Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

«Өлбөс полк» жана саясатчылардын жүрүшү


Коллаж.
Коллаж.

74 жыл мурда 9-майда Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бишкекте бул күндүн урматына «Өлбөс полктун» жүрүшү өттү.

Жүрүш борбор калаанын Түштүк дарбазасынан Жеңиш аянтына чейин уланат.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Мурда кабарлангандай анын балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайтышкан. Согуштагы эрдиги үчүн «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйланган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун чоң атасы Жээнбек Пирназаров Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон деп эсептелип келген. Былтыр августта анын сөөгү көмүлгөн жай Украинадан табылган.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев атасы Шаршен Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп, жубайы, балдары менен чогуу жүрүшкө чыкты.

КСДПнын активисттери да жүрүшкө кошулганын «Азаттыкка» партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди:

««Өлбөс полктун» жүрүшүнө Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү 2015-жылдан бери катышып келген. Быйыл ал өзү да кошулду».

​Жер-жерлерде бүгүн Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленип жатат.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун жоокер курман болгон. Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG