Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Кыргызстанда ким көп айлык алат?


Эмгек акынын өлчөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 157 мамлекеттин ичинен 122-орунду ээледи.

Европанын статистикалык бөлүмү, Эл аралык эмгек уюму жана Экономикалык кызматташтык жана улуттук статистиканы өнүктүрүү уюму 2017-жылга карата чыгарган эсепте Кыргызстандагы орточо маяна 220 АКШ долларына барабар деп көрсөтүлгөн.

Эл аралык рейтинг менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин эсеби дээрлик дал келет. Бирок бул реалдуулукка жакынбы? Өлкөдө эң аз жана эң көп айлык алгандар кимдер?

Алдыңкы жана акыркы катардагылар

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Бул мамлекеттерде орточо айлык акы 3,5 миң доллардан көп. АКШда 3 120, Орусияда 615.

Борбор Азиядан Казакстанда орточо айлык 480 доллар. Түркмөнстан 320 доллар менен 110-орунду, Өзбекстан 235 доллар менен 118-тепкичти ээледи. Тажикстан 110 доллар көрсөткүчтө 132-катарда турат.

Ооганстан орточо 34 доллар маяна менен рейтингде 150-орунда. Тизмедеги 157 мамлекеттин акыркы сабында Зимбабве турат. Бул өлкөдө орточо айлык акы 21 долларга барабар.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, өлкөдө орточо айлыктын көлөмү быйыл январь-март карата 15 120 сом, башкача айтканда 200 доллардан бир аз ашыгыраак.

Статкомдун былтыркы эсебинде орточо айлык 14 миң сом деп айтылып, коомчулукта бул сумма реалдуулукка дал келбейт деп, расмий маалыматты сындап чыккандар болгон.

Эл ишенбейт

Биз Бишкектеги карапайым тургундарга микрофон сунуп, дүйнөлүк рейтинг жана статкомдун тыянагы боюнча пикирлерин сурадык:

Кенжебү Маматсадыкова, журналист:

- Көбүнчө менчик ишканаларда, өкмөттүк эмес уюмдарда иштегендердин айлыгын эсептеп, орточо маянаны өлчөшөт сыягы. Мамлекеттик кызматтарда 3000-4000 сом алып иштегендер да бар. Жаш мугалимдердин, жаш медиктердин айлыгы аз.

Батырбек Алмазбеков, айдооочу:

- Менимче, 15 миң сом дегени чындыкка туура келбейт. Мамлекеттик ишканаларда 10 миң сомго жетпеген эле айлык менен жүрүшпөйбү.

Калбүбү, санитар:

- Он миң сом десе балким чындыкка бир аз жакындамак.

Жолдошбек Төкөлдөшев, коопсуздук кызматкери:

- Орточо айлык акыны 6-7 миң сом деп чыгарышса ишеничтүү болот.

Экономист Азамат Аттокуров Кыргызстандагы орточо айлыктын чыныгы өлчөмү 12-13 миң сом деп эсептейт. Ошол эле учурда статкомдун 15 120 сом деген тыянагы да реалдуулуктан алыс эмес деген ойдо:

Азамат Аттокуров
Азамат Аттокуров

- Мисалы, Бишкек шаарында орточо айлык 20 сомго жетет. Аймактарда 10 миң сомдон ашат. Жалпы тармактагы айлыктар кошо эсептелип, анан статистикалык маалыматтар даярдалат. Дыйканчылык, жана башка жумуштар да бар эмеспи. Дарыгерлердин айлыгы бир аз жогорулады. Бирок мугалимдердики аз бойдон калып жатат.

Аттокуровдун пикиринде, Кыргызстанда көбүрөөк акча тапкандар жалпы элдин 20% түзөт. Калганы орто жана төмөн айлыкка иштегендер жана кирешеси аз кишилер.

Статкомдун түшүндүрмөсү

Улуттук статистика комитетинин Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлообаева орточо айлыктын өлчөмүн аныктоонун жол-жобосун минтип түшүндүрдү.

“Азаттык”: Кыргызстандагы орточо айлык акы быйыл январь-март айларына карата 15 120 сом аныкталыптыр. Бул реалдуулукка канчалык дал келет?

