Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

КСДП ыдырай баштадыбы?


КСДПнын аймактык жыйыны. Чүй облусу, Москва району. 10-июль, 2018-жыл.
КСДПнын аймактык жыйыны. Чүй облусу, Москва району. 10-июль, 2018-жыл.

Чүй облусунун Москва районунда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айрым мүчөлөрү уюмдун азыркы лидери Алмазбек Атамбаевди жетекчиликтен кетирүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Алар экс-президентти "партияны өз кызыкчылыгына колдонду" деп айыптап, өз демилгесин партияны тазалоо зарылдыгы менен түшүндүрүштү. Бирок КСДПнын штабы "бул жыйын расмий күчкө ээ эмес, жыйын өткөргөндөр партия мүчөсү эмес" деп билдирди.

КСДПнын Москва районундагы айрым мүчөлөрү Беловодски айылына кезексиз жыйынга чогулду. Алар учурдагы партия лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин сынга алып, жыйынды "Атамбаевсиз КСДП" деп аташты.

Жүзгө жакын адам катышкан жыйында чогулгандар “партиядан коррупционерлердин, акчалуулардын чыгып кетишин” жана “партияда көп жылдан бери чуркап жүргөн мүчөлөрүн бийликке алып келүүнү” талап кылышты.

Жыйынды уюштургандардын бири, Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, мындай аракеттерге КСДПга коррупцияга байланыштуу шек саналган адамдар, акчалуулар кирип кеткени, Алмазбек Атамбаевдин акыркы учурдагы туура эмес кадамдары түрткү болду:

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

- Атамбаевди "партиябыздын лидери" деп, айтканын айткандай кылып 20 жыл жүрдүк. 2018-жылдын 31-мартындагы партия жыйынында биз, коомчулук Атамбаев акыркы жети жылдагы иштери боюнча отчет берет деп күткөнбүз. Бирок ал жеке таарынычын айтып туруп алды. Ошондой эле партиянын лидерин аймактардагы баштапкы уюмдардын чечими жок туруп, легитимдүү эмес негизде шайлашты. Бизди бийликтеги партия өзү коррупцияга малынып турганы аябай өкүндүрөт.

Москва районундагы КСДП мүчөсү Алик Бүтүнбаев Алмазбек Атамбаевди "бийликте турган жылдары ишенимди актабай, Бакиевдин кадрларын жанына топтоп алды" деп айыптады:

- Ушул кишинин артынан 10 жылдан ашык ээрчип жүргөнүмө өкүнөм. Бир тууган инимден да айрылдым. КСДПны “сасык абалга” алып келип, Бакиевди издемиш болуп, анын командасын чогултту. Айдоочусу эмне кылганы азыр билинип жатат. Алмазбек Шаршеновичтин артында жүргөнүмө өкүнөм.

Натыйжада Беловодскиде жыйынга чогулгандар атайын резолюция кабыл алышты. Анда алар бардык аймактарда КСДПнын мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынын өткөрүүнү, төрагалыктан Алмазбек Атамбаевди кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылышты.

Бул жыйын боюнча КСДПнын штабы дароо жооп кайтарды. Анда Москва районундагы жыйын съезд статусуна жана анын чечими расмий күчкө ээ эмес экендиги айтылган. Билдирүүдө аталган райондо партиянын билетин алган 80 гана киши болсо, башка райондордо уюмдун миңдеген мүчөлөрү бар экени белгиленген.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Беловодски айылында чогулгандардын ичинде КСДПнын мүчөлөрү 15 кишиге жетпейт:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

- Калган 50-60 киши массаны түзүш үчүн эле чогулган. Алардын көбү эмнеге чогулганын деле толук билишкен эмес. Тилекке каршы, бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эмес, өз энесин да сатып кете турган адамдар жок эмес. КСДПга да ошондой бийлик жана кызмат үчүн келгендер бар. Ошол эле Сагынбек Абдрахманов кезинде “Ар-намыс” партиясынан келип, Алмазбек Атамбаевдин кийлигишүүсү менен КСДП партиясынан депутат, губернатор жана “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин орун басары кызматтарында иштегенге жетишкен. Тилекке каршы, Москва районунда КСДПнын мурдагы жана азыркы мүчөлөрүнөн ошого окшош “эргулдар” көп. Сыягы, аларга бир нерсе убада кылышкан, алар ошону актагысы келип жатат.

