Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Барактыктар Барак Обамадан жардам күтөт


Ош коогасы учурунда Барактан качып чыккан тургундар Кара-Суунун Ак-Таш айылына тигилен чатырларда күн кечирип турду.
Ош коогасы учурунда Барактан качып чыккан тургундар Кара-Суунун Ак-Таш айылына тигилен чатырларда күн кечирип турду.

Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак анклавынын тургундары АКШ президенти Барак Обамага жардам сурап кайрылды.

Чек ара өтмөктөрүндөгү катаал талаптардан тажаган Барактыктар АКШ президенти Барак Обамадан чыдамсыздык менен жардам күтүшүүдө. Өлкө бийлигинен оңдуу жардам болбогондон кийин Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак анклавынын тургундары аты окшош айылга жардам колун сунабы деп мындан бир ай мурда АКШ президентине кат менен кайрылышкан эле.

Кысылган турмуш
Барак Обамадан мурда өзүбүздүн өкмөткө кайрылганбыз. Бирок жардам болбоду.

Айыл тургуну Дөөлөтбек Мусабековдун айтымында, коңшу өлкө тарабынан анклавдын жашоочуларына кысым күч

- Биз кат жазганыбызга бир айдан ашып калды. Интернеттен Американын Ак үйүнөн катыңарды алдык деген жооп да келген. Бирок жардам беришеби, жокпу айтыша элек. Күтүп жатабыз. Өзү Барак Обамадан мурда биз өзүбүздүн өкмөткө кайрылганбыз. Финансы министри, башка министрликтер, анан мына бу Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы биз барактыктарга жардам бере албайбыз дешкенден кийин гана ошол жакка кайрылууга аргасыз болдук да. Эми бизде азыр Кыргызстанга көчүп, турак-жай салуу маселеси абдан оор болуп турат да. Ал жакта жашаш азыр мүмкүн болбой калды. Өзбекстан тарап барактыктарды тынбай эле кысмакка алып жатат.

Барак Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы жалгыз анклавы. Былтыркы жайдагы окуялар учурунда бул айылдын жашоочулары өз турак-жайларын таштап, чек арадан өтө качышып, бир нече күн бою өз турактарына баруудан кооптонуп жүрүшкөн.
Сырттагы тууган-урук менен байланыш үзүлүп калды. Бирөө жарым төрөй турган болсо тез жардам келе албайт. Баракты айланта казып салган...

Эгемендик алган жылдардан бери эле алар үчүн чек арадан өтүү кыйынчылык жаратып келет. Айрыкча, чек ара өтмөктөр жабылгандан кийин тууган уруктар менен катнашуу таптакыр үзүлүп калды. Ал эмес, айылдан бирөө жарым ооруп калса же, төрөп калса Кыргызстанга алып келүү абдан кыйын дейт айыл тургуну Дөөлөтбек Мусабеков:

- Эми бул кыйынчылык ошол токсонунчу жылдан бери эле болуп келе жатат да. Той-тамаша болсо, өлүм-житим болсо, эч кимди киргизбейт. Бул жактагы тууган-урук менен байланыш үзүлүп калды. Айылда бирөө жарым төрөй турган болсо, же ооруп калса тез жардам чакырганга мүмкүн эмес. Баракты айландырып казып салган да. Ошондон чыккандын баарын эле нары алып кирип кетип, жазалап коюп атышат да.

Анклавдын азабы

Барактыктардын айтымында, кооагалаңдан кийин чек арадан өткөн жаштарды, айрыкча кыздарды да кыйноого салган учурлар кездешет. Өзүн Сабира деп тааныштырган айыл жашоочусу буларды айтат:

- Барак айылынан Ош шаарына 21 студент келип окуйт. Ошолор келип-кеткенде, айрыкча кечкисин абдан кыйналышат. Өтмөктө тургандар аларды ар нерсе кылып убара кылышат, кээ бирлерин алып кетип калышат. Кыздар да... бир нерселерди айтып эрмектешет.

Ушундай кыйынчылыктарга тушуккан барактыктар буга чейин Өзбекстандын аймагында калган анклавга коридор ачып берүү талаптарын коюп келишкен эле. Болбосо Кара-Суу аймагынан алар үчүн жер бөлүп, курулуш каражаттарынан жардам берүүсүн борбордук бийликтен өтүнгөн. Бирок эмдигиче алардын талабы канааттандырыла элек.

Ош облус башчысынын биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевдин айтымында, облусттук жетекчилик бул маселелерди чечүүнү колго алган. Өкмөттүн чечими чыкса эле барактыктар Кыргызстандын аймагынан жерлерге ээ боло алышат:

- Барак айылынын тургундарынын жер маселесин чечүү үчүн бизде маселе козголгон. Аларга ошол эле Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округунан 30 гектар, Сары-Колот айыл округунан 18 гектар жер бөлүп берүү жөнүндө чечим бар. Ага преьер-министр Алмазбек Атамбаев кол коюп, трансформация болгондон кийин чечилет. Буюрса жакын арада чечилип калат.

Жалпысы болуп 1000ге чукул адам отурукташкан Оштун Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавы чекара тилкесинен 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Жашоочулардын көпчүлүгү кыйынчылыктардан улам Кыргызстанга көчүп кетүүнү туура көрүшсө, ошол жерде эле калууну туура көргөндөр да бар. Барактыктар эгер Кыргызстандан жер бөлүнүп берилип, үй курууга Америка президенти көмөк көрсөтсө, жаңы түшкөн айылга Барак Обаманын ысмын ыйгарабыз дешет .
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG