө артында кандай күрөш жүрүп жатканын да билбейм. Бирок эмнеге азыр интеллигенция бадалдын түбүндө отурат? Тилекке каршы, чыныгы интеллигенттердин катары суюлуп баратат. Эгерде чын эле илимпоз деген улуттун акыл-эси, абийири жана ар-намысы болсо, анда эмнеге болуп жаткан нерселерге биз баш көтөрбөй макул болушубуз керек? Сиздин арыз жазганыңыз бул - жигитчилик эмес. Жигитчилик деген - сиз айткандай, күрөшүү жана багынбоо. Канча жылдан бери күрөшүп келе жатасыз. Анан эми колуңузду көтөрүп бересизби...?

Каржылоодон карайлаган илим

Мындан сырткары жыйында илимдеги жаңы ойлоп табууларды иш жүзүндө пайдалануу ишин жолго коюу үчүн мамлекеттик саясаттын жана жетиштүү колдоонун жоктугу тууралуу маселе көтөрүлдү. Буга чейин Илимдер академиясынын түзүмү кыскартылып, 25 илимий институттун он жетиси калып, алар бири-бирине кошулган. 2015-жылы академияны сактап калуу максатында андагы кызматкерлердин кырк пайызга чукулу кыскартылган. Бирок андагы маянанын өлчөмү өтө эле аз бойдон кала берген. Азыркы учурда Кыргызстанда илимди мамлекеттик каржылоонун көлөмү ички дүң өнүмдүн 0,8 пайызын түзөт. Ошол эле кезде КМШ өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 3 пайыздан жогору экени белгиленди. Улуттук илимдер академиясынын илимий катчысы Чолпонкул Арабаев мындай шартта илим тармагынан чоң ийгиликтерди күтүү туура эмес экенин айтып, баяндама жасады:

- Кыргызстанда илим тармагы көп жылдардан бери жакшы каржыланбаган тармак бойдон калууда. Бүгүн биз дүйнөлүк илимден артта калганыбыз айгине болуп турган чакта Улуттук илимдер академиясы эптеп аман калуу стратегиясынан аны өнүктүрүү стратегиясына өтүшү керек болуп турат. Бул үчүн өкмөт илим тармагындагы конкреттүү ишмердикке жумшалчу чыгымдарга жок дегенде ички дүң өнүмдүн бир пайызын, болбосо эки жарым же үч пайызга чейин каражат көбөйтүшү кажет. Ошондо өнүккөн өлкөлөрдүн илим изилдөө тармагына жумшалган чыгымдардын деңгээлине жетүүгө шарт түзүлөт.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

Мыйзам долбоору иштелип чыкты

Ошол эле кезде илимпоздорду “Улуттук илимдер академиясы тууралуу” жаңыдан иштелип чыккан мыйзам долбоору өзгөчө түйшөлтүүдө. Башкарууну өзгөртүүнү караган мына ошол укуктук ченем күчүнө кирсе, мүчө-корреспонденттер Илимдер академиясын жетектөөгө укук берилет. Буга чейинки мыйзам боюнча академик даражасы бар гана илимпоздор академиянын президенттигине шайлана алышкан. Ошондой эле жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук илимдер академиясы атайын түзүлө турган илим фонду тарабынан каржылана баштайт. Жогорку Кеңештин илим, билим жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова учурда парламент бул мыйзам долбоорун кароонун астында экенин айтты:

- Бул мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Эми парламенттин жалпы жыйынынын кароосуна коюлат. Эми пикир келишпестиктер болуп жатат. Ал жагдайлар Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыкканда дагы талкууланат да. Комитетте карап жатканда кээ бирлери колдогон ошондой чечимдер болду. Бирок анын бардыгы чоң талкууга чыккандан кийин белгилүү болот. Бул жерде эң негизгиси Илимдер академиясын башкарууда өзгөрүүлөр киргизилип жатат. Бул мыйзам долбоору добушка коюлгандан кийин гана анын өтүп-өтпөшү белгилүү болот.

Абдыганы Эркебаевдин Улуттук илимдер академиясынын башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арызы кабыл алынганы 6-апрелде өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Эркебаев 2012-жылы Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарууга келип, кийин академиянын Окумуштуулар кеңеши аны президенттикке шайлаган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG