Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Ош: мэрия май куйган жайларды көчүрөт


Жаңыланып жаткан май куюучу бекет. Ош шаары. Түштүк-Чыгыш кичирайону.
Жаңыланып жаткан май куюучу бекет. Ош шаары. Түштүк-Чыгыш кичирайону.

Ошто быйыл 20-мартта жарылуу болгон май куюучу жай кайра ишин жандантып жатканы аймак тургундарын нааразы кылды.

Бул маселе Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдун катышуусунда талкууланып, Ош шаарынын эл жыш жайгашкан аймактарынан орун алган май куюучу бекеттер шаардын сыртына чыгарылмак болду.

«Мэр сөзүнө турсун!»

Быйыл 20-мартта кечке жуук Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу бекетте жарылуу болгон. Андан эки адам жабыркаган.

Жарылуу болгон жерге барган шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаарында коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынарын билдирген. Ал эми май куюучу бекеттеги жарылуу боюнча Ош ШИИБи кылмыш ишин козгогон.​

Мэр Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу бекеттин жанында. Ош шаары. 21-март, 2019-жыл.
Мэр Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу бекеттин жанында. Ош шаары. 21-март, 2019-жыл.

Жарылуу болгон май бекети кайра толук оңдоодон өткөрүлүп, мурдагы калыбына келтирилди. Аны «кайрадан ишин жандантат экен» деген кабар жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын нааразы кылды.

Кичирайондун Манас аттуу тургуну май куюучу жай жарылары менен келип, «бул бекет жабылат» деген мэрдин сөзүн эске салды:

«Жарылуу болору менен мэр келген. Элдин көзүнчө «бул май куюучу жай жабылат, шаардын сыртына чыгарылат» деп сөз берген. Бирок эми үч ай өтпөй, жаңыланып оңдолуп алып, кайра иштегени жатат. Элдин баары «биздин чоңдор пул алып алган» деп нааразы».

«Мен да ушул жерде жашайм, - деди өзүн Жеңиш деп тааныштырган тургун. – «Мурунку жетекчилер уруксат берип койгон экен» деп эле унчукпай коюу туура эмес да. Азыркы жетекчилер токтотсун, башка жакка жылдырсын, мыйзамдуулугун текшерсин да».

Мэрия башаламан май бекеттерине каршы

26-июнь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы май куюучу жайлардын ээлери жана тийиштүү жетекчилердин катышуусунда атайын жыйын уюштурду. Калаа башчысы күйүүчү май саткан ишкерлерден акчадан мурда коопсуздукту биринчи орунга коюуну талап кылды:

Таалайбек Сарыбашов.
Таалайбек Сарыбашов.

«Элди какшатып туруп акча тапкандан көрө... Кудай сактасын. Кокустук болуп кетсе ошол жерде өзүңөр же жакындарыңар болбой калат деп ким кепилдик бере алат? Ошол үчүн баарыбыз бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. «Мурда уруксат берилген» деп атасыңар. Эми уруксат берилбейт. Токтотуп атабыз. Мына, телевизордо бир аял "Мэр акча алып, уруксат берген да" деп көрүп тургандай айтып атат».

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун жыйындан кийин журналисттерге билдиргени боюнча, жарылуу болгон май бекетине ишин жандандырууга уруксат берилген эмес.

«Бул боюнча кылмыш иши козголгон, - деди ал. – «Сот да бузуу жөнүндө чечим чыгарган» дешти. «Бирок соттун чечими ишкерге жетпей калыптыр» деп атышат. Муну да териштиребиз. Шаардык мэриянын позициясын көрүп жатасыңар - май куюучу жайлардын мыйзамдуу иштешин талап кылып жатабыз. Бир гана соттун чечимдерин күтүп жатабыз».

Мэрдин маалыматы боюнча, Ош шаарынын борбордук тарабында жана эл жыш аймактарында жайгашкан май куюучу бекеттер шаардын сыртына чыгарылат.

22 май бекеттин иши сотто, 12си прокуратурада каралып жатат

Март айындагы жарылуудан кийин Ош шаарындагы май куюучу бекеттердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тийиштүү кызматтардын жетекчилери, адистери кирген атайын комиссия түзүлгөн. Шаар аймагындагы 44 май бекеттин кыркы текшерүүгө алынган. Комиссиянын тыянагы менен алардын төртөөнө иштөөгө тыюу салынган. 22 май куюучу жайдын иши сотко берилген. Мындан тышкары мыйзамсыз иштеп жаткан беш автогаз бекетинин иши токтотулду.

Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов «Азаттыкка» 12 бекеттин иши прокуратурага келип түшкөнүн билдирди:

Кубат Абдраимов.
Кубат Абдраимов.

«22 май бекетинин иши сотко кетиптир. Бизге болсо комиссия мүчөлөрүн киргизбей, каршылык көрсөткөн жана башка себептер менен 12 май бекетинин иши келип түшкөн. Алар азыр каралып жатат, алардын ичинен да сотко жибериле турган жагдайлар аныкталса, биз да аларды сотко жиберебиз. Азыр аларды текшерүү иштери жүрүп жатат».

Кубат Абдраимовдун маалыматына таянсак, май куюучу бекеттерге иштөөгө уруксат берген тараптардын баарынын жоопкерчилиги каралат.

Ош шаарында жалпысынан 44 май куюучу бекет бар. Алардын ичинен алты бекет иштебейт, булардын бирөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, калганы муниципалдык бийликтин балансында.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG