Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Тобу тоголонбогон кыргыз футболу


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы июль айынын жыйынтыгы менен ФИФАнын рейтингинде 24 балл менен 196-орунга түштү. Бул - кыргыз футболунун эл аралык рейтингдеги эӊ төмөнкү көрсөткүчтөрүнүн бири.

Буга чейин март айында 191-орундан 192-орунга, ал эми май айында дагы 3 орунга төмөндөгөн эле.

Сазга батып, андан чыга албай жаткан кыргыз футболунун өнүкпөй, артка кетип жатканына ким күнөөлүү? Дегеле Кыргызстанда футболдун келечеги барбы?

Эшиги ачык дарбазаны ким жабат?

Дүйнөдө футбол номур биринчи оюн экени айтылып келет. Футболу өнүккөн Испания менен Германияны айтпаганда да кечээ эле согушту башынан өткөрүп, эми гана тынч жашоого өтүп жаткан Тажикстан бүгүн футболго көӊүл бөлүп, оюнчуларды таптап жатат. Мунун жыйынтыгында Тажикстан Азия футбол конфедерациясы уюштурган кубоктук оюндарда жеңүүчү аталып, эми Азия чемпионатына, анан калса дүйнөлүк чемпионатка катышабыз деп талпынып жатышат.

Ал эми Кыргызстанда футбол эбак эле унутулуп калган сыяктуу. Былтыр 2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алгачкы тандап алуу оюндарында биздин курама команда өз тааласында ири эсеп менен Өзбекстанга уттуруп жибергени маалым. Кийин бир катар футбол адистери муну каржы маселесине жана атаандаштардын күчтүү экенине шылтап, актанып чыгышкан.

Ошол оюндардан сабак алып, эми кыргыздар футболго башкача өӊ-түс бере баштайт го деп турдук эле, көрсө быйыл топту тоголотконго да жарабай калыптырбыз. 1-июнда Алматы шаарында Казакстандын курама командасы менен жолдоштук беттешүүдө биздин команда 5:2 эсебинде жеӊилип калды. Бул акыркы бир жылдын ичиндеги экинчи чоӊ жеӊилүү.

Мынчалык аз беттешүү өткөрүп, анан калса ири айырмада жеңилип жатканыбыздын себеби эмнеде? Даярдыгы жок, чабал оюнчуларыбыздын катасыбы, же аларга каражат короткусу келбеген аткаминерлердин калың чөнтөгүбү?

"Дордой" футбол клубунун ээси Аскар Салымбеков былтыр "Азаттыкка" курган маегинде мамлекет футболго кам көрбөй жатканын айткан. "Биздин инсандарыбыз коттедждерди, хан сарайларды салып жатат. 200-300 миӊ долларлык машинелерди минип жүрүшөт, кымбат эстеликтерди тургузуп жатабыз. Бир команданы чыгарууга 200 миӊдей эле доллар керек. Ошону жасабай жатышпайбы" деп кейиген.

Анткен менен мамлекет акча бөлүп жиберсе эле кыргыз футболунун күнү тууй баштайт деп айтканга негиз жок. Оюнчулардын тажрыйба жөндөмү жетишсиз. Машыгууларга аз чыгышат. Кээ бир футболчулар каражаттын аздыгынан кошумча киреше булактарынан акча табууга аргасыз.

Бразилияга - көк бөрү, Кыргызстанга - футбол

Тамаша иретинде көптөгөн кыргыз күйөрмандары Кыргызстанда футболдун өнүгүшүн Бразилияга салыштыргылары келет. "Качан Бразилияда көк бөрү, улак тартыш өнүксө, кыргыз футболу ошондо өнүгөт" деп кер-какшык айткандар бар.

Футболдун күйөрмандарыбыз деп саналган айрым кыргызстандыктар ички чемпионатта ойногон командаларды да толук атай алышпайт. Мисалы, Самат Абдыраев аттуу жигит Орусиянын, Испаниянын, Англиянын ички командаларын токтолбой санап бергени менен Кыргызстандан "Дордой", "Абдыш Ата", "Жаштык" жана "Ак алтынды" гана билет.

Биздин ички чемпионатыбыз да кайсы убакта башталып, качан бүтөрү белгисиз. Жазгы, күзгү болуп бир-эки жума ойнолот. Анда каражаты бар 5-6 команда бири бири менен 4-5 жолу оюн өткөрүп, натыйжада бирөө чемпион болот. Оюн болуп жатканда стадиондо карк эткен карганын үнүн уга албайсыӊ. Баары тыптынч, эч ким жок. Ал эми стадиондор эски Совет доорунан калып, оӊдоп-түзөлүүгө муктаж.

Сырттан келген, айрыкча түрк студенттер футболго жакын болгондуктанбы, айтор көбү "кантип футболсуз жашайсыңар? Футболуӊарды көргүбүз келет" дешет. Айла канча, окурман... Азырынча өзгөлөрдүн футболу менен жашап, өзүбүздөн футболдук жаңылануунун жаралышын күтө туралы.

Аскат Оморов
XS
SM
MD
LG