Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:58

Талас: депутат мандатынан ажырайбы?


Талас шаардык кеңеши жана аймактык шайлоо комиссиясы бейбаштык боюнча соттолгон депутатты мандатынан ажыратуу маселесин караганы турат. Шаардык сот депутат Памир Аблабековго айып салган. Бирок ал адегенде буга макул болбой апелляциялык арыз жазып, аны кайра чакыртып алган. Бул окуя Талас шаардык кеңешинин депутаттары аралашкан экинчи кылмыш иши болуп калды.

Талас шаардык кеңешиндеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болуп шайланган Памир Аблабековго шаардык сот Кылмыш кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 25 миң сом айып салган. Буга макул болбогон депутат адегенде облустук сотко апелляциялык арыз берип, бирок аны кайра кайтарып алган. Натыйжада өкүм күчүнө киргенин шаардык сот расмий маалымдады.

Маалыматтарга караганда депутат соода-сатык менен алектенген коңшусу менен чатакташа кетип, үй-бүлөдөгү ага-инини сабап койгон. Бул иш боюнча жабырлануучу тарап комментарий берүүдөн баш тартты. Депутат Памир Аблабеков болсо буларга токтолду:

- Мен кассациялык даттануу жазам. Ал жерде мен азырынча күнөөлүү болуп табылдым. Болуптур, шаардык сот ар кандай чечим чыгарып коёт. Мен ГОВДда бир дагы жолу суралган эмесмин. Тергөөчү мага 59-кварталдан кол койдуруп алган. Соттун чечимине мен нааразымын. Мен даттанам.

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Эсенкуловдун депутаттын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу кабары жок болуп чыкты:

- Аблабеков Памир Сүйөркуловичке иш козголгону боюнча менде эч кандай маалымат жок экен. "Кошунасы менен чыр-чатак болуп, укук коргоо органдары териштирип жатат" деген маалымат бар болчу. Мага соттон эч кандай кагаз келе элек. Азыр шаардык кеңештин атынан сотко кат жөнөтөм. Анын негизинде такталат.

Анткен менен Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Самарбек Ташыбековдун билдиргенине караганда депутаттын соттуулугу бар же жок экендиги такталып бүтө элек:

- Соттун чечимин караганбыз. Бирок биз чечим кабыл алалы десек, ал жерде толук жазылбаптыр. Конкреттүү түрдө айтканда 25 миң сом айып салыныптыр. "Бирок бул соттолгон дегенди түшүндүрөбү" деп кайра сотко кайрылдык. Сот "2-3 күндө чечим чыгарып беребиз" деди. Ошого жараша иш жүргүзөбүз.

Жергиликтүү юристтер кандай жаза чектелбесин, ал күчүнө киргенден кийин айып тарткан адам соттолду деп эсептелерин айтып жатышат. Шаардык соттун маалыматына караганда депутат Памир Аблабеков облустук сотко апелляциялык арыз жазып, аны кайра кайтарып алгандан кийин шаардык соттун 25 миң сом айып төлөө тууралуу өкүмү күчүнө кирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, соттолгон адам шайланганына карабай депутаттык укуктарды берген мандатынан ажыратылат.

Памир Аблабеков - Талас шаардык кеңешиндеги мандатынан ажыратуу маселеси арабөк турган экинчи депутат. Жарым жылдан бери сессиянын ичине катышпай жүргөн КСДП фракциясынын депутаты Самидин Жоробековду мандатынан ажыратуу тууралуу депутаттардын демилгесинен майнап чыга элек. Бул депутатка карата да Кылмыш кодексинин алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгону мурда кабарланган.

Байкоочулардын баамында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына байланышкан мындай көрүнүштөр өлкөнүн бардык эле аймактарында кездешет. Бирок аларды жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ич ара келишип, жаап-жашырып коюшат деген пикирлер бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG