Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Баткендеги тополоң боюнча 15 адам кармалды


Барымтага алынган тажик жарандарын бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кетти. Баткен, 22-июнь, 2012.
Барымтага алынган тажик жарандарын бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кетти. Баткен, 22-июнь, 2012.

Тажик жарандарын барымтага алууга байланышкан 22-июндагы тополоң боюнча кылмыш иштери козголду.

Аймактагы кырдаал тууралуу суроолорго облус губернаторунун орун басары Сайитжан Эратов жооп берди.

«Азаттык»: Азыр Баткенде абал кандай, айрыкча өткөндө милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен айылдагы элдин маанайы кандай?

Сайитжан Эратов: Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында коомдук-саясий абал тынч, тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Митингге катышкан 150дөй адам болсо, буга чейин алардын 120сы суралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тополоңго катышы бар делген 15 киши камакка алынды.

«Азаттык»: Тажикстанда кармалган үч жарандын тагдыры эмне болуп атат?

Сайитжан Эратов: Сүйлөшүүлөр жүрүп атат, алар Исфара шаарында убактылуу кармоо жайында. Бир жаранды бошотууга кошуналар макулдугун берип атышат, бирок бул азырынча так эмес, айдоочу кокусунан түшүп калган. Дагы бирөөсү “мен күнөөлүмүн” деп айыбын толугу менен мойнуна алып атыптыр, калган бир кишинин тагдырын сүйлөшүүлөр менен чечебиз.

«Азаттык»: Үч күн мурдагы тополоң бир милиция кызматкери жарадар болгону айтылды эле, азыр анын абалы кандай?

Сайитжан Эратов: Милициянын лейтенанты ичинен жаракат алган. Абалы жакшы, азыр облустук ооруканада дарыланып жатат.

«Азаттык»: Бул факт боюнча иш козголдубу?

Сайитжан Эратов: 21-22-июнда болгон бардык факт боюнча, коркутуп-үркүтүү боюнча 6-7 иш козголду.

«Азаттык»: Милиция кызматкерине тийген ок кайсы тараптан чыкканы аныкталдыбы?

Сайитжан Эратов: Менимче, анык эле. Себеби биз ал жерге дүрмөтсүз ок (холостой патрон) менен киргенбиз. Ок тигилер тараптан чыгып атат, бизде видеотасма бар, аны иликтөө иштери көрсөтөт.

«Азаттык»: Тигилер деп тажик жарандарын барымтага алган жергиликтүү тургундарды айтып атасызбы?

Сайитжан Эратов: Жергиликтүү тургундар десек адашабыз, алар 10-15 чакты тентектер.

«Азаттык»: Видеотасмада баары тартылып калган болсо, ким экени аныкталып, кармалдыбы?

Сайитжан Эратов: Негизинен бардык балдар кармалды, эки бала качып жүрөт. Алар Баткен облусунун аймагынан чыга албайт, буюрса аларды да кармайбыз.

«Азаттык»: Жергиликтүү эл арасында кооптонуу бар экени айтылып жатат. Мындай маанайдын болушуна негиз барбы?

Сайитжан Эратов: Эч кандай негиз жок. Көпчүлүк биз өткөргөн атайын операцияга ыраазы. Кылмышкердин орду түрмөдө болуш керек.

XS
SM
MD
LG