Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Балбан кыздардын таймашы өттү


21-январда Бишкекте кыздар арасында эркин күрөштөн өлкө чемпиондугу үчүн таймашуулар өттү. Күч сынашууга 50гө жакын тандалган балбан кыздар катышты.

21-январь күнү кыздар арасында эркин күрөш боюнча 44, 48, 51, 55, 59, 63 жана 72 кг. салмактагы күч сынашуулары өтүп, мыктылар иргелди.

Жеңил салмакта Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Кундуз Кушубекова өлкө чемпиону аталды.

48 кг. салмакта оштук балбан кыз, жаштар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Михрнисо Нурматова байге үчүн таймашууга бишкектик Айзада Жаналиева менен чыкты. Мында Михрнисо былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.

Михрнисо Нурматова “Азаттыкка” курган маегинде эркин күрөшкө кыздар кызыга баштаганын, эл аралык деңгээлдеги мелдештерге барып, тажрыйба топтоонун зарылдыгын айтып берди.

51 кг. салмакта бишкектик Бермет Нурлан кызы, 55 кг салмакта таластык Айша Акбарова өлкө чемпионатынын биринчи орунун камсыз кылышты.

59 кг. салмакта Кыргызстандын чемпиону аталган кочкорлук кыз Айсулуу Тыныбекова апасы, таякелери балбан болгонун айтып, эки сиңдиси да эркин күрөш менен машыгып жүргөнүн кошумчалады.

- Менин спортко ышкыбоздугум апам жактан ооп келиптир. Таякелерим чоң балбан болушкан. "Эр тайын тартат" дегендей эле, мен да таякелеримди тартып калсам керек. Эркин күрөшкө агам катышчу. Аны менен үйдө күрөшө берчүмүн. Анан эркин күрөш боюнча шугулданып, мелдештерге катышып, мурда уялып жүрсөм, азыр сыймыктанчу болдум. Чынында алдыда Ташкентте өтө турган Азия чемпионаты турса кантип күрөштү таштайм? Тескерисинче, кыргыз кызынын күчтүү экенин тастыктоо үчүн жан үрөп, бардык аракетимди жумшап, Лондон олимпиадасына жолдомо алып, мөрөй алууну максат кылып жүрөм.

63 кг .салмакта эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргоп жүргөн Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Нестан Кыязова бардык атаандаштарын утуп, өлкө чемпионатынын алтын медалын тагынды.

- Чоң атамдар да балбан болушкан экен. Атам эркин күрөш боюнча Кыргызстандын спорт чебери. Анын таасири болсо керек. Мен да күрөшкүм келе берчү. Агам да эркин күрөш менен машыгат. Алар менен үйдө күрөшө берчүмүн. Спорт ден соолукка гана өбөлгө болбостон, адамдын мүнөзүнүн калыптанышына, чыдамкай, эмгекчил болушуна себепкер болот экен. Мен көп эл аралык мелдештерге, Азия чемпионаттарына барып, көзүм ачылып, намыскөй болуп калдым. Лондондо кыргыз элимди сүйүнтүп, байге алып, Кыргыз туусун обого көтөрсөм деп тилек кылып, талбай машыгып жүрөм. Менин жолумду жолдоп үч сиңдим да эркин күрөш менен машыгат. Кенже сиңдим да жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болду.

72 кг. салмакта Азиянын көп жолку жеңүүчүсү, 14-15-Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова бул ирет күйөрмандардын үмүтүн актады. Ал финалда Кыргыз Техникалык университетинин студенти Элзат Абылан кызын артыкчылык менен утуп алды.

Кыргызстандын эркин күрөштөн кыз-келиндер командасынын улук машыктыруучусу Нурбек Изабековдун пикиринде, мурда кыздар күрөшкөндөн уялып, мелдешке катышпайт эле. Айылдагы таланттуу, чыдамкай, кара жумушка бышкан бабалары балбан кыздар бул спортко маани бербей жүрүшөт.

- Чынында элибизде Кыз Сайкалдай, Жаңыл мырзадай баатыр мүнөз кыздар арбын. Ошол кыз-келиндердин спорттогу бактысы ачылбай жүргөнү өкүндүрөт. Көп жылдар бою спортко катышып жүргөн башка улуттардын шаардык кыздарынан айылдан келген кыздар чыйрак, шамдагай, чыдамкай келишет. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө кыздар спортун жөнгө салуучу бирикме алигиче түзүлө элек

Кыргызстандын кыз-келиндер эркин күрөш федерациясынын вице-президенти, жаштар арасында дүйнө чемпиону Асейин Төрөгелдиевдин айтымында, быйыл кыздардын даярдыгы дурус экен.

- Мени кубандырганы - кыргыз кыздарынын эркин күрөшкө болгон кызыгуусу артып, эл аралык аренада өлкө намысын коргой баштаганы. Алыскы Ак-Талаа районунан жана Таластан келген балбан кыздар үмүттү жандырды. Алардын катарында туубаса балбандыгы байкалган кыздар бар экен. Айрыкча Айсулуу Тыныбекова, Айша Акбарова, Нестан Кыязованын чеберчилиги жыл өткөн сайын жогорулап, эркин күрөштүн сырларын үйрөнүп жатышат. Келечегин ойлогон өлкө жетекчилери биринчи кезекте болочок энелердин, кыз-келиндердин ден соолугуна көңүл буруусу зарыл.

Кыргыз кыздарынан олимпиадалык алтын медалга алгачкы болуп жөө күлүк Мария Кулчунова ээ болгон. Ал 1988-жылы Сеулда өткөн 24- Олимпиадалык оюндарда 400 метрге чуркоодо марага биринчи келген.

Кыргызстандык кыз-келиндер Тамара Акимова, Гүлзина Өмүралиева, Бактыгүл Токторбаева, Наташа Фадеева, Алтынай Темиркулова, Яна Панова, Ирина Орлова, Мехринсо Акбарова жана башкалар самбо жана эркин күрөш боюнча дүйнө, Азия чемпионаттарында жеңишке жетишкен.

Жылдан жылга дүйнө жүзүндө кыз-келиндердин эркин күрөш, дзюдо, таэквандо, оор атлетика жана чыгыш өнөрлөрүнө кызыгуу артып баратат. Эл аралык кыз- елиндер мелдештери да өткөрүлгөнү менен өлкөнүн командалары сейрек гана катышып жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG