Бүгүн таңга карай аскер бөлүгүнөн кетип калган жоокерлердин отуз экиси кайтып келгени белгилүү болду. Дагы үч жоокер туугандары менен байланышып, кайтып келерин билдиришкенин "Азаттыкка" ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев кабарлады. Учурда дагы төрт жоокердин чоо-жайы такталууда.
ИИМдин Бишкектеги 702-ички аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан бул жоокерлер ушул жазда бошоп, үйлөрүнө кайтышмак.
39 жоокер кызматтык милдетин өз бетинче таштап, качып кеткени 3-февралдын кечинде, саат 10до болгон текшерүүдөн кийин аныкталган.
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Оcмонбаевдин айтымында, келаткан жазда бул жоокерлер аскерден бошомок.
- Азыр алардын турган жерин тактоо боюнча иштер жүрүүдө. 39 жоокер эмне себептен качканы белгисиз. Ички аскерлердин жоокерлери имараттарды кайтарышчу, кээде милиция менен көчөлөргө чыгып калышчу.
Ички иштер министрлиги жоокерлерди алардын ата-энелери да кошо издешип жатканын кошумчалады. Айрым маалыматтарда, качкан жоокерлер №1 "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кызматта турушкан жеринен кетип калышкан. Ички иштер министрлиги бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.
Ал эми президенттик администрациядан “Азаттыкка” билдиргенге караганда, мамлекеттик резиденциянын коопсуздугуна УКМКнын 9-башкы башкармалыгы менен Улуттук гвардия жооптуу. Андыктан 39 жоокердин качып кеткени резиденциянын коопсуздугуна таасир этпейт.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова болсо, бул окуя жалпы кыргыз армиясындагы абалга байланыштуу дейт.
- Ички аскерлигиндеги шарт деле казарма тартибинде. Башка аскер бөлүктөрүнөн качкан аскерлердей эле. ИИМде болсо эле булар башка аскер бөлүгүнөн айырмасы бар дебей, бул окуяга биздин жоокерлердин жалпы кайгысындай карашыбыз керек. Алар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Аларды митинг-пикет болгондо, сот имараттарын кайтарганга, ошондой эле абактарды кайтарууга алып барышат. 39 бала жөндөн-жөн качпаса керек, кандайдыр бир мыйзам бузуу болгон.
Жоокерлер качкан бул аскер бөлүгүндө баары 200дөн ашык аскер кызмат өтөйт. Алардын качып кетүүсү уруп-согууга, аскер бөлүгүндөгү “дедовщинага” байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдонууда. ИИМдин билдиргенине караганда, эгер 3 күндүн ичинде качкан жоокерлер өз эрки менен кайтып келе турган болсо, эч кандай чара көрүлбөйт. Бирок алар узак мөөнөткө кайтып келишпесе, беш жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Учурда ИИМ жана Аскер прокуратурасы бул ишти териштире баштады.
Кыргызстанда аскерде кызмат өтөгөн жоокерлердин тобу менен качып кетүүсү буга чейин да кездешкен. Акыркы жолу 2012-жылдын 7-декабрында Коргоо министрлигине караштуу Бишкектеги №41069 аскер бөлүгүнөн 15 жоокер качып кетип, ата-энелери жана укук коргоочулардын көндүрүүсү менен бир күндөн кийин Коргоо министрлигине кайтып келишкен болчу. Ал жоокерлер уруп-согууга кабылышканын билдиришкен.