Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Коррупцияга каршы митингдин саясий өңүтү


Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарында 8-июнда коррупцияга каршы митинг өткөрдү.

Ыр-күү менен башталган тынч жыйында жемкорлукка жана тууганчылдыкка каршы көрнөктөр илинди.

Партиядан кабарлашкандай, "Медиа форум" имаратынын алдындагы митинг «азыркы бийлик жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзбөй, Атамбаевдин тарапташтарын, оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктап жатат» деген өңүттө уюшурулду.

Уюштуруучулар миңден ашуун, байкоочулар миңге чамалуу адам келгенин билдиришти.

"Унчукпай турба! Үн кат!" деген ураан менен уюштурулган митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова, парламенттин депутаты Анвар Артыков өңдүү саясатчылар да катышты.

Эки саатка созулган тынч митингде резолюцияда саясий куугунтукту, жемкорлукка каршы тандалма күрөштү токтотуу талап кылынды. Аны партиясынын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова окуп берди.

"Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айланаcындагылар Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясий оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз​".

Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышып, бийликтин дарегине сын айтты.

Ал баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камалышы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун кызматтан алынышына байланыштуу экенин айтты.

Бийликте турган кезинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун жасаган иштеринен кабарсыз болгонун билдирди.

Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүп, Матраимовдорду калкалап жатканын айтты.

"Райымдан эмнеге коркуп жатат? Анткени ал Жээнбековдун былыктарын билет", - деди Атамбаев.

"Кыргызстанда бийликтин өзүмбилемдиги токтобосо, "Сооронбай, кет!",- деп чыгарын эскертти.

"Азыркы зөөкүрдүк, өзүмбилемдик токтобосо, "Сооронбай, кет!" - деп чыгабыз. "Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол" деген талап коебуз", - деди Атамбаев. Бирок кайсыл акча жөнүндө сөз болгонун тактаган жок.

Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камоолорго токтолуп, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги кеп-сөздөрдөн элди алагды кылуу максатында уюштурулуп жатканын айтты.

"Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгаруу үчүн акча сураган, дегенге ким ишенет? Атамбаев бирөөдөн акча сураган эмес, дайыма өзү акча берип келген. Балким Сооронбай Жээнбеков акча алууга аралашкан болушу мүмкүн. Мага каршы көрсөтмө алабыз деп бейкүнөө адамдарды камап жатышат. Атаханов, Салянова, Рысалиев... Салянова жөнүндө айтсам, ал мени бир канча жылдан бери кыйнап келет. Бирок мен анык айта алам, анын бул кылмышка такыр тиешеси жок. Бул жерде Турсунбек Акун баштаган айрым кишилер акча алышы мүмкүн, бирок Салянова эмес. Мен аны билем, акчаны анын күйөөсү табат".

Азырынча Жээнбековдун администрациясы буга комментарий бере элек.

Учурда КСПДнын бир канча мүчөлөрү камакта. Алар мыйзамсыз баюу, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция өңдүү иштерге күнөөлөнүп жатышат.

Экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан 25-майда кеткен. 27-майда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG