Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Прокуратура: жоокер аң уулоого чыгып жоголгон


Жоголуп кеткен Бексултан Бааридиновдун апасы Майрам Бакирова.
Жоголуп кеткен Бексултан Бааридиновдун апасы Майрам Бакирова.

Чоң-Алайдагы Карамык чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн жоокер чек араны кыдырууга эмес, аңчылыкка чыгып жоголгондугу аныкталды. Бул тууралуу акыркы маалыматты Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы жарыялады.

Чоң-Алайдагы Карамык чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн жоокер 24 күндөн бери табыла элек. Учурда дайыны чыкпай жаткан Бексултан Бааридиновдун ата-энеси аскер жетекчилигинен баласы тууралуу так маалымат берүүнү талап кылышууда.

Башында Мамлекеттик чек ара кызматы жоголгон жоокерди куралчан качып кетти деп маалымат тараткан. Кийинчерек куралчан жоокер нөөмөткө чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирип, жоокердин жоголушун ошол күнкү аба ырайынын начардыгы менен байланыштырышкан.

Бирок 14-сентябрда Ош гарнизондук аскер прокурору Өмүрбек Эратов жоголгон жоокер нөөмөткө чыкпай эле төрт жоокер болуп аңчылыкка чыкканын жарыялады.

- Кылмыш ишин тергөө убагында алар нөөмөткө эмес, башка дагы үч чек арачы менен бирге аңчылыкка чыкканы дайын болду. Төртөө төрт жакка бөлүнүп, эки сааттан кийин белгиленген жерде кайра чогулмак болушкан. Бирок эки сааттан кийин Бексултан Бааридинов келген эмес деп атышат. Эмне үчүн аңчылыкка чыгышкан? Аларга мындай буйрукту ким берген? Мунун баарына катышы бар кызматкерлерге юридикалык баа берилет. Учурда бул факт боюнча үч кылмыш иши ачылды.

Карамык чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн жеринен катардагы жоокер Бексултан Бааридиновдун жоголгону тууралуу маалымат ата-энесине эки күндөн кийин гана билдирилген. Учурда Бексултан Бааридиновдун атасы Садиридин Исмаилов кичүү балдарын жалгыз таштап, айылга келип, уулун издеп жүргөн кези.

Садриддин Исмаилов
Садриддин Исмаилов

- Баламдын эмне болгонун жанагы шериктери билет. Ошолор бирдеме кылганбы деген ой кетет. Анан да маңзат ташыгандардын колуна түшүп калганбы деп да ойлоп атабыз. Чек ара тозотунда бир нерсе болсо чыгыш керек эле да дайыны. Муну командирлери билет, ошолордон талап кылабыз. Мүмкүн булар атайын бирдеме уюштурушкандыр.

Бексултан Бааридинов өзү Бишкек шаарында чоңойгон. Бирок ал кызмат өтөп жаткан Карамык тозоту ал туулган Кара-Тейит айылына жакын жайгашкан. Анын жакын туугандары Кара-Тейит айылында турушкандыктан, бүт айылдын эркектери айылдаш жоокерди издөөгө түп көтөрүлүп, бир нече күн жайлоону кыдырышкан. Жоокердин агасы Назириддин Бааридинов:

- Карамык, Кара-Тейит айылынын тургундары чогулуп, эки ЗиЛ машинасы менен барып, алты күн катар бала жоголгон аймакты издедик. Ар бир таштын түбүн беш алты жолудан карап чыктык. Элге ракмат, элдин баары издеди. Аскерлер өздөрү Оштон төрт ит алып келип тинтишти. Эч кандай жыйынтык болбоду. Аскерде полковниктери эле көп экен. Алар да көзү ачыктарга ишенип алышыптыр. Улам бири келип, балаңыздар табылат деп коюп жүрүшөт.

Жоголгон жоокердин айылдаштары
Жоголгон жоокердин айылдаштары

Жоголгон жоокерди издөөгө Улуттук коопсуздук кызматы, чек арачы жоокерлер, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, айыл тургундары, жада калса кошуна Тажикстандын чек арачылары да тартылган. Бирок азырынча андан майнап чыга элек. Бул арада айыл тургундары ар кайсыны жоромолдоп отурушат.

- Жоголгон жоокерди ошо чогуу жүргөндөрү табышы керек. Аларды жакшылап сурак кылса эле айтып беришет. Эми ал жоокер болгондон кийин анын өлүү же тирүүсүн таап бериш керек да. Ата-энеси саргайып болбой калышты. Мүмкүн тиги баңгизат ташыган тажиктер барымталап кетишкендир. Мүмкүн Сирияга сатып жиберишкен. Же өлтүрүп алып, бир жерге көмүп салса кайдан табылат? - дейт айыл тургундарынын бири.

Жоголуп кеткен Бексултан Бааридиновдун апасы Майрам Бакированын айтымында, баласы аскерден качып кетиши мүмкүн эмес. Анткени анын кызматын өтөп бүтөөрүнө бир жарым ай гана убакыт калган. Андан сырткары кайра эле чек арачы болуп келишимдик негизде аскерде иштеп каларын айтып жүргөн экен.

Жоголгон чек арачынын бир туугандары
Жоголгон чек арачынын бир туугандары

Майрам Бакирова баласынын өлүү же тирүү экенин биле албай, бир күн келет деген үмүт менен качандыр жашап кеткен Кара-Тейит айылынан кетпей 22 күндөн бери отурат.

- Келет деген үмүт менен отурам. Кудай буйруса ушу чымындай жаны аман калса болду. Башкасына макул элек. Келгенден кийин аскер кызматкерлери эмне болгонун өздөрү чечишип алышат эле. Бизге ушу бала аман-эсен келсе болду. Тиешелүү адамдар издештирип, балабызды таап беришсин. Баланы биз сак-саламат колдоруна тапшырганбыз. Аскерге өз каалоосу менен келген. Кандай эле менин балам жоголуп кетет?

Чой-Алай районунун аймагындагы калктуу жайларга Бексултандын сүрөтү тартылган кагаздар чапталган. Бексултан Бааридинов кызмат кылган Карамык чек ара тозотунун курамы 100% алмаштырылган. Мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча чек ара кызматынын командалык башкаруу курамын кызматтан бошоткон.

Жоокердин ата-энеси так маалымат талап кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

XS
SM
MD
LG