Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Талды-Булак кени: мунасага жетүү оңой эмес


Талас өрөөнүндө алтын кендери боюнча чыр-чатактар арбын болуп келет. Мисалы, жергиликтүү калк Талды-Булак кени жабылсын десе, облус бийлиги бул ой менен макул эмес.

Талас районундагы Талды-Булак алтын кенинде 2005-жылдан бери “Коппер голд” компаниясы тарабынан чалгындоо иштери жүрүп келет.

Компаниянын айтымында, алар беш жыл аралыгында чалгындоо иштерине 15 миллион доллар сарпташкан, алдыда да 2015-жылга чейин 25 млн. доллар жумшоо планы бар экендигин айтышат.

Кенге жакын жайгашкан Арал, Үч-Эмчек айылдарынын тургундары бул кендин ишке берилишине каршы болуп келишет. Нааразылар компаниянын айылга жакын лагерин өрттөөгө чейин барышкан.

“Ыйык Талды-Булак” элдик комиссиясынын төрагасы Максат Кожобеков “компания ишин ачык жүргүзбөйт” деген ойдо:

- Булардын кемчилиги – ачык саясат алып барбайт. 2005-жылдан берки эски саясат менен көнүп алган. Көптөгөн убадалары аткарылбай, иштеринин баары мурунку бийликтин тушунда чакан чөйрөдө чечилип, элдин оюн угушкан эмес.

Каршы болгон эл менен мунасага келүү үчүн 8-июлда Арал айылынын клубунда Талды-Булак кени боюнча элдик курултай болмок. Бирок элдин нааразычылыгынан улам аталган жыйын үзгүлтүккө учурады. Келгендер клубдун ичине курултайга кирүүдөн баш тартышты.

Компаниянын жетекчиси Дэвид Грант жыйынды бузганга кызыкдар адамдар бар экенин айтты.

- Мага Бишкектен телефон чалышты, жолугушууну үзгүлтүккө учуратуу үчүн акча төлөнгөнүн айтышты. Силер өз келечегиңерди өзүңөр чечесиңерби, же ушундай топторду угасыңарбы?

Эгер кен ишке кирсе, жергиликтүү бюджетке ири суммадагы каражат түшөрүн Талас облустук өндүрүш, транспорт башкармалыгынын башчысы Улукбек Муктаров белгилейт.

- Бул кен ишке кире турган болсо, Кыргызстанга 600-700 миллион долларга жакын инвестиция келет. Бул – көп жылга пландаштырылган долбоор.

Компаниянын калк менен байланыш бөлүмүнүн адиси Асел Жолдош кызы жергиликтүү калктын компанияга ишеними кетип жатканы үчүн ишкана жаңы нук менен иш алып барууга өткөнүн айтты:

- Кандайдыр бир катачылыктар биз тараптан кетти, эл берген кеңеш-сунуштар аткарылбай калган. Биз мындай көз карашты оңдойлу деп аракет кылганбыз. Бизге инвестор болгон “Голфилд” деген компания дүйнөдө төртүнчү орунда турат, алар эң жогорку стандарттарды колдонот.

Таласта 4 жерде алтын кендеринде чалгындоо иштери жүрүп, айрымдары иштетүүгө берилген. Бирок жерден чыккан байлыктардын айланасында талаш-тартыштар токтобой келет.

Эл арасында Талды-Булак кени күзүндө өтө турган президенттик шайлоого чейин иштебейт экен деген сөздөр бар.

XS
SM
MD
LG