Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Талас: "Калем кармаган сөөмөйүңдү сындырам"


"Дабан" гезитинин кезектеги саны.
"Дабан" гезитинин кезектеги саны.

Таластагы акимдердин шайлоосун коштогон чырды чагылдырган журналисттерди белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүшүүдө.

“Де-факто” гезитинин акыркы санында Мира Сейдикеримованын Таластагы акимдерди шайлоого нааразы болгон элдин митинги тууралуу материалы жарык көргөн. Көз карандысыз журналисттин айтымында, бул макаладан соң ага “Республика” партиясынын аймактык өкүлдөрү чалып, жолугууну суранышкан.

- “Де-факто” гезитинде мен чыгарган кабарды көтөрүп алышыптыр. "Эмне үчүн минтип жаздың" деп сурай башташты. Мен "биз интервью берген адамдардын ой-пикирлерине таяндык, өзүбүздүкүн кошкон жокпуз. Силер бизди коркутуп жатасыңарбы, муну кандай түшүнсө болот", - десем, "жок, жөн гана сүйлөшкөнү келгенбиз" деп сөздү буруп коюшту.

Мира Сейдикеримова баамында, партия мүчөлөрү жогору жактан көрсөтмө албаган деле болушу мүмкүн.

- Буларды бирөө атайлап жиберген жок, болгондо булар “бөрк ал десе, баш алып” өздөрү эле демилге көтөрүп, мени такап сурагысы келсе керек. Мен “силер ишиңерди аткарып жаткандай эле, мен да журналисттик милдетимди аткарып жатам” дедим.

Мира Сейдикеримова атап кеткен “Республика” партиясынын Талас шаардык координатору Баатыр Качкынбаев жарыяланган материалда митингге катышкан адамдардын саны так берилбегенин айтып, журналистке жөн гана тактоо ирээтинде кайрылганын белгиледи.

Акимдерди шайлоо учурундагы мүчүлүштүктөрдү жергиликтүү “Дабан” эркин гезитине жазып чыккан дагы бир журналист Улук Рысалиевди да коркутушкан. Калемгердин айтымында, 8-февралдын кечинде белгисиз телефон чалуулар болуп, аны ачык эле опузалашкан экен.

- "Силер тилиңерди тыйып, калемиңерди көп учтабай жүрбөйсүңөрбү. Мокок калемиңер менен эле жазбайсыңарбы. Алдагы сөөмөй менен бармактын ортосуна калем кармайсыңар, ошол сөөмөйүңдү сындырып койом" деди. "Менин тилимди, дилимди, башымды кесип албаса, калемден башка таянаар эч нерсем жок. Болгону таянаар окурмандарым бар. Мен эч нерседен коркпойм" дедим. "Ойлон бала, ойлон" деп телефонду өчүрүп салды.

Талас облустук журналисттер уюмунун төрагасы Козубек Иманкулов кезинде өзү да куугунтукка кабылганын айтты. Анын баамында, мындай курч окуяларды журналисттер фактыларга гана таянып жазуусу, ал эми тиешелүү тарап сынды туура кабыл алуусу керек.

- Эркин пресса демократияга үйрөтүп жатат. Ошол эле учурда бийлик же башка тараптар болобу ушуну байкашы керек. Журналисттер жаңылбай койбойт. Бирок күчкө салып, маданиятсыз иштерди жасоо туура эмес. Жөн эле сүйлөшсө болот да.

Мира Сейдикеримова ал редакторлук кылган “Дабан” гезитинин жамаатына карата коркутуп-үркүтүүлөр кайталанышы мүмкүн деп эсептейт. Эгер андай болсо тартип коргоо органдарына жана медиа чөйрөсүнүн өкүдөрүнө кайрылаарын эскертти.
XS
SM
MD
LG