Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Балбан кыз Швециядан байгелүү кайтты


19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова
19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова

Жакында Швецияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова коло байгелүү болду.

Кыз-келиндердин майрамы алдында Швецияда өткөн эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык турнирде Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова коло байгелүү болду.

Клиппан шаарында өткөн мелдеште Айсулуу 59 кило салмакта жарым финалда фин Петре Оллиге аз упай менен алдырып коюп, үчүнчү орунду ээледи.

Чынында эле эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Айсулуу Тыныбекова үчүн былтыркы жыл оор, жоопкерчиликтүү болду. Лондон олимпиадасынын алдында ага “бейбаштык кылды, кыздарды сабады” деп кылмыш иши козголгон. Аны менен кошо чогуу жүргөн балбан кыз Розалия Тилегенова да соттук суракка тартылган.

Айсулуу сот залында, 20-июль, 2012-жыл
Айсулуу сот залында, 20-июль, 2012-жыл
Лондон олимпиадасынын алдында Ленин райондук соту бул ишти Айсулуу Тыныбекова олимпиадалык оюндарга катышып келгенден кийин кароо чечимин чыгарган. Бул чечимге жабыр тарткан тарап нааразылыгын билдирип, Тыныбекованы Лондон олимпиадасына жибербөөнү, ал турсун балбан кыздарды улуттук курама команданын катарынан чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Бирде прокурор, кээде адвокат ар кандай себептер менен сотко келбей, бул иш улам жылып отуруп, 8 айга созулду. Акыры Ленин райондук соту Лондон олимпиадасынан кийин Айсулуу Тыныбекованы 2 жылга, Тилегенованы 1 жылга шарттуу эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

Балбан кыз курбусу Розалия Тилегенова менен 17 жаштагы Бишкектин тургуну Ясмин Нурдин кызын сабап, анын денесине залал келтирген деп күнөөлөнгөн.

Айсулуу Тыныбекова сот чечими бир тараптуу болуп калды деп эсептейт:

- Чак түштө көчөдөн 3 кыз, 2 бала тийишти. Ал жерден тиги кыз менен кичине эле жулмалашканбыз. Сабаган эмесмин. Алар айткандай 5-6 мүнөт сабасам, жанындагы 2 бала, 2 кыз карап турмак беле? Эгерде сабасам, анда бир мүнөттө эле мунжу кылып салмакмын. Алар сабабасам деле жок жерден жалаа жаап, сотко берди. Көп тоскоолдук жаратышты. Сот иштеринен улам канча машыгуу, канча жыйынды калтырдым. Мен соттук териштирүүлөрдүн айынан Лондон олимпиадасына жакшы даярдык көрбөй калдым. Сотто бир жактуу чечим чыгып калды.

Нурдин кызы Ясминдин апасы Нуриля Кочкорбаеванын айтымында, уруп-сабоодон кийин кызынын мурду сынып, мээси чайкалып, 10 күн ооруканада дарыланып чыккан. Ошондуктан Ленин райондук соттун чечимине алар ыраазы.

Балбан кыздын устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабековдун пикиринде, мындай сот чечими да Тыныбекованын спорттук чеберчилигине таасирин тийгизди.

- Ошондой болсо да чүнчүп калбай, кайрадан ийгиликтерге жетише баштады. Шарттуу соттолгону үчүн тийиштүү мекемелерден уруксат сурап, чет өлкөлөрдөгү мелдештерге алып баруу кыйынчылыктарды жаратууда.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Төлөн Райымкулов Айсулуу Тыныбекованы тайманбай күрөшкөн, атаандашынан коркпогон эр жүрөк, шамдагай балбан кыз деп мүнөздөдү.

Буга чейин Кыргызстандын эгемен тарыхында эркин күрөш боюнча кыздар арасынан бир да балбан олимпиадалык оюндарга барган эмес. Ошондуктан Айсулуу Тыныбекованын спорттогу жолу башка кыздар үчүн сабак болмокчу. Аны менен маектешкенде “Азаттыкка” өзү, бир туугандары, ата-энеси, эркин күрөшкө кызыкканы тууралуу мындай деди:

- Менин ата-энем Нарын облусунун Кочкор районунда жашайт. Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында төрөлгөм. Ал жерде беш жашка чейин болуп, кийин атамдын жумушуна байланыштуу кайра Кочкорго көчүп келгенбиз. Ата-энем врач. Апам волейбол боюнча курама командада ойногон. Беш бир тууганмын. Спортко өзүмдү билгенден бери кызыгам. Телевизордон таймаштарды көрүп, катышкым келчү. Бирок айылда мүмкүнчүлүк жок болчу. Борбордо ушундай каратэ, күрөш, бокс бар экенин угуп, ошого барып калганбыз.

Спортто бардыгы болот. Былтыр эле Ташкентке Азия чемпионатына даярданып жатып, 15-20 күн калганда акырын эле машыгып жатып, колумду чыгарып алгам. Бирок ага карабай чемпионатка барып, бешинчи орунду алып калган элем. Бирок анда башыбызды жерге салбай, кайра машыгып жатып ушул күнгө жеттик.


Айсулуу Тыныбекова шарттуу соттолгон деген шылтоо менен мындан ары эл аралык мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына, 17-Азия оюндарына катышпай калышы мүмкүн деп спорт коомчулугу да кабатыр. Себеби шарттуу соттолгон спортчуга айрым чет өлкөлөрдүн элчиликтери виза бербей коюшу да ыктымал. Бирок, Айсулуу Тыныбекова Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргыз өңүн, кыздарын таанытсам деген тилекте, күрөштү таштабайм дейт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG