Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Мүлк талашып кол үзүшкөн туугандар


Иллюстрация
Иллюстрация

"Азаттыктын" апта түрмөгү бул ирет үй-бүлө, туугандар арасындагы мүлк талаш тууралуу болмокчу.

Акыйкатчынын Нарындагы өкүлчүлүгүнө өткөн жылы бир туугандар арасында үй талашка байланыштуу он арыз түшкөн. Ал эми тиешелүү жерлерге арызданбай ич ара араздашып, турак жай үчүн бет карашпай калган бир туугандар Нарында көбөйүүдө. Акыркы убакта кыргыздын жазылбаган мыйзамына каршы чыккан мындай көрүнүштөрдүн себеби эмнеде? Аймактан кабарчыбыз Мирлан Кадыров араздашкандардын оюн сурап көргөн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00
Түз линк

Ата-эне мүлкүн мыйзамга ылайык кыз балага да тең бөлүштүрүү маселеси кыргыз-өзбек үй-бүлөлөрдө күн тартибине чыкты. Маселен ата-эне мүлкүн мурастап калган эң кенже уул баладан өзүнчө турмуш куруп кеткен кыздар да тең бөлүнүшүн талап кылган көрүнүш көбөйгөн. Мурас бөлүштүрүүдөгү жаңы көз караштар тууралуу кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Түз линк

85 жаштагы мураскор байбиченин үйүн бакма уул-кызы бөлүшө албай соттошуп жатышат. Жети-Өгүз районунда катталган бул талаштын чоо-жайын аймактагы кабарчыбыз Асейин Маданбеков сураштырды.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00
Түз линк

Баткенде бир туугандар арасында атасынан калган мүлккө ээлик кылуу мыйзамда көрсөтүлгөндөй бөлүштүрүлбөйт. Үйдүн кичүүсүнө калат, же башкача айтканда, кыздары менен чоң уулдары атаандаша албайт. Укуктук негизде жакын тууганы менен мүлк талашчу болсо аны уят деп эсептеп, көпчүлүк жектеп калат. Укук коргоочуларга же кызматтарга жакын туугандар мүлк талашы боюнча кайрылуу дээрлик жокко эсе. Ичте катылган нааразылык кээде терс көрүнүштөргө жеткирген учурлар да болуп калат. Баткенден кабарчыбыз Жениш Айдаров кененирээк баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00
Түз линк

"Уулбу, кызбы - ата-эненин очогун өчүрбөй багып, ыраазылыгын алса, мыйзам деле ошол тарапты коргойт" дейт кийинки материалдын каарманы. Бир туугандар ич ара чече албаган ата мүлкүн мыйзам аркылуу чечтирип алган үй-бүлө тууралуу Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева айтып берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00
Түз линк

Жеке менчикке укуктарды ыйгарууда жарандар эмнеге маани бериши керек жана эмнеден өксүйт? Кыргыз үй-бүлөсүндөгү жазылбаган мыйзамдардын заманы бүттүбү? Үй-бүлөлүк менчикке ээлик кылуу, бөлүштүрүү, ыйгаруу, керээзге мурас калтыруунун мыйзамдагы жол-жобосу кандай? Бул суроолорго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдыжапар Бекматов жооп берет. Суроолорду кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов узаткан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG