Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Германия дүйнөнүн төрт жолку чемпиону


Бразилия -- Германия оюнчулары финалдык таймаштан кийин жеңишин белгилеп жатышат. 13-июль, 2014.
Бразилия -- Германия оюнчулары финалдык таймаштан кийин жеңишин белгилеп жатышат. 13-июль, 2014.

Бир ай бою дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Бразилиядагы футбол чемпионаты жыйынтыкталды. Финалда Германия менен Аргентина беттешип, германиялыктар 4-ирет дүйнө чемпиону аталды.

Финалда Германия менен Аргентина командалары беттешип, негизги убакытта эсеп ачылбады. Кошумча убакытта гана германиялык Гетце эсеп ачып, командасына жеңиш тартуулады.

Буга чейин Аргентина менен Германия эки жолу финалда кездешкен. 1986-жылы Мексикада өткөн чемпионатта аргентиналыктар немистерди 3:2 эсебинде утуп алышкан. Арадан 4 жыл өткөндө 1990-жылы Италиядагы дүйнө чемпионатынын финалында германиялыктар Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңген.

Ошентип Германия командасы дүйнө чемпиондук наамын төртүнчү ирет жеңип алды. Алар 1954-жылы Швейцарияда, 1974-жылы Германияда, 1990-жылы Италияда өткөн дүйнө чемпионаттарында чемпион аталган. Алар 4 жолу күмүш жана 4 ирет коло байгелүү да болушкан.

- Финалда германиялыктар эң мыкты команда экенин далилдеп, башка континентте биринчи ирет чемпион болушту,- деди “Алга” футбол клубунун жетекчиси Эмил Бусурманкулов.

Чынында Бразилиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты курч таймашуулар, күтүлбөгөн сенсациялуу утуштар менен коштолду. Айрым футбол адистеринин божомолдору дал келбей, мыкты деген командалар жыдып калды. Бул дүйнө чемпионатында 32 өлкөнүн тандалма командалары 8 топко бөлүнүп, мөрөй талашты. Мыкты делген 2010-жылкы дүйнө чемпиону Испания, футболдун мекени аттыккан Англия, Италия командалары күйөрмандардын ишеничин актай албай, чейрек финалга да чыгалбай үйүнө кайтууга аргасыз болду. Дүйнө чемпионатынын кожоюну, футболдон дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия да жарым финалда Германияга ири эсеп менен утулду. А түгүл коло байгени колдон чыгарып, Голландияга да жеңилип, күйөрмандары ыйлап турду. Алардын жеңилүүсүнүн башкы себебин Неймар жаракат алып калышына жоругандар болду.

Чемпионатта Коста-Рика, Бельгия, Колумбия, Франция, Алжир, Чили, Мексика, Уругвай, АКШ жана Швейцария командалары жакшы оюн көрсөтүү менен бул өлкөлөрдө футболдун деңгээли өскөнү байкалды.

- Айрыкча Голландия командасы жарым финалда Аргентинаны утуп, бул жолу дүйнө чемпиону болсо деген ишеничим акталбады, - дейт футбол күйөрманы Ислам Исраилов.

Бул чемпионатта айырмалаган футболчулардан голландиялык Перси, Роббен, чилилик Санчес, Босужур, колумбиялык Родригес менен Армеро, Гутьеррес, костарикалык Кэмпбелли, Дуарте, жапондордон Хонда, африкалык Бони жана башкалар жаңы футбол жылдыздарынын катарын толукташы мүмкүн экенин далилдей алышты.

- Бирок “Алтын топ” сыйлыгы аргентиналык Мессиге берилиши туура эмес болуп калды. Ал бул чемпионатта өзүн көрсөтө алган жок. Мыкты оюнчу сыйлыгы германиялык футболчулардан Мюллерге же Швайнштайгерге, же Клозеге берилсе туура болмок. Бул ФИФАнын каталыгы, калыстыгы жоктугун көрсөттү, -дейт футбол баяндамачысы Табылды Асыгалиев.

Анын пикиринде, ошондой болсо дагы дүйнө чемпионатында мыкты дарбазачы деп германиялык Мануэл Нойер татыктуу тандалды.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары да Бразилия өлкөсүндө кызыктуу таймашууларга НТС телеканалы аркылуу күбө болуп, өздөрү сүйгөн командаларды сүрөөнгө алышты.

- Бирок НТС айрым айыл жергесинде көрсөтпөгөндүктөн, түнкүсүн электр жарыгы айрым аймактарда өчүрүлүп жаткандыктан жергиликтүү кээ бир күйөрмандардын ичи бук болуп, арманыбыз аттын башындай болду, - дейт ысыккөлдүк күйөрман Жолдошбек Карыбаев.

Кыргызстандын футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаевдин пикиринде, бул чемпионатта өзгөчө айырмаланган команда - Коста-Рика командасы болду.

Кыргыз футбол делегациясы да Бразилиядагы дүйнөлүк таймашууларга күбө болуп келишти. Сан-Паулу шаарында өткөн ФИФАнын жалпы конгрессине өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, вице-президенттер Аскар Салымбеков жана Асылбек Кадыралиев катышты. Алар дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине жана бир нече мелдештерине күбө болушту.

Бул ирет чемпион болгон Германия командасы Алтын топ кубогу жана 25, 6 млн.евро менен сыйланды. 2010-жылы Италия биринчи орун үчүн 18 млн. евро акчалай сыйлык алган.

Бул чемпионаттын 4 беттешүүсүн өзбекстандык жана кыргызстандык калыстар тобу тейледи. Өзбекстандык Равшан Ирматовдун калыстар тобунда кыргызстандык Бахадыр Кочкаров да калыстын жардамчысы катары катышты.

- Бахадыр Кочкаров өткөн 2010-жылдагы дүйнө чемпионатында, 2012-жылкы Лондон олимпиадасында дагы ушул топ менен калыстык кылган, - дейт футбол федерациясынын басма сөз катчысы Мирлан Айтаалы.

Мелдештер Бразилиянын 12 шаарында бир ай бою өткөрүлдү. Эми дүйнө чемпионатынын эстафетасы Орусия президенти Владимир Путинге тапшырылды. 2018-жылкы дүйнө чемпионаты Орусияда алгач ирет өткөрүлгөнү жатат.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG