Талкууга жаш активист Атыр Абрахматова жана Жогорку Кеңештин депутаты Урулкан Аманбаева катышты.
“Азаттык”: Атыр айым, депутаттардын ушундай демилгеси кандай натыйжа берет? Дегеле азыр ушуга негиз барбы?
Атыр Абрахматова: Менин оюмча, депутаттардын мындай демилгеси азыркы мезгилге бир аз ылайык келбейт. Бул абдан көйгөйлүү маселе.
Кыргызстандын ичинде эле ушул сыяктуу көп көйгөйлүү маселелер бар. Мисалы, ала качуу проблемасы. Ала качуу маселесин Кылмыш жаза кодексинде көрсөткөндө да эч кандай чаралар көрүлбөйт. Жакында эле көрдүк, канча кыз өмүрүн кыйды. Ошондуктан биз өзүбүздүн мамлекетибиздин ичинде кыз-келиндердин укуктарын сактай албасак, кепилдиктерди бере албасак, анда чет мамлекеттегилерге кантип түзөбүз?
“Азаттык”: Эгер тыюу салынса, жол-жоболору кандай болуш керек деп ойлойсуз?
Атыр Абрахматова: Бир нерсеге тыюу салынса, анда мыйзамсыз көрүнүш пайда болот. Мыйзамсыз чыгып кеткен кыз-келиндердин саны белгисиз болуп, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбай калат. Бул проблема андан дагы ырбашы мүмкүн.
“Азаттык”: Кыргызстандык кыз-келиндердин чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуусуна тыюу салуу демилгесин депутаттар көтөрдү эле. Буга негиз барбы? Эгер бар болсо, кандай жол-жоболору болуш керек?
Урулкан Аманбаева: Кесиптештеримдин бул мыйзам долбоорун алып чыкканга кошулбайт элем. Себеби биздин кыз-келиндердин чет жакка чыгуусуна тыюу сала албайбыз. Эгер тыюу салсак, мыйзамсыз чыгып кете беришет. Ошондуктан бул коомчулуктун талкуусу менен чыкса жакшы болмок. Бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй албайбыз.
“Азаттык”: Бул маселени кантип чечиш керек?
Урулкан Аманбаева: Мектептен баштап тарбия жүргүзүшүбүз керек. Ар бир эне өзүнүн баласын "жакшы бол, урматта-сыйла" дейт. Бирок бала чоңойгондон кийин өзүнүн турмушка болгон укугу болот экен да. Бардыгыбыз киришип, социалдык проблеманы көтөрүп, адамдарга иш берип, социалдык көйгөйлөр чечилгенде бул өзүнөн-өзү жоголо турган маселе.
Атыр Абрахматова: Миграция министрлигинде элди чет жакка чыгарган фирмалар уруксат алышат. Ошол жерде алардын жоопкерчилиги көрсөтүлөт. Азыркы кезде үй-бүлө куруу тууралуу келишим деген нерсени мамлекеттик каттоодон өткөрүш керек. Ошону киргизсе балким бул проблема чечилип калаар.
“Азаттык”: Рахмат.

Себеби биздин кыз-келиндердин чет жакка чыгуусуна тыюу сала албайбыз. Эгер тыюу салсак, мыйзамсыз чыгып кете беришет.
Атыр Абрахматова: Бир нерсеге тыюу салынса, анда мыйзамсыз көрүнүш пайда болот. Мыйзамсыз чыгып кеткен кыз-келиндердин саны белгисиз болуп, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбай калат. Бул проблема андан дагы ырбашы мүмкүн.
“Азаттык”: Кыргызстандык кыз-келиндердин чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуусуна тыюу салуу демилгесин депутаттар көтөрдү эле. Буга негиз барбы? Эгер бар болсо, кандай жол-жоболору болуш керек?
Урулкан Аманбаева: Кесиптештеримдин бул мыйзам долбоорун алып чыкканга кошулбайт элем. Себеби биздин кыз-келиндердин чет жакка чыгуусуна тыюу сала албайбыз. Эгер тыюу салсак, мыйзамсыз чыгып кете беришет. Ошондуктан бул коомчулуктун талкуусу менен чыкса жакшы болмок. Бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй албайбыз.
“Азаттык”: Бул маселени кантип чечиш керек?
Мыйзамсыз чыгып кеткен кыз-келиндердин саны белгисиз болуп, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбай калат.