КСДПнын билдирүүсүндө мындан сырткары уюм "жеке кызыкчылык жана кызмат үчүн “жармашып” келгендерден тазаланып жатканы" да белгиленген.

Негизи Москва районунда жыйынды уюштургандардын бири Сагынбек Абдрахманов менен КСДПнын азыркы жетекчилигинин ортосундагы кайым айтыш бир топтон бери созулуп келет. Абдрахманов буга чейин партиянын саясий кеңешин кезексиз жыйынга чогулуп, Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирүүгө үндөп келген.

Ал эми КСДПнын штабы Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн 2017-жылы эле чыгарылганын эске салып, саясий кеңеш жыйынга чогулбай турганын билдирген. Штаб Сагынбек Абдрахманов үч айдан бери өз айланасына таарынган партиялаштарды чогултууга аракет кылып жатканын маалымдаган.

КСДП: Атамбаевге каршы жыйын
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Эки лидердин тирешиби?

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, парламент депутаты Чыныбай Турсунбеков партиянын айланасында жаралган абалды "жагымсыз" деп сыпаттады. Бирок ал кантсе да демократиялык баалуулуктарды көңүлдөн чыгарбаш керек деген пикирде:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- КСДПнын мүчөлөрүнүн баарына жагымсыз болуп жатат. Ынтымактуу, бири-бирибизди түшүнүп иштесек эле жакшы болмок. Бирок бүгүнкү күндө демократиянын элементтери болушу да зарыл. Эми юридикалык жактарын такташ керек. Партиянын катчылыгы жана бул маселе боюнча иш алып барып жаткандар бар. Алар юридикалык жактарын тактап, Абдрахмановдун качан партиядан чыкканын, кандай чыкканын карап көрүшү керек. Ал эми моралдык жагын айтсак - жалпы мамлекетте демократия курганга аракет кылып жатабыз. Жүз киши катышса, анын канчасы биздин партиянын мүчөсү экенин тактоо зарыл. Бирок албетте, ар ким өз пикирин айтканда, өз көз карашын коргогонго акысы бар.

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев акыркы окуяларга өлкөдөгү түзүлгөн саясий кырдаал да себепкер болуп жатканын белгилейт. Эксперттин айтымында, бул кырдаал КСДПнын бөлүнүшү мүмкүн экенин четке какпайт:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

- Учурда социал-демократтар эки лидердин ортосунда турат. Эки лидердин ортосундагы келишпестик, мамиле жалпы партиянын туруктуулугуна, биримдигине сөзсүз таасирин тийгизет. Буга окшогон сөздөр, иш-аракеттер күтүлүп эле жаткан. Ага таң калган жокпуз. Партияны азыркы курамы менен, азыркы абалында сактап калуу эми оңойго турбайт. Ал үчүн мүмкүн Атамбаев чыгып кетиши керек. Же кайсы бир жол менен карама-каршылыктар, пикир келишпестиктер чечилиши зарыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы - эгемен Кыргызстанда эң эски жана ири саясий күчтөрдүн бири. Ал 1993-жылы ошол кездеги жигердүү бир катар саясатчылардын демилгеси менен түзүлгөн. Арасында ошол кезде “Форум” илимий-өндүрүштүк мекемесин жетектеген Алмазбек Атамбаев, Ош облусунун губернатору Абдыганы Эркебаев, Жалал-Абад облусунун губернатору Абдыжапар Тагаев, Бишкектин мэри Жумабек Ибраимов, өкмөттөгү жаштар иштери боюнча комитеттин башчысы Акылбек Жапаров болгон.

Кийин бул саясатчылардын көпчүлүгү партиядан чыгып, негизги лидери катары Алмазбек Атамбаев калган. Партия мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы оппозиция катары иш жүргүзүп, 2005 жана 2010-жылдагы ыңкылаптарга катышкан.

2011-жылы Алмазбек Атамбаев президенттикке шайланган соң өлкөдөгү эң ири саясий күч катары калып, бийликтеги таасирин күчөткөн. Акыркы жылдары партиянын саясий кеңешинин курамы өзгөрүп, ага Атамбаев менен бийликте болгон үзөңгүлөштөрү мүчө болуп кирген.

Былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду КСДП талапкер катары чыгарган. Бирок быйыл жазында Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун командаларынын ортосунда бир катар маселелер боюнча пикир келишпестик, өз ара кайым айтышуу орун алганы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG