Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Ошто жол кире кымбаттады


Оштун борбордук көчөлөрүнүн бири, 22-июнь.
Оштун борбордук көчөлөрүнүн бири, 22-июнь.

Ош шаарында жүргүнчүлөр акысы бир сомго көтөрүлдү. Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, эми чоң автобустарга 6 сомдон, кичи автобустарга 8 сомдон жол кире төлөнөт. Шаар сыртындагы каттамдарга болсо 9 сомго көтөрүлдү.

Мындай чечим күйүүчү майлардын кымбаттыгына байланыштуу болду деп түшүндүрөт бийликтегилер. Бирок муну шаар тургундары нааразылыктар менен кабылдоодо.

Калаа тургуну Гүлмира Кармышакова жол киренин кымбатташын тургундар нааразылык менен кабылдаганын айтат:

- Кичи автобуска чыксам 9 сом алды, майдасы жок экен деп кете бердим. Кайра келе жатсам да 9 сом алды. Эмнеге 9 сом аласың десем, "жол кире кымбаттады" дейт. Элге кыйын болду. Ансыз да кымбатчылык кыйнап атканда. Бийликтегилер кайра элдин жонунан кайыш тиле турган болду го.

Жол акынын кымбатташы шаардагы миңдеген студенттердин да нааразылыгын жаратты. Студент Адилет Турдуев автобуска чыгып көңүлү түшүп калыптыр:

- 1 сом кимдир бирөөгө акча деле болбошу мүмкүн.

Бирок студентттерге чындап тозок болот. Күнүнө жок дегенде 3-4 жолудан автобуска чыгууга туура келет. Билинбеген менен кете берет да. Мына бюджеттик бөлүмдө окугандарга да болуптур, стипендиясы бар дейли, бизге кандай болот? Ата-энебиз чөнтөгүн кактай турган болдук го эми бир болсо…


Ал эми калаа жетекчилиги жол акынын көтөрүлүшүн күйүүчү майлардын кымбаттыгы менен түшүндүрүүдө. "Тетиктерине болгон баанын да өсүшү буга аргасыз ушуга алып келди" дейт Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Искендер Жороев:

- Күйүүчү майлардын баасы 2010-жылы май-июнь айларында 29-30 сом болгон, апрел-май айларын карап көрсөк азыр 40-41 сомго туура келип атат. Ошондо 25 пайызга, 10 сомго кымбаттады. Азыр тетиктердин, тамак-аштардын да наркынын өскөнүн эске алганыбызда баа мындан да жогору болушу мүмкүн эле.

Темирбек Сатиев
Мурунураак шаарда 600дөн ашык кичи автобус каттаса, күйүүчү майлардын кымбатташы менен алардын саны 400гө араң жетип турган. Жол акынын көтөрүлүшү менен бүгүн эле 100гө жакын айдоочулар кайрадан жумушка чыгышты. Эми алар мурдагыга караганда күнүнө 300-400 сомдон көбүрөөк пайда табат.

Айдоочу Темирбек Сатиев "Азаттыкка" буларды айтты:

- 1 сомдон алганыбызда бизге көп болсо күнүнө 200-300 сомдон араң пайда түшөт. Ичкен-жегенибизге эми кененирээк жетчүдөй болуп турат. Ошого байланыштуу да бүгүн көп айдоочулар жумушка чыгышты. Мурда көбү эле башка иштерге кетип, автобустар аябай тыгын болчу эле да.

Ош шаарында 5 автобустук жана 56 кичи автобустук каттам бар. Кымбатчылыктын айынан алардын көпчүлүгү кечкисин таптакыр каттабай калышкан болчу.

Бирок эми айдоочулар караңгы киргенге чейин каттоого кызыкдар болушат дейт бийликтегилер. Анткени мурда кечки тариф саат тогуздан кийин алынган болсо, эми жүргүнчүлөр кечки саат сегизден кийин эле 10 сомдон төлөөгө аргасыз.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG