24-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Абдулазиз Исмаилов Түркиядан үйүнө кайтып келатканда Кара-Көл шаарында кармалган. Кармалганы тууралуу маалымат ата-энесине эки күндөн кийин гана белгилүү болгон. Уулун издеген Абжали Исмаилов баласына милиция курулай доомат коюп жатат деп эсептейт.
- 24-декабрда Бишкектен чыккан баланын кабарын эки күндөн кийин гана биле алдык. Мектепте жакшы окуган. Кесиптик лицейди алтын медаль менен аяктаган. Илимге умтулган бала эле. Эмне үчүн мындай айып коюп жатышат? Айыпты көрүнгөнгө койсо боло береби? Менин ушуга башым катып атат.
Жактоочу Хусанбай Салиев Исмаиловду кармоо иштери башынан аягына чейин мыйзамсыз болгон деп эсептейт. Анын айтуусунда, сурак шектүүнүн жактоочусу жок өтүп, ал кыйноого алынган.
- Бизде Исмаиловдун кыйноого алынганы боюнча бүт далилдер бар. Денеси көгала. Экспертиза тастыктап жатат. Маек учурунда Исмаилов өзү кандай кыйноого кабылганын айтып берди. Мунун баары документтер менен тастыкталган. Милицияда тинтүүнүн актысы, күбөлөрдүн колу жок. Суракка жактоо катышкан эмес. Мыйзам боюнча шектүү кармалгандан кийин үч саат ичинде анын жакындарына кабар берилип, айыбы угузулушу керек. Мындай болгон эмес.
22-декабрда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында “Ахмадий” агымынын атылган мүчөсүнүн өлүмүнөн кийин террордук уюмдарга байланышы бар, деген шек менен 16 адам кармалган. Алардын ичинен төртөө Сириядан атайын даярдыктан өткөн деп айыпталууда. Ошонун катарында Абдулазиз Исмаилов да бар.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кармалгандар милиция менен элди адвокаттар аркылуу касташтырууну адат кылып алышканын айтууда:
- Кашкар-Кыштактагы адам өлтүрүүнүн артынан түшүп, 16 кишини кармадык. Анын ичинен төртөө Сириядан атайын даярдыктан өтүп келген. Буларды кармаганга негиз бар болгон үчүн артынан түшкөнбүз. Бул боюнча жетиштүү далилдерибиз бар. Жөндөн-жөн эч кимге эч кандай айып коюлбайт. Булардын жанынан алынган адабияттарда бийлик менен элди тирештирүү, коопсуздук кызматтарынын бетине көө сүртүү боюнча методикалар да табылып жатат. Көп учурда жактоочулар жана журналисттер өздөрү байкап же байкабай ошол экстремисттердин куралына айланып калууда. Денесиндеги көгала тактарды көрсөтүп, кыйнады дешет. Чындыгында кармоо учурунда күч кызматкерлери алардын маңдайынан сылабайт да. Шектүүнүн колдоруна кишен такканда дене кызарып, көгөрөт.
Абдулазиз Исмаилов Сириядан атайын даярдыктан өттү деген айыпты жактоочу Хусанбай Салиев четке какты. Ал Исмаиловдун Египетте жана Түркияда билим алып жүргөнүнө жетиштүү далилдер барын билдирди:
- Исмаилов 2010-жылдын октябрь айында Муфтияттын жолдомосу менен Египетке диний билим алууга кеткен. Ал жакта козголоң башталганда Стамбулга келип, мыйзамдуу диний мектептен билим алып жүргөн. Бош убактысында Түркияда нан бышырып, дагы башка жайларда эмгектенген. Муну тастыктай турган далилдер бар. Эми документтерин жаңылоо максатында мекенине келген болчу.
Ушул учурда Сирияга барган деп Исмаилов менен бирге кармалган ноокаттык тургундун жактоочусу да шектүүгө курулай доомат коюлуп жатканын билдирүүдө. Милиция жактоочулар чет өлкөдөн окуп келген экстремисттердин куралына айланып баратат деп эсептейт.
Ош облусунда жыл башынан бери 30 адам экстремизм, терроризм боюнча айыпталып кармалган.