Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Бишкек саммити аяктады


Бишкекте Кыргызстан, Орусия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Беларус президенттери катышкан саммит жыйынтыкталды.

Саммиттин экинчи күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө туш келип, саммитке келген КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин куттуктоосу менен башталды. Бүгүн Атамбаев 60 жашка толду.

Саммит башталганда Орусиянын президенти Владимир Путин Атамбаевге Александр Невскийдин орденин тапшырды. Путин Алмазбек Атамбаевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Александр Невский ордени менен сыйланганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев орден үчүн ыраазычылыгын билдирип, Александр Невскийди баалай турганын айтты. Атамбаев президенттик мөөнөтүндөгү негизги жетишкендиктердин бири - Орусия менен мамиле калыбына келтирилгени болгонун билдирип, Орусияны өнөктөш жана бир тууган катары көрөрүн айтты.

Александр Невский ордени Орусия империясынын тушунда негизделип, аны менен аскер жана жарандык адамдар сыйланган. 1917-жылы башка падышалык ордендер менен катар жоюлган. 1942-жылы СССРдин Жогорку Кеңеши тарабынан жаңыдан негизделип, бекитилген. Аталган орден менен Кызыл Армиянын согушта каармандык көрсөттү делген командирлери сыйланган.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да кыргыз президентин 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Казак президентинин куттуктоо телеграммасында Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу алдында Астана менен Бишкектин достугу жана кызматташтыгы дагы да бекемделүүсүнө ишенери айтылган.

Кызматташтыкты арттыруу аракети

Кечээ башталган саммитте КМШнын болочогу, экономика, маданий-гуманитардык багытта өз ара кызматташтыкты арттыруу боюнча он беш келишимге кол коюлду.

Саммитке катышкан президенттер жана өкүлдөр булардын ичинде 2020-жылга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдө эл каттоо жүргүзүү, 2017-жылды “Үй-бүлө жылы”, 2018-жылды “Шериктештиктеги маданият жылы” деп жарыялоого макулдугун беришти. Ошондой эле 2017-2019-жылдары шериктештиктин алкагында терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү программасын кабыл алышып, 2016-2020-жылдарда маалыматтык технологиянын күчү менен жасалып жаткан кылмыштарга каршы күрөштө кызматташтыкты арттырууну чечишти.

Саммиттин кеңейтилген жыйыны Өзбекстандын мурдагы президенти, 2-сентябрда дүйнөдөн кайткан Ислам Каримовду эскерүү менен башталды.

Андан кийин сөз алган КМШнын төрагасы, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев саммиттин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөрүүдө эч кандай саясат болбогонун белгиледи.

Украинанын каршылыгы

КМШга төрагалык кылуу 2017-жылы Орусияга берилгенин азыркы төрага, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыйын башында маалымдады. Ага ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып, КМШга Кремль жетекчилик кылат, ал эми уюмдун келерки жыйыны 2017-жылдын 11-октябрында Москвада болот. Ал эми Кыргызстандын төрагалыгы алдында быйыл октябрь айында КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт.​

Бирок саммитте КМШга 2016-жылы Орусия төрагалык кылуусуна Украина өкүлдөрү каршы болду. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко мындай чечимди Орусиянын Крымды аннексиялап алганы менен байланыштырды.

Орусия президенти Владимир Путин Крымдагы Орусияга кошулуу боюнча референдум жергиликтүү элдин эрки менен өткөнүн билдирди. Ошондой эле Путин КМШ уюмун түзүүгө катышпаган өлкө катары Украина уюмга төрагалык кылууга каршылык билдире албай турганын айтты.

16-17-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан саммит КМШнын 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышууда.

1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат.

Саммиттен көз ирмемдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

XS
SM
MD
LG