"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары - социология илимдеринин кандидаты, "Аялдарга жардам" борборунун байланыш боюнча координатору Топчугүл Шайдуллаева, “Ынтымак” жаштар кыймылынын жетекчиси Адил Назаров жана Жаштар кеңешинин Нарындагы төрагасы Жеңиш Молдокматов.
“Азаттык”: Куранда “Бейиш энелердин таманы алдында” деп, эненин канчалык жогору экени көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө энелерге ойдогудай камкордук көрүлүп жатабы? Алардын макамын кантип көтөрүү керек?
Топчугүл Шайдуллаева: Бизде Эне күнү деп белгиленип жатканы жакшы нерсе болду. Муну менен биз дүйнөлүк маанилүү нерсеге кадам койдук. Анткени бул майрам дээрлик бардык өлкөлөрдө майрамдалат. Ошондуктан бул декларативдүү, бир күндүк болуп калбастан, мыйзамдык жактан да бекип калса жакшы болор эле.
Энелерге камкордук мыйзамдык негиздерге ээ болуп жана бул жалпы журттун демилгеси болуш керек. Формалдуу мүнөздөгү майрамдардан эмес, аны биз түп көтөрүлө майрамдашыбыз керек.
Эне күнүн өткөрүү иш-чаралары менен таанышып чыктым. Бул бир эле күнгө арналгандай таасир калтырды. Энелерге мамлекет, коом жана балдары тарабынан татыктуу мамиле болушу зарыл.
Адил Назаров: Энебиз бизди тогуз ай көтөрүп, омурткасы сыздап, жарык дүйнөгө алып келип атпайбы. Ошондуктан эненин курсагында жатканда эле эне менен баланын байланышы болот экен да. Кыргызда бекеринен эне тили деп айтылбайт экен. Анткени төрөлгөндө эле алгач энесинин үнүн угат.
Мен рухий баалуулуктарды белгилеп кетким келет. Советтик доор озунүн мөөрүн өзгөчө энелерге таштап кетти, коммунизм курабыз деп көп баалуулуктарды четке чыгарып койду. Кыргызда энелер көчөгө чыгып бирөөдөн тыйын сураган эмес, энесин карылар үйүнө жеткизип койгон учур болгон эмес.
Азыр деле эне менен атанын ролу алмашып калды. Аталары баласын карап, кирин жууп, тамагын жасап үйдө отурат, энелери чай сатып, соода-сатык кылып сыртта жүрөт. Бул туура эмес.
“Энени көрүп кыз, атаны көрүп уул өсөт” дейт. Бул жерде өсүп келаткан бала энесин карайбы же атасын карайбы? Ошондуктан жоготуп алган, унутулуп калган рухий баалуулуктарга кайра кайтып келишибиз керек.
Энеге колдон келишинче тыйын-тыпырыбызды деле алып барабыз. Бирок бул маанилүү деле эмес экен. Аларга убакыт бөлүп, маңдайында неберелери менен отуруу эң маанилүү экен.
Жеңиш Молдокматов: Эркек бала эң биринчи энесин, аялын анан баласын сүйүш керек. Азыр биринчи баласын, анан аялын, акырында энесин сүйөт экен. Алмашып калган. Тилекке каршы азыр энелерди сыйлап, урматтабай калдык. Мындай көрүнүш жаштар арасында өтө көп.
Экинчиден, жакшы эле турган үй-бүлөлөрдө энеси балдарынын кашында отуруп тамеки тартат, ичимдик ичет. Бул деле көмүскөдө жаткан нерселер эмес да. Биздин да “улууну урматтап, кичүүнү ызаттоо” деп жаштарды бириктирип, энелерди урматтап алалы деген максатыбыз бар. Азыр ушул багытта иштеп жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: