Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

А. Кайыпов: ШКУнун келечеги абдан жакшы


Аалыбай Кайыпов "Азаттыктын" студиясында, 25-ноябрь.
Аалыбай Кайыпов "Азаттыктын" студиясында, 25-ноябрь.

Тажикстанда бүгүн өтүп жаткан ШКУ жыйынына президент Роза Отунбаева баштаган кыргыз делегациясы катышууда.

ШКУнун глобалдык саясаттагы жана экономикадагы азыркы орду тууралуу коопсуздук маселелери боюнча эксперт, генерал-майор Аалыбай Кайыповду сөзгө тарттык.

А. Кайыпов:
ШКУ алгач чек ара чөйрөсүндө ишеним жана коопсуздук маселелери боюнча түзүлгөн. Анан бара-бара жүрүп отуруп азыр көп тармактар боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташтыктар жүрүп атат. Эми менин оюм боюнча, бул эл аралык уюм катары экономикалык жана башка тармактарды кеңейтүүдө абдан чоң курал болуп эсептелет. Менимче азыр бул уюм көп эле маселелерди көтөрүп чыгат. Бирок анын баары декларация, кагаз бетинде эле калып жатат. Себеби көп эле сунуштар болот, бирок алардын көбү ишке ашпай калат. Ишке ашпаган себеби ар кыл мамлекеттердин ички мыйзамдары бар. Ошол мыйзамдар бири менен бири туура келбейт. Башкача айтканда бир мамлекеттин кызыкчылыгын чечиш үчүн баары макулдук берип кетишке мүмкүнчүлүк жок.

- ШКУну эки уюл – бир жагынан Орусия, экинчи жагынан Кытай кармап турат деп айтылат. Эки державанын болсо өз-өзүнчө саясий жана экономикалык кызыкчылыктары бар эмеспи, эки дөөнүн таламдары карама-каршылыктарга алып келбейби?


А. Кайыпов: Жок, бардык мамлекеттин укугу бул жерде бирдей. Баары тең бирдей чечимди аябай макулдашып туруп, мурдатан даярданып туруп кабыл алып жүрүшөт. Анан карама-каршылыкка алып келет деген туура эмес болуп калат, мындай айтуудан оолак болушубуз керек. А бирок бул уюмдун келечеги абдан жакшы.

-Кыргызстан эгемендикти алгандан бери бир катар эл аралык умдарда мүчө болуп, тыгыз кызматташып келатат. Кыргызстандын ШКУдагы орду тууралуу эмне айта аласыз? Бул уюмдан Кыргызстанга экономикалык жардамдар берилет деп айтылды эле.


А. Кайыпов: Кыргызстан үчүн бул абдан маанилүү уюм болуп эсептелет. Жана башка мамлекеттер сыяктуу эле тең укукта өзүнүн орду бар ШКУнун ичинде. Экономикалык жактан, соода жагынан көп эле жардам болду бул уюмдан. Соода-сатык Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда абдан өнүгүп келатат. Ошол эле убакта Кытайдын биздин укук коргоо органдарына жардамдары жакшы болуп атат. Саламаттыкты сактоо боюнча көп жардамдар болуп атат. Чек ара кызматын өнүктүрүп өстүрүү боюнча да Кытай мамлекетинин көп жардамдары бар да. ШКУ боюнча айта берсе колдоо көп эле...

XS
SM
MD
LG