Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Он жети роза


Былтыр май айында бир кызык окуя болду. Сессия тапшырып жатканбыз. Дос баламдын сүйлөшкөн кызы 17ге чыгып, акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап 17 даана роза гүлүн бермей болду. Досум экөөбүз гүл саткан жерге барсак баары кымбат, акчабыз жетпей калды. Эмне кылсак экен деп көчөдө бара жатып бир мекеменин алдындагы гүлгө көзүбүз түштү. Кечинде келебиз деп макулдашып үйгө кеттик. Анан болжогон жерден жолугуп, гүл уурдоого кириштик. Онго жакынын үзгөндө эле кароолчу келип калса болобу. Бекинип алып, качып жөнөдүк. Арадан жарым саат өткөндөн кийин келип дагы уурдадык. Эртеси базарга барып сыртына жылтырак оротуп, кыркып, жасаттык. Бажырайып көркү чыга түштү. Ошентип ал кыздын аты "17 роза" аталып калган. Быйыл 18 роза уурдабасак болду деп күлүп калабыз.

Адилет Каныбек уулу. ОШМУ, ФМИТ 5-курс.
XS
SM
MD
LG