Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Маңзат менен күрөштөн майнап чыгабы?


26-июнь – Баңгиликке жана маңзаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрѳшүү боюнча эл аралык күн.

"Арай кѳз чарай" талкуусу Кыргызстандагы баңгилик көйгөйү, аны алдын алуу маселесине арналды.

Талкууга Республикалык наркология борборунун адис кызматкери Айзада Үсѳнакунова жана эксперт Иманберди Жалилов катышты.

"Азаттык": Расмий маалыматтар боюнча 2012-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда маңзат колдонуучулар катары каттоодо тургандардын саны 10 705 деп берилиптир, каттоого турбагандардын эсеби барбы?

Үсѳнакунова: Он миңден ашуун баңгизат колдонгондордун ичинен тогуз миңге жакыны маңзатты ийне менен сайынышат, алар героин колдонушат.

Сиз айтып жаткан расмий мааалымат, ал эми бейрасмий баңгизат колдонгондордун саны бир нече эсеге кѳп. 2006-жылы эл аралык UNODIС уюму Кыргызстанда маңзаттарга кѳз каранды адамдардын саны 26 миңдин айланасында деген маалымат берген. Андан бери дагы беш-алты жыл ѳттү, кѳрсѳткүчтѳр да ѳзгѳргѳн болуш керек деп ойлойм.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Маңзаттарды кѳзѳмѳлдѳѳ кызматынын атайын концепциясында Кыргызстанда баңгиликтин ѳнүгүшүнүн негизги себептери катары бир нече жүйѳ келтирилиптир. Мисалы, маңзаттарды колдонууга ѳбѳлгѳ түзүп берүүчү социалдык шарттар, ѳлкѳнүн географиялык жайгашуусу, жаратылышында кара куурай жана башка жапайы маңзаттардын кѳп ѳсүшү, маңзаттарга каршы күрѳштѳ мамлекеттин алсыздыгы жана ага каршы күрѳшүү менен алектенген күч кызматтарындагы коррупция деп айтылат. Сиз кайсынысына кѳбүрѳѳк кошулат элеңиз?

Жалилов: Маңзаттардын келип чыгуусуна статистикалык жана илимий жактан кѳз сала турган болсок, бул биздин эгемендүүлүккѳ ээ болгондон кийинки болуп жаткан социалдык кѳрүнүш. 2001-жылы антитеррордук коалиция Ооганстанга кирген кезде биздин бирден бир ѳтүнүч ал тараптан келип жаткан маңзаттардын кѳлѳмүн азайтуу болчу.

Бирок, тилекке каршы, андан бери маңзаттардын ташылышы 42 эсеге ѳсүп кетти. Маңзат сатуунун артында эбегейсиз чоң суммадагы акча жатат. Жыл сайын жалаң маңзат сатуудан 1 млрд. доллар киреше табылат экен, ошол үчүн да маңзаттарды Кыргызстан аркылуу алып ѳтүүгѳ, аны сатууга кызыкчылык ѳтѳ күчѳп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG