Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Президент күч колдонорун эскертти


Архивден алынган сүрөт
Архивден алынган сүрөт

Президент Алмазбек Атамбаев соңку билдирүүлөрүндө ички-тышкы күчтөрдүн коркунучу тууралуу көп айта баштады.

Айрыкча Жерүй кенин жабуу талабы менен чыккандарды президент мамлекет кызыкчылыгына каршы иштеп, башаламандыкка алып барууну көздөгөн күчтөрдүн шыкагы катары сыпаттады.

Президент бейбаштыкты жана өзүмбилемдикти тартипке келтирүү үчүн мамлекет күч колдонууга чейин барарын эскертти.

Ачылат-ачылбайт

21-июлда Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн ачылыш аземинде президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызыкчылыкка жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган күчтөр бар экенин жар салды.

Атамбаев Таластагы Жерүй алтын кенинин лицензиясы мурда 300 сомго сатылганда унчукпай отурган саясий күчтөр азыр ал 100 миллион долларга бааланып, эми ишке кирише турган болгондо каршылык көрсөтүп жатканын айыптады. Муну чыр чыгаруу үчүн жасалган шылтоо деп айткан Алмазбек Атамбаев мамлекет мындайга аёосуз күч колдонорун эскертти:

- Жерүйдү иштетпейбиз деген топ чыгууда. Бул жөн эле шылтоо. Эмнеге Жалал-Абадда Бозумчакты, Ысык-Көлдө Кумтөрдү, Чүйдө уран шахталарды иштетүүгө болот, анан Жерүйдү иштетүүгө болбойт? Өзүн кыргыз элинен өйдө койгондордун Кыргызстанга кереги жок. Алардын ордун көргөзүү керек. Беш жылдан бери алардын башынан сылап келатабыз. Күч колдоно турган да учур келди. Жакшы сөзгө түшүнбөсө, мамлекет күчтүн баарын колдонуп, Кыргызстанда тартип орнотуу зарыл.

Атамбаев: Жерүйдү ачабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун орусиялык "Востокгеодобыча" ишканасы утуп алган. Жакында ал компания инвестициялык келишимде көрсөтүлгөн 100 миллион долларды бюджетке которуп берген.

Мындан сырткары ага лицензиядан ажыраган казакстандык Visor компаниясынын кыргыз өкмөтүнө болгон 450 миллион долларлык доосун чечүү милдети жүктөлгөн.

Кызыкчылыктар эки башкабы?

Бирок Таластагы жергиликтүү калктын кайсы бир бөлүгү кендин ачылышына каршы. “Талас эл ынтымагы” кыймылынын өкүлү Төрөхан Жунусбаев жергиликтүү эл болгону мыйзамдуу укугун коргоп чыкканын айтты:

- Биз өзүбүздүн оюбузду айтканга акыбыз барбы же жокпу? Эгерде жок болсо, анда Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мына ошол сөз эркиндиги, чогулуу эркиндиги сыяктуу укуктарыбызды алып салуу керек. Бул үчүн пикетке-митингге чыккандарды камоо керек деп ачык эле мыйзамга жазып коюш керек. Жерүйдүн лицензиясы үч жүз сомго сатылганда да каршы чыкканбыз. Ошондо Бакиев президент кезинде өкмөт башчысы катары Атамбаев өзү барып, анан элдин таш бараңына кабылган. Бул жолу кен 100 миллион долларга түп орду менен сатылып жатат. Экономикалык жактан мамлекеттин кызыкчылыгы аз. Экологиялык жактан болсо зыяндуу. Анткени алтын кен калктуу аймактарга аябай эле жакын. Цианид колдонулса, ал дарыяга агып түшсө, төмөн жактагы айылдар эмне болот?

Жерүйдү ачууга каршы чыккандардын митинги
Жерүйдү ачууга каршы чыккандардын митинги

Талдоочулар мамлекеттик кызыкчылык менен жергиликтүү элдин акыйкаттыкты талап кылуусунун ортосунда айырмачылык бар экенин белгилешүүдө. Алар бул жагдайда мамлекет күч колдонсо, анын кесепеттери оор болорун эскертишүүдө. Анткени мурдагы бийлик режимдеринин ашкере күч колдонуудан улам таажыны таштай качууга аргасыз болгон учурлары мисалга алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков күч колдонуудан мурун мамлекет өз саясатын тууралоо керектигин белгиледи:

- Жерүй маселеси чынында эле чоң коркунуч туудурат. Бир жагынан экологиялык коркунуч болсо, экинчи жагынан коомдук-саясий абалга таасир этет. Себеби жергиликтүү элдин акыйкаттыкты талап кылган жагдай кээде мыйзамдан дагы жогору болуп калат. Эми элдин эркине карата күч колдонулса чоң чатактын чыгышына түрткү болот. Ошондуктан бул маселени этият кароо зарыл. Анан калса бир кезде оппозицияда жүргөндө азыркы өкмөт башчысы Темир Сариев экологиялык зыяндуулугунан улам бул кенди ачтырбагыла деген билдирүүсү элдин эсинде турбайбы. Ошондой бир эле адамдын эки ача көз карашы адамдарга тескери таасир этүүсү мүмкүн.

Ошол эле кезде президент Атамбаев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды солкулдаткысы келген ички-тышкы күчтөрдүн аракеттери чегинен чыгып баратканын айтты. Буга жакында теракт жасоого ниеттенген куралдуу топ менен айрым бир саясатчылардын байланышы ачыкка чыкканын мисал келтирди.

Мындан сырткары 22-июлда Бишкек-Балыкчы жолунун ачылышында да президент Атамбаев өлкөдөгү жолдорду бөгөп, өлкөнүн бейпилдигин бузгусу келгендерге чара көрүлөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG