Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Бүтүрүүчүнү убара кылган дипломдогу ката


Ош мамлекеттик университети
Ош мамлекеттик университети

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин быйылкы 755 бүтүрүүчүсү дипломдорун ала албай жатышат.

ОшМУнун медицина факультетин бүтүргөн Турсунбек (аты өзгөртүлдү - ред.) билимин андан ары өркүндөтүү үчүн Москвага барган. Бирок колунда окуу жай берген маалым каттан башка эч нерсе жок экен:

«Москвага окууга тапшырганы келгем. Азыр колумда болгону "Ош МУнун медицина факультетин аяктады" деген гана убактылуу баракча бар».

Турсунбектин айтымында, алар медициналык кесипке ээ болгонун тастыктаган дипломду 27-июнда алышкан. Бирок дипломдо ката бар экени аныкталып, кайтарылган:

«Дипломдо штрих коддор туура эмес болуптур деп, баарын Бишкекке кайтарышкан. Биз окуубузду улантуу үчүн ар кайсы жакка тарап кеткенбиз. Мен Москвадамын, бул жакта документтерди 9-августка чейин эле кабыл алышат экен. Ошого чейин дипломубузду эртерээк оңдоп, колубузга берсе жакшы болор эле».

Замирбек Божонов
Замирбек Божонов

Дипломдогу катага байланыштуу териштирүү жүрүп, бул «Учкун» басмаканасынан кеткен ката экени аныкталган. Ош МУнун проректору Замирбек Божоновдун «Азаттыкка» маалымдашынча, дипломдор басмаканага жиберилген:

«Окуу процесси аяктап, мамлекеттик экзамендер бүткөн соң биз жылдагыдай эле тиешелүү документтерди даярдап, «Учкун» басмаканасына бергенбиз. Эч кандай катасыз, мөөнөтүндө бергенбиз. Эл аралык медицина факультетинин 201 бүтүрүүчүсүнө дипломдорун бергенбиз. Медицина факультетинин 755 бүтүрүүчүсүнө дипломдорго кол коюп, бергени даяр турганбыз. Ошондо бизге «дипломдо ката бар экен, штрих коддорду окулбай жатат» деген маалымат келди. Биз ал дипломдордун мукабасын «Учкунга» кайтарганбыз. «Учкун» басмаканасы өз катасын мойнуна алды, азыр оңдоп жиберишет. Эки-үч күндө келет деп күтүп жатабыз. Дипломдогу ката үчүн ОшМУ күнөөлүү эмес».

«Учкун» басмаканасы дипломдордогу штрих коддун окулбай калганын техникалык мүчүлүштүк деп белгилөөдө. Аталган ишкананын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Элеонора Шакитаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул мүчүлүштүк ошол замат оңдолуп, дипломдор ОшМУга жиберилген:

«Дипломдун кыргызча бетиндеги штрих коддор айрым жерлерде окулбай калууда деген маалымат түшөрү менен, биз аларды кайтарып алып, оңдоп, кайра жибердик. Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, оңдоого кеткен чыгашаны өзүбүз көтөрдүк. Дипломдор учурда Ош мамлекеттик университетине жетти. Кыргызча жагындагы штрих коддор айрым андроид телефондордон окулбай калган экен. Биз аларды кайтарып, бул жакта компьютер менен текшерип, оңдоп жибердик».

ОшМУнун дипломдорундагы ката «Учкун» басмаканасы тарабынан кетирилген алгачкы ката эмес. Өткөн айда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн орто билими тууралуу аттестат жана толук эмес орто билими тууралуу күбөлүктөр да ката менен басылган.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпысынан 95 миң аттестат жана күбөлүктөгү каталар үчүн жоопкерчиликти «Учкун» басмаканасына оодарган. Министрлик документтердин басмаканага өткөрүлүп берилген үлгүлөрүндө ката болбогонун белгилеген.

«Учкун» басмаканасынын жетекчиси Даир Кенекеев болсо кийинчерээк ката менен чыккан аттестаттардан мамлекеттин бюджети эч кандай зыян тартпаганын «Азаттыкка» билдирген. Анын айтуусунда, ката жазылган 24 аттестаттын баасын техникалык ката кетиргени үчүн бөлүм башчы 690 сом төлөп берген жана бул ката үчүн «Учкундун» бир кызматкери иштен алынган.

Оштогу педагог Куштарбек Кимсанов мамлекеттик документтерди даярдоого жарыяланган тендердеги келишимге ылайык, ката кимден кеткен болсо, жоопкерчиликти ошол тарап тартууга тийиш деген пикирин билдирди:

«Бирок оңдоп берип коюу менен маселе чечилбейт. Анткени убакыт кетти жана адам убара болду. Ошондуктан буйрутма берген тарап буйрутманы аткарган тарапка доо артууга акысы бар. Жоопкерчилик болушу керек».

«Учкун» басмаканасы тарабынан басылган 95 миң аттестат жана күбөлүктөгү катага байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

Ошол эле учурда акыркы мезгилде мамлекеттик, башка билим берүү мекемелеринен, мектептерден, жогорку окуу жайлардан кетирилип жаткан каталар социалдык тармактарда сынга алынып, жоопкерчилик маселеси байма-бай көтөрүлүп жатат. Сабаттуулук маселесине байланышкан коомдук сын-пикирлерге Билим берүү министрлиги баштаган тиешелүү тармактар жооп берише элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG