Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Кендин иси беш өмүрдү жалмап кетти


Жалал-Абад облусундагы көмүр кендеринин бири.
Жалал-Абад облусундагы көмүр кендеринин бири.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бир көмүр кенинде кечээ беш адам иске ууланып ажал тапты.

Сузактагыдай көмүр исине ууланып каза болууу окуясы облуста быйыл биринчи жолу болуп олтурат. Каза тапкан адамдардын сөөктөрү туугандарына кечээ эле берилген. Ишкананын көмүр казууга лицензиясы болгону бүгүн билинди.

Тармактын райондогу кызматкери Элдияр Исраилов ис чыккан шахтага кирүү мүмкүн эместигин айтууда.

- “Кыял “ шахтасынын күйүп жатканы аныкталган, бирок анын ичине кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал үчүн атайын кызматтар бар, ошолор кирип көрсө болот эле.

Мындан 5-10 күн мурун “Кыялдын” ээси “көмүр күйүп кетти, шахтаны иштетпейбиз”, деп районго билдирген. Окуяны учурда укук коргоо органдары изилдөөдө. Ошого жараша кылмыш иш козгоо маселеси 3-4 күн аралыгында чечилет, бирок район акими Нурболот Мырзахмедовдун айтымында, каза болгондордун жакындары бүгүн арыз берүүдөн баш тартты.

Аким көмүр кендеринде кайгылуу окуяларды болтурбоо үчүн аларды акчалуу ишкерлерге гана берип, мамлекеттик геология кызматы лицензия берүү жагын теске салуусу абзелдигин айтат:

- Шахталар канчалык мыйзамдык деңгээлде көмүрдү казып жаткандыгын аныктоо үчүн жиберилген комиссия анын иштебей тургандыгын өз актысында чагылдырып келген. Бүгүнкү күндө лицензияны мамлекеттик геология агенттиги берип атат, анын акчасы барбы, жокпу билбейм. Кенди иштеткендер учтуу күрөк менен көмүр казып жатат, техникалары жок. Мына ошонун кесепетинен ушундай окуялар болуп атат. Бул иш мындан ары мыйзамдаштырылаарын мамлекеттик геология агенттиги өкмөт жыйынында айткан. Адамдар көмүр казганга айласыздан барып жатат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз, коопсуздукка туура келбейт, жабышыңар керек деп. Бирок алар “тиричилигибиз ушул иш аркылуу болуп жаткандан кийин" деген дооматтарды коюшат. Чындыгын айтканда жер алдына киргенде, көргө кирип чыккандай эле болот.

Көмүр кенин иштеткен жайлар талапка жооп бербестиги, жеке менчик ишканалардын шахталарында аба айлануучу, желдетүүчү жабдуулар коюлбаганы, уулуу заттан сактоочу куралдары, аны өлчөөр жабдуулары да жок экени айтылууда.

Жалал-Абад-Сузак аймагындагы техникалык көзөмөл кызматкери Мырзабек Орозокулов обустагы кен жайлардын канчасына лицензия берилгени белгисиз экендигин билдирди.

- Мамлекет колуна алып, иретке келтирүүсү керек. Жеке менчик ишканалардын ээлери шахта түбүнө өз адамдарын киргизүүсү зарыл. Ал адамдар атайын адис жана билимдүү болуулары шарт. Газдан сактоочу куралдары болуусу керек. Эгерде шахта токтоп турган болсо, анда жер алдында аба жетишпей, ага башка газдар кошулуп кетет да, ошондон улам адамдар уулануусу ыктымал.

Облуста көмүр иштетүүчү он чоң ишкана бар. Андан сырткары лицензиясы бар-жогу күмөндүү бир топ майда ишканалар да иштейт.

Облбийликтин бөлүм башчысы Талант Мамасадыковду угалы:

- Облуста жалпысынан алтымышка жакын жеке менчик, майда ишканалар бар.
Лицензия мамлекеттик геология агенттиги тарабынан белгилүү бир убакытка берилет. Сузак районуна караштуу сегиз-тогуз көмүр кендери бар. Тиешелүү уюмдар тарабынан алдын-ала эскертүүлөр берилет. Болгону ал жайларда техникалык коопсуздуктун сакталуусу кыйын.


Облбийликтин эсебинен каза болгон беш адамдын үй-бүлөсүнө бүгүн 50 миң сом (ар бирине он мңден) материалдык жардам берилди. Үч-төрт жыл илгери Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Маркай, Көк-Жаңгак көмүр кендеринде да бир нече адамдын өмүрү кыйылган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG