Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Студенттик саябанга саякат


Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын биринин студенттери. (Сүрөттүн авторго тиешеси жок)
Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын биринин студенттери. (Сүрөттүн авторго тиешеси жок)
Салют достор. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 4-курста окуйм. Студенттик күлүү күндөргө саякатка чакырам. Даярсызбы? Анда учкашыңыз. Кеттик эмесе..

Өңүмдө болгон окуя


Адатымча кечки алтыда сабактан чыгып, классташтар менен Ала-Тоо аянтына жолукканы жөнөп кеттим. Алар менен түн бир оокумга чейин жүрдүм. Курсак болсо ач курулдап, айлам кетти.

Үйгө келдим, түнкү саат он жарым,
Ачкалыктан алдан тайып турамын.
Көз чекчейип, ашказаным курулдайт,
Чөнтөккө салсам, бир да тыйын урунбайт
, - деп ырдап үйгө келсем, мени күткөн үч досум да ачка экен.

Төртүнчү ач карышкыр болуп мен кошулдум. Ашканадан ит менен издесең да оозго илинерлик бирдеме таппайсың. Тыйындарды чогултсак, бир нанга да жетпечүдөй. Күрөөгө телефон коюп акча алып туралы десек, баарыбыздын телефонубуз “кирпич”. Дүкөндөн карызга алалы десек, мурунку алгандарыбызды төлөй элекпиз. Апам келгенче бир нан берип туруңузчу дегидей кошуна турган Жамал апабыз да жок. Айла куруп, нары урунуп, бери урунуп жатып ачка көзүм илинип кетиптир. Ушунчалык таттуу уктап жатам... Эмнегедир ашканабызда толгон-токой азык-түлүк турат. Тандырга бышкан нандар барсайып, боорсоктор жайнайт. Карынга салып атайын сактаган сары май, майлуу курут, кызыл алма, алмурут, кайналы, жаңгак ж.б мөмө-жемиштер көз жоосун алат. Койдун бышкан этин алыс жолдо бузулбасын деп, жалбырактарга ороп салышкан экен. Буркурап жытын айт. Баягы үч досум тимеле жыргап алган. Чабуулду дароо баштадык. Беркилер бир нерселерди эле кобурап жатышат, мен үндөбөй ашказан толтуруу менен алекмин. Силерге калп, мага чын, заматта досторконду тазалап салдык. Мындай керемет түштү “Телефонуңду өчүрчү” деген добуш бузду.

Телефондун ойготкучун саат 7ге койгон элем, 3чү жолу чырылдаганда араң турдум. Эмнегедир түндөгүдөй ачкалыгым билинбейт. Ашканага чыксам, түшүмдө көргөн азыктардын анча-мынчасы турат. Көрсө, мындай болгон экен: бир досубуздун ата-энеси чакан той берип, апасы шаарга кайткан тууганынан кешик салып жиберет. Эртең жумушка чыгам деп шашкан агасы, түнгө карабай посылканы жатаканага таштап кетет. Досубуз куржундагы тамакты көрөрү менен таңды күтпөй эле баарыбызды ойготот. Мен эс-мас абалда үндөбөй тамактанып, кайра дароо эле уйкуга кетипмин.

Кызыл, кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет

Бул окуядан көп өтпөй сууга салса, кургак чыккан классташым конокко чакырып калды. Ал жатаканада жашачу. Бир аз сүйлөшүп отургандан кийин эле эшикке чыгып кеткен. Бир маалда кудуңдап жетип келди.

- 2-кабатта Айназиктер манты жасап жатат, жүр жортуулга барабыз.

Мага кызык болду, бир чети ачка кесерип турганбыз. Макул, барса баралы деп жортуулга жөнөдүк. Биз түзгөн план боюнча, мен кыздарды алаксытып турганда, шамдагай классташ мантыны 2-кабаттан 6-кабатка билгизбей уурдап кетиши керек эле. Кыздарга ардемелерди айтып берип, алагды кылганга жакшы эле аракет кылып жаткам. Ага болбой эле Саадат деген кыз сыртка чыгып кетип, аткан октой болуп кирип келди.

- Мантыны уурдаттык. Жүргүлө издейбиз,- деп ачууланып алган.

Кыздар менен кошо сыр алдырбай мен да издешип жүрөм. 2-кабатты бүт кыдырдык, 3-кабат, андан кийин 4-кабатка өттүк. Баягы Саадат аябай жытчыл неме экен. Түз эле 6-кабатка чыгып барды. Ушул жерден жыттанып жатат дейт. Ансайын жүрөгүм дүкүлдөйт. Албай-салбай эле классташымдын бөлмөсүнө кирип барса болобу. Ал болсо сыр алдырбай турат. Саадат кыйын экен, шкафты аңтарып атып катылган мантыны таап чыкты. Кыздар каргап-шилеп, мени аңырая тиктеген бойдон кетип калышты. Саадатка таң калып, аңырайган бойдон кала бердик. Ошондон кийин катуу уялып, ал жатаканага барбас болдум.


Жыйырма сомдун жарымы

Акыркы жыйырма сомду алып, сыр алдырбай чыкчыйып сабакка жөнөдүм. Аялдамадан маршруттук таксиге түштүм. Баягы акчамды берип, арт жакка өткөм. Бир оокумда айдоочу:

- Жыйырма сомду ким берди, жарымын кошо бергиле, - деп кыйкырып калды.

Окуу жайдын аялдамасынан түшүп, сабакка кирип кеткем. Кайра үйгө кайтарда чөнтөккө колду салсам, баягы жыйырма сомдун жартысы менде жүрөт. Көрсө тең ортосунан жыртылып, жарымы менде, жарымы айдоочуда калган экен.

Исмаил Маматов, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти.
XS
SM
MD
LG