Жайлообаева: Дал келет. Анткени, бизге ай сайын 15 миңден ашуун мекеме-уюмдар отчет берет. Ошол отчеттордо тизмедеги жана тизмеде жок жумушчулардын фондунун эсептелген суммасы эмгек акыны эсептөө үчүн кабыл алынган жумушчулардын санына жана отчеттук мезгилдеги айлардын санына бөлүнөт. Ушул жол менен эсептелет.

“Азаттык”: Бул аябай татаал түшүндүрмө болду. Жөнөкөйлөтүп айтып бериңизчи.

Кошумча айлык мугалимдин баарына жетпейт

Кошумча айлык мугалимдин баарына жетпейт

Келерки жылдан тарта бийик тоолуу шартта иштеген адистер кошумча айлык акы ала баштайт.

Жайлообаева: Бизге мекеме-уюмдар эмгек акы, жумушчулардын саны боюнча отчет берет. Ошол жумушчулардын санынын эсеби чыгарылат жана эмгек акы фондунун суммасы эсептелет. Чыккан сумма кызматкерлердин, жумушчулардын санын бөлүнөт. Анан ал январь-мартка эсептелсе үчкө, январь-апрелге эсептелсе, төрткө бөлүнөт. Ошондо орточо айлык канча экени чыгып калат. Мисалы, финансы, камсыздандыруу мекемелеринде орточо айлык 30 миң сомдон ашык болсо, билим берүү, медицинада 10 миңден ашыгыраак. Ошонун баары кошулат, республика боюнча эсептелип, чыгарылат.

“Азаттык”: Кыргызстанда мугалимдер 10 миң сомдон ашуун айлык алат деп айта алабызбы?

Жайлообаева: Отчеттуулук берген мекеме жөн эле сандарды жазып койбойт. Алар бизге берип жаткан маалыматты мөөр менен, кол тамгалар менен тастыкташат. Кепилдик беришет. Биз аны базага киргизип, орточо айлыкты тактайбыз.

“Азаттык”: Мугалимдер 10 миң сомдон көп алат ишенимдүү айта алабызбы?

Жайлообаева: 10 миңге жетпейт деп да айтууга болбойт. Бир кишинин сабагы көбүрөөк болсо, 15 миң сом алат, бири азыраак алат. Дене тарбия жана математика мугалимдерин бири бирине салыштырганга болбойт.

“Азаттык”: Буга чейин орточо маянаны 14 миң сом жарыялаганыңарда да коомдо талкууга түшүп, "чындыктан алыс" деген сын-пикирлер айтылды эле. Эми 15 миң сомдон көп дегенге ишенеби адамдар?

Жайлообаева: 15 миң сом - бул бүт экономика боюнча эсептелди. Анын ичинде экономикалык ишкердиктин түрлөрүн бөлүп карай турган болсок, өнөр жай, курулуш, финансылык, маалымат жана байланыш тармагындагылар быйыл январь-мартка карата 30 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Анан башка тармакта иштегендердин айлыктары эсептелет, бүт баары кошулуп, орточо айлык акы эсептелгенде 15 120 сом чыгат. Мен өзүмдүн цифрама кепилдик бере алам.

“Азаттык”: Кыргызстанда эң аз айлык алган кесип ээлери кайсылар?

Жайлообаева: Биз эң аз айлык деп айтпайбыз, “республикалык деңгээлден төмөн” дейбиз. Буга саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө багытында иштегендер кирет. Алардын орточо маянасы 9 867 сом. Билим берүү тармагындагылардыкы 10 802 сом. Бул быйыл январь-мартка карата чыгарылган эсеп.

Саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердин айлыгы аз.
Саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердин айлыгы аз.

“Азаттык”: Эң көп айлыкка иштегендер кимдер?

Жайлообаева: Эң жогору маяна төлөнгөндөрдү “республикалык деңгээлден жогору айлык алгандар” дейбиз. Алар – финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу мекемелеринде иштегендер. Финансылык ортомчулуккка банктар, насыя берген компаниялар кирет. Бул тармактагылар орточо 33033 сом алышат. Андан кийин маалымат жана байланыш тармагы турат. Маяна 29600гө барабар.

“Азаттык”: Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардыкы эсептелеби?

Жайлообаева: Жок, алар бизге отчет беришпейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG