Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Баткен: Чек арада дагы нааразылык


Кыргыз-тажик чегиндеги Достук айылындагы кыргыз чек арачылары. Баткен, 14-февраль, 2013.
Кыргыз-тажик чегиндеги Достук айылындагы кыргыз чек арачылары. Баткен, 14-февраль, 2013.

Кыргыз-тажик чегиндеги Достук айылынын эли чек арадагы абалга, жол жабылып калганына кабатыр.

Баткен районунун чек арадагы Достук айылынын калкы Тажикстан жолду жаап койгонуна нааразы болуп, акыркы эки күндөн бери жергиликтүү бийликке маселени чечүү жана чек араны тезинен тактап берүү өтүнүчү менен кайрылууда. Чек арадагы абал тажик тарап талаштуу делген аймакка уюлдук байланышты тейлеген антенна орнотуусунан чыккан.

Мындан улам кыргыз чек арачылары Достук айылы аркылуу өткөн Тажикстандын Ворух - Исфара жолуна чек ара көзөмөлүн орноткон. Тажик тарап буга жооп иретинде айылды аралап өткөн кан жолду эки тараптан жаап койгон.

Айыл тургуну Исраил Кулназаров жол жабылышы эл ичинде нааразылыкты пайда кылганын айтат:

- Тажикстан алып келип антенна орнотуп койду. Ошондон башталды да баары. Андан кийин биздин чек арачылар вагон орнотушту. Ошол боюнча жолубуз жабылды. Эл эки жакка каттай албай калдык.

Эл оозунда Кара-Бак деп да айтылган бул айылды Тажикстан үч тарабынан курчап турат. Чыгыш тарабынан гана Кыргызстанга кошулган Достук айылын облус борбору менен дөңсөөлөрдү жана тоо-ташты аралап өткөн жаман жол байланыштырат.

400 чакты эли бар бул айыл Тажикстандын Исфара шаары менен Чорку айылын байланыштырган чоң жолдун боюнда. Андыктан элдин турмуш-тиричилиги да Тажикстандын аталган шаары менен тыгыз байланышта. Жол жабылганы тажик тарап өз унааларын Кыргызстанга кирбей өтчү айланма, кууш жолдон каттатып атыптыр.

Аймакта чек ара али тактала элек, болгону шарттуу чек ара боюнча турат. Эки тарап макулдашып, тактала элек жерге курулуш иштерин жүргүзбөй туруу чечимине келишкен. Бирок тажик тарап буга карабай аз күн мурда чек арадагы дөңсөөгө телефон антеннасын орнотуп алган.

Достуктун дагы бир тургуну Маманасыр Нарматов эки тараптуу келишим бир тарап үчүн гана иштеп жатканына нааразы:

- Биздин тургундар чек арага жакын жерге бир нерсе кылалы дешсе кошуналар келип, “чек арага жакын жерде иш жасабагыла” деп токтотушат. Анан алар чек арага жакын антенна орнотсо биз унчукпай тура берелиби? Макулдашуу эки тарап үчүн бирдей болсун да.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарынын көпчүлүгү али тактала элек. Мындан улам эки тарап бири-бирине доомат арткан, талашып-тартышкан учурлар көп болот.

Чек араларды тактоочу комиссиянын мүчөсү, Баткен райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы Алишер Эргешов мындай учурда шарттуу чек араны карманып эле иш кылууну туура көрөт:

- Эми бул аймак али эки тараптуу тактала элек. Шартуу чек ара менен турабыз. Биз аларга чек арада мындай кылдыңар же тигиндей кылдыңар десек, тажик тарап да бизге өз дооматтарын айтып жатышат. Маселени бир жаңсыл кылуу үчүн биринчи чек ара такталып бүтүшү керек. Ошондуктан азыр убактылуу ушул шартуу чек араны болсо да тактап туруп, анан ошол боюнча турушубуз керек.

Аймактагы чек араны көзөмөлдөп турган 2022 чек ара отрядынын зардалы Нурлан Керимканов тажикстандык кесиптештери менен жолугушуп, белгиленген шарттуу чек араны кармоо менен жолду ачууга макулдашканын билдирди:

- Биз азыр негизинен айылдын тургундарына ыңгайлуу болгондой кылып маселени чечишибиз керек. Биз жолго койгон вагонеткабызды алабыз, жол ачылат. Тажикстан болсо биздин Миң-Өрүк айылынын жанына койгон чек ара көзөмөлүн ала турган болду. Буга эртең дагы кайрылып, маселе кайра көтөрүлбөй тургандай чечебиз. Ошондуктан жергилктүү элге ыңгайлуу сунуштарды макулдаштык.

14-февралда Достук айылында өткөн эки тараптуу жолугушууга кыргыз тарапты жетектеп барган Баткен районунун акиминин орун басары Акмурза Тагаев да кошуналар менен бир пикирге келишкенин айтат:

- Азыр ушул Достук айылынын жашоочулары койгон маселелерди чечели деп тийишитүү жетекчилер келди. Кошуналар менен сүйлөшүп жатабыз. Маселе эл каалагандай болуп чечилди десем болот.

Ошентип эки тараптын расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Достуктагы жолду ачуу маселеси чечилди. Бирок жол жабылышына себеп болгон, дээрлик чек арага коюлган тажик тараптын уюлдук байланышын тейлеген антенна алынбай турган болуп, ордунда кала берди. Достукта Кыргызстандын бир да уюлдук байланышы тартпайт. Андыктан айылдыктар Тажикстандын уюлдук компанияларынын кызматын пайдаланууга аргасыз.
Достук айылынан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG