Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 07:08

Илимдер академиясында акыркы беш жыл аралыгында ойлонуп табылган илимий иштердин көргөзмөсү өттү.

Алардын ичинде Кыргызстандын шартына ылайык, агрардык жана технологиялык жаңы табылгалар бар. Бирок окумуштуулар көргөзмөгө коюлган илимий иштердин дээрлик бардыгы өндүрүшкө кириши кыйын экенин айтышат.

Академиянын Жаратылыш байлыктары институтунун кызматкери Тойгонбай Абдыкадыров "Азаттык" үналгысына өздөрү көргөзмөгө койгон негизги табылгалар тууралуу сөз кылды:

- Бул - брикет. Үй жылытуу үчүн колдонсо болот. Көмүрдү жаккандан кийин анын майдасы калып жатпайбы. Бул ошол калдыктан жасалат. Жүз пайыз күйөт. Башка брикеттерге окшоп атайын мештерди талап кылбайт. Сапаты мыкты. Кадимки эле мешиңизге көмүр сыяктуу жага бересиз.

Көргөзмө.
Көргөзмө.

Окумуштуу аталган институт мындан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн жер семирткичтердин бир нече түрүн жасаганын да көрсөттү:

- Биз дыйкандарга байытылган минералдык жер семирткич сунуштайбыз. Өсүмдүктөргө фосфор, калий, азот керек да. Алардын баарын аралаштырып, даярдап койгонбуз. Бул жалаң өзүбүздүн жаратылыш байлыктарынан жасалган. Кошулмалардын баары өзүбүздүн аймакта бар.

Абдыкадыров учурда жогорудагы табылгалар өндүрүштө кеңири колдонула электигин, себеби жарнама жоктугунан жергиликтүү окумуштуулардын эмгегине карата суроо-талап аздыгын белгиледи.

Жаш окумуштуу Самат Карыбек уулу болсо, Академиянын вирусология бөлүмү ойлоп тапкан дары-дармектер менен тааныштырып, жергиликтүү окумуштуулар мал ылаңдарын алдын алуу менен алектенгенин айтты:​

- Биз малга көптөгөн вакциналарды чыгарабыз. Азыр сиз көрүп турган дары-дармектердин бардыгы эле пайдаланылат. Мисалы, тиги кошулма бардык дартты алдына алууга пайдаланылат. Айрыкча козулардын териси жара болуп кеткенде пайдаланса болот. Бул багытта дагы көптөгөн тажрыйбаларды жүргүзүп жатабыз.

Көргөзмөгө коюлган ачылыштар.
Көргөзмөгө коюлган ачылыштар.

Самат институт учурда ылаңдап калган малды сакайта турган антибиотиктерди табуу үчүн да аракет кылып жатканын кошумчалады.

Көргөзмөнүн уюштуруучусу Медина Исакова мындагы табылгалар арасынан Илимдер академиясынын технопаркы жана машина жасоо институту сунуштаган атайын техникалык жабдыктар астейдил көңүл бурууга арзыйт дейт:

- Бул атайын өзгөчө кырдаалдын кызматы үчүн жасалган жабдыктар. Мына бул мотору. Бул кескич. Сиз көрүп турган жабдыктар ар кандай кокустуктар учурунда колдонулат. Кысат, кесет, көтөрөт же түртөт. Тигиниси болсо жерди тешет. Мисалы, авто унаалар кырсыкка учурап, киши кыпчылып калганда чыгарса болот. Мындайлар башка өлкөлөрдө деле жасалган экен. Бирок алар көтөрүп жүргөнгө жана колдонгонго ыңгайсыз. Биз ошолордун баарын автоматташтырдык.

Көргөзмөгө коюлган буюмдар.
Көргөзмөгө коюлган буюмдар.

Исакова бул жабдыктарды Өзгөчө кырдаалдар министрилиги колдонуп, адистерге жакканын, бирок тилекке каршы Кыргызстанда жергиликтүү окумуштуулар ойлоп тапкан жабдыктарды чыгаруу көйгөйлүү маселе экенин кошумчалады.

Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимовдун пикиринде, учурда Кыргызстанда гуманитардык илимде элдир-селдир жылыштар болгону менен техникалык жаатта ийгиликтер өтө эле сейрек. Анан калса ошол сейрек табылгалар да көбүнчө лабораторияларда макет бойдон гана калып кетет:

- Мисалы, кичинекей эле бир макетти өндүрүшкө киргизиш үчүн өтөт чоң чыгым кетет. Ошондуктан көпчүлүк долбоорлорго каражат бөлүнбөй калат. СССРдин акыркы жылдарында кирген технологияга, айыл чарбага, ветеринарияга байланыштуу долбоорлор акырындап улантылып жатат. Бирок, союз кулагандан кийин жалпы өндүрүшкө салынган өзгөчө ачылыштар болгон жок. Мисалы, мен химик катары айтсам, Абды Акбаев деген болгон. Анын лабораторияда алган мышьяктын аралашмасын Москвадагы Волков заводуна сунуштап, ал учурда улантылып жатат.

Бектемир Мурзубраимов.
Бектемир Мурзубраимов.

Академик Мурзубраимов эгемендик жылдары мамлекет илимге олуттуу каражат бөлбөй калгандыктан көптөгөн жаңы табылгалар өндүрүшкө киргизилбей, айрымдары унутулуп кеткенин ортого салды.

Көргөзмөгө аталган мекемеге караган институттардын акыркы беш жыл аралыгында жасаган илимий иштери коюлду. Кыргыз илимдер академиясы быйыл 63 жылдыгын белгиледи. Учурда жүрүп жаткан реформанын негизинде акадамиянын курамына кирген 24 институт ирилештирилип, эми 16 илимий институт калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG