Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Чек арадагы кырдаал иликтенет


Кыргыз-тажик чек арасында жол ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Кыргыз-тажик чек арасында жол ачылды

Чек арадагы 13-14-марттагы чыр-чатактарга байланыштуу жети факты боюнча иш козголду.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-14-марттагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын укту

Жыйынды жабык эшик артында өткөрүүнү вице-премьер-министр Замир Аскаров сунуштады. Отурумда өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров, Чек ара кызматынын, ИИМдин жана башка профилдик комитеттердин жетекчилери катышты.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 13-14-марттагы чыр-чатактарга байланыштуу жети факты боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иштер массалык башаламандык, карактоо, улуттук белгисине карата адамга кол салуу сыяктуу беренелер менен каралууда.

Тергөөнү Тажикстандын Башкы прокуратурасы менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан түзүлгөн бириккен топ жүргүзөт. Аларга ИИМ жана башка органдар көмөктөшөт.

Ал арада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркагандардан кабар алып, материалдык жардам тапшырды.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жабыркаган. Дарыгерлер алардын абалы “канааттандырарлык” экенин айтышты.

Жол ачылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу ачылды. Алгачкы автоунаалар жана адамдар өтүштү. Ошол эле учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Баткен шаарын туташтырып турган Ош-Исфана жолу да ачылды.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Аксай-Тамдык жолу курулмай болду.

Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

«Бардыгынын кызыкчылыктары эске алынды»

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүү 14-март күнү кечинде башталган. Төрт күндүк сүйлөшүүнүн натыйжасында жабык турган жолдор ачылып, Аксай-Тамдык-Кишемиш жолу жана Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылынан көз каранды эмес жол курулмай болду. Макулдашуу протоколуна кол коюлган соң вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келишимде бардык тараптардын кызыкчылыгы эске алынганын айтты:

«Жолдор бүгүн ачылат. Эч кандай посттор болбойт. Эки өлкөнүн да жарандары тоскоолдуксуз каттай беришет. Жарандар үчүн зарыл болгон жолдордун баарын улантабыз. Бир топ маселелерди сүйлөштүк. Эң негизгиси - өз ара түшүнүшүп, кызыкчылыктарды эске алып чечимге келдик».

Келишимге ылайык, чырдын чыгышына себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолу жана Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жол да курула баштады.

Жаңжалдын чыгышына күнөөкөрлөрдү табууга, жабыр тарткандарга байланышкан маселелерди жана чыгымдарды биргелешкен жумушчу топ иликтеп, чукул арада аягына чыгарышы керек.

Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим протоколдогу өзөктүк маселеге көңүл бурду:

«Биз прокуратурага күнөөлүүлөрдү табууну тапшырдык. Анткени адамдар өлдү, ар биринин артында үчтөн бала калды. Бул кейиштүү көрүнүш. Келечекте бул кайталанбашы керек. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылат жана жазаланат. Эки тараптан тең жабыркагандар бар. Протоколдун аткарылышын өкмөт аралык комиссия көзөмөлдөйт. Андан кийинки маселе - бул жалпы колдонуучу жол болгондуктан жолдун жээгинде чек арачылар болбойт, эки тараптуу милициянын патрулу гана көзөмөлдөйт».

Бул аймактагы жол каттамдарында мурдагыдай эле эч кандай чек ара, текшерип өткөрмө бекеттери орнотулбайт. Болгону эки тараптын милиция кызматкерлери биргелешип коопсуздукту көзөмөлдөп турмай болду.

Үйлөрүнө кайтып жаткан аксайлыктар. 18-март, 2019-жыл.
Үйлөрүнө кайтып жаткан аксайлыктар. 18-март, 2019-жыл.

Ал арада кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын 450 тургуну бүгүн кечке жуук үйлөрүнө кайтты. Аларды облустук бийлик автоунаа менен камсыздап, жүктөрү менен кошо үйлөрүнө жетип алышына шарт түзүп берди. Жаңжал башталганда Ворух анклавы менен чектеш Ак-Сай айылынын тургундары коопсуз жакка чыгарылып, Баткен шаарындагы №57 лицейдин жатаканасына жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган эле. Негизинен алар аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

Баткен: аксайлыктар үйлөрүнө кайтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Бул күнү Кыргызстан Ак-Сай-Тамдык жолуна техника алып өткөн учурда Ворух анклавынын жарандары топтошуп таш атышкандан кийин жаңжал күчөп кеткен. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстан тараптан эки киши окко учканы кабарланган.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

2014-жылы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда ушул аймакта чыр чыгып, ок атышуу менен коштолгон. Ошол учурда эки тарап макулдашып, Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолун куруу менен Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду бир учурда куруу макулдашылган. Бирок бул макулдашуу боюнча иштер толук аткарыла элек болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG