Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Сыргабай карыяга 70 өнөр аздык кылат


76 жаштагы Талас шаарынын тургуну Сыргабай Күрүчбеков бала кезинде тылда иштеп, жарым кылымдан ашуун жүргүнчүлөрдү ташып айдоочу болуп, ошол эле кезде обон созо ыр ырдап, “Манас” эпосунан үзүндү айтып, бир канча республикалык кароо-сынактардын бир жеңүүчүсү болгон.

Сыргабай Күрүчбеков бизге атасы куугунтук жеп, балалык кези согуш жылдарына туш келип, андагы көргөн кыйынчылыктары жөнүндө айтып берди:

- Атасы жок жетимчиликтин азабын тартып, байкем согушка, эжем турмушка чыгып, апамдын колунда үч бала калып, убагында билим албай, машак терип жүрдүк. “Полуторка” деген машинени алгач көрүп, темирге дөңгөлөк тагып эле айдап жүрө берет экен деп таң калгам. Ошондо мен да ушундай айдоочу болгум келип, Манастын күмбөзүнө барып сыйынчумун.

Тестиер кезинде турмуштун кыйынчылыгы, курсагынын ачканына карабай талаада эмгектенип жүргөндө анын шайыр мүнөзү ырга тарта берчү тура.

- Жетинчи классты бүтүп, колхоздо тракторго суу куюп иштеп жүрдүм, прицепщик деп койчу. Курсагым ачка болуп турса да Мукай Элебаевдин ырларын ырдай берчүмүн.



Ташкындап чыккан талант

“Жаштын тилегин берет” демекчи, Сыргабай карыянын 56 жылдык өмүрү дөңгөлөктүн үстүндө өткөн экен. Айдоочу болуп, эл ташып жүргөн кезинде таланты ташкындап, ыр жазып анысын созо кетчү. Муну байкаган жетекчилери өздүк көркөм чыгармачылар тобуна кошуп, ал эмгек ырларын ырдап, “Манас” айтып далай республикалык сынактардын байгелүү орундарын ээлеген экен.

- Сагынбү деген эже “Сонун да” деген ырды сунуш кылып, “бул чабандар жөнүндө сонун ыр, үнүң жакшы, далай жерге барасың” деп, мен буга көнүп, аны аткарып калдым. Фрунзеге барып, кароо сынактан биринчини ээледим.



Айдоочу Сыргабай карыя учурунда театрда да роль ойноп, анысы менен Москвадан ийгилик жаратып, алардын эмгегин Чыңгыз Айтматов өзү баалаган экен.

- 1967-жылы “Биринчи мугалимди” койо турган болуп, Чыңгыз Айтматов Таласка келип, Москвадагы чоң театрдан Калинин деген режиссер келип бизди даярдады. Анан Москвага барып, 36 театрдын ичинен биринчиликти ээледик. Мен “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөндүн дублёру болчумун. Ошондо Чыңгыз агабыз абдан ыраазы болду.

Сыргабай карыянын автобазада айдоочу болуу менен катар шайыр, залкарлар менен катарлаш далай деген бийиктиктерди багынтканына анын колундагы сүрөттөрүн көрүп дагы бир ынандым. Анткени ал сүрөттөрдө Сыргабай карыя Рыспай Абдыкадыров, Зейнеп Шакеева, Жолдубай Кайыпов менен түшкөн экен.

- Кыргыз ССРинин конкурсуна бүт аймактардан катышуучулар барганбыз. Ошондо Рыспай Абдыкадыров, Зейнеп Шакеева, Жолдубай Кайыповдор менен чогуу сүрөткө түшкөнбүз.



Сыргабай Күрүчбеков эмне иш кылса да баарын берилип жасай турганы көрүнүп турат. Көзүн жумуп алып, токтоо мүнөзү менен “Манастан” үзүндүнү айтып берип жатып өкүнүчтүү жерден кейип, айрым жерден Айкөл Манастын дал өзүндөй айбаттана калып жатты.

Чындык издеп...

Эми Сыргабай карыянын жашоосундагы бурулуш учурга келсек. Ал Кеңеш доорунда атасы эл душманы делинип Компартияга мүчө боло алган эмес. 90-жылдары өлкө эгемендүүлүккө жеткен учурда өткөн системанын ага жасаган басынтууларынан кутулганына кубанып, эркиндикти биринчилерден болуп сүйүнүч менен тосуп алган экен.

- Жогорку окуу жайды бүтө албадым, Компартияга мүчө болбой калдым, “атаң соттолгон” дешти. Ошондо өтө нааразы болдум. 90-жылдары КДК келгенде эркиндик, эми чындык келет экен деп сүйүнүп тосуп алдым.

Карыя өмүрүндө чындыкты издеп келгенин, акыры чындык көп деп “Азаттык” үналгысы менен достошуп калганын кошумчалай кетти.

- Мурда гезиттерди окучу элем, эми аларга да ишенбей калдым. Азыр чындык көбүрөөк деп “Азаттыкты” угуп эс алам. Мага абдан жагат.

Сыргабай Күрүчбековдун кызык окуяларын айта берсе түгөнгүс экен. Анын баскан өмүр жолун угуп отуруп, талант адамдын кесибине карабай акыры бир жерден оргуштап чыгаарына дагы бир жолу ынандым.

Күрүчбеков Эл артисти, Эмгек сиңирген артист деген сыяктуу наамдарды алган эмес, алам деп да жулунбаган. Бирок аталган наамдарга жетип, эл ичинде тамаша иретинде айтылып жүргөн “свет өчсө кошо өчкөн артисттерден” анын таланты кыйла эле жогору экенини көрүнүп турат.
XS
SM
MD
LG