Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

"Жакындарымды Сирияга өзүм жибергем"


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.

Ошто террордук уюмдун эмиссары деп шектелип, Кара-Суудан кармалган адам өзүнүн жакындарын, жалпысынан жети кишини Сирияга жөнөткөн.

48 жаштагы Абдулло 21-октябрда терроризмге шектелип кармалган. Учурда ал жалданмачылык беренеси боюнча айыпталып, камакта.

Расмий маалыматка караганда, Абдулло акыркы эки жылдан бери эл аралык террордук уюмдар менен байланышта болгон. Ондон ашык адамды Сирия, Ооганстан жана Пакистандагы согуш майданына жиберген. УКМКнын уруксаты менен Абдуллого жолукканыбызда, буларды айтып берди:

- 25 жылдан бери дин жолунда жүрөм. Алгач дааватка чыгып, сакал койгом. Ал кезде мени эч ким тыйган эмес. Милиция менен ишим жок эле. Үч жыл мурда мага анча тааныш эмес агымга кызыгып кеттим. Алгач Сирияга жихадга барууга үндөп жүрдүм. Азыр менин биринчи аялым, эки уулум, бир тууган иним жана өгөй кызым, күйөөсү менен Сирияда жүрөт. Алардын кетүүсүнө себепчи болгонумду моюнга алам. Ал үчүн эч кимден акы алган эмесмин. Болгону кудай алдындагы милдетимди аткардым деп ойлогом.

Жакындарын Сирияга кетирген Абдулло
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

Абдулло 25 жыл дин жолунда жүрдүм деп айтканы менен бул жаатта билим алган эмес. Өзүнө керектүү маалыматты интернеттен гана алып жүрчү экен. Жергиликтүү молдолорду “мусулманчылыктан пайда издешет” деп жактырбасын ачык айтты.

Ош облусунун казысы Самидин Атабаев эл арасында Абдуллого окшогондор бир топ экенин, алар салттуу динди тутунган адамдарды укпасын айтууда.

- Кыргызда сууну сиңген жерге куй дейт. Биздин айтканды кабыл албай, жаман көргөндөр да бар. Ошого карабай колдон келишинче элге динди туура жеткирүүгө аракет кылып жатабыз.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Орозбек Молдалиев террордук уюмдар тутунган идеология менен күрөшүү зарылдыгын, аны күч кызматтары эмес, дин өкүлдөрү жүргүзүшү керектигин айткан эле.

Бирок ага карабай УКМКнын Ош башкармалыгы жыл башынан бери “Коопсуз маале” аттуу долбоордун алкагында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин баштаган. Аталган башкармалыктын атын атабаган өкүлү бул иш өз жемишин бере баштаганын билдирди.

- Долбоор алкагында мобилдик топтор түзүлгөн. Ага участкалык милиция, аймактык кеңештин мүчөлөрү, көчө комитеттери, айыл башчылар жана имамдар кирген. Алар жер-жерлерде алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Андан сырткары айылдан башка жакка чыгып кеткен адамдар тууралуу маалымат берүү милдетин аркалашат.

УКМК өкүлү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Улуттук коопсуздук кызматынын Ош башкармалыгынын маалыматына караганда, акыркы эки жылда террордук беш уюмдун мүчөлөрү кармалган. Алардын баары чет өлкөлөрдөн атайын машыгуудан өтүп келген. Буларга байланышы бар деп, каржы жана курал табууда жардамдашкан дагы 80 адам кармалган. Аларга каршы 75 кылмыш иши козголуп, элүүдөн ашыгына сот өкүмү чыккан.

XS
SM
MD
LG