Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

"Арзан көмүр алгыла!"


Нарын дарыясынын боюнда жыйылган көмүрлөрдү унаадан түшүрүп жаткан балдар.
Нарын дарыясынын боюнда жыйылган көмүрлөрдү унаадан түшүрүп жаткан балдар.

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынан чыккан көмүр кыйынчылык менен сатылат. Аталган шаардан ташылып келинип, Ош – Бишкек жолунун боюндагы Байыз-Булак айылына түшүрүлгөн көмүрлөр жыйылган бойдон турат.

Таш-Көмүрдүн тоосунан жүктөлүп келген көмүрдү машинадан түшүрүп, кайра кардардын унаасына жүктөп, акы алган адамдар күнүмдүк болсо да жумуш табылганына ыраазы.

Ош – Бишкек жолунда ташкөмүр салынган мүшөктөр кыдырата жыйылып турат. Бирок аларды сатып алган кардарлар сейрек. Бул жерге Таш-Көмүр шаарынын чет жакасынан кол менен казылып алынган көмүрдү унаалар ташып жеткирип, кардар табылса, кайра унаага жүктөп берип жаткан жаштар тобун көрүүгө болот. Алардын эң улуусу 24 жаштагы Назир көмүр түшүрүп жатып, өзү жашаган 20-30 кожолук Байиз-Булак айылынын жумушсуз тургундары ушинтип жан багып жатканын кеп салды.

Дегеле Нарын дайрасын бойлой конгон конуштардын баары жалама тоо менен курчалып, мал кармоого жайсыз окшобойбу. Ар бир кап көмүрдү түшүрүп жүктөгөнү үчүн 2-5 сомдон акы алышат экен.

- Күнүнө жүз, жүз элүү кап алып сатабыз, каптай алабыз. (Жүк машинанын үстүндөгү балдарга кол шилтеп) булар грузчиктер, күнүнө эки сомдон түшүрүп жүктөшөт, капталган көмүрлөрдү. Азыр кар жаай элек да, кардарлар деле жок, кар жааганда көбөйөт кардарлар, турасың суукта үшүп. Кээде өтпөй деле калат, алдагы каптагыларга начар көмүрлөр салынган экен, турат өтпөй.

Футболдун ордуна акча тапкан өспүрүмдөр

Көмүр түшүргөндөрдүн арасында үч-төрт өспүрүм да жүрөт. Алардын бири 16 жаштагы Эламан колу бош убакытта иштеп, акча табаарын айтты:

- Мектепте окуйсуңбу?

- Ооба.

- Канчанчы класста?

- Онунчу.

- Каптагы көмүрлөр канча килограммдан, оордук кылбайбы сага?

- Жок, көнүп калгам да, кырк килограммдан болот. Кээде сабактан кийин, кээде ишемби, жекшемби күндөрү келип иштейм.

Айдоочу Заирбек болсо казылган жеринде көмүр арзан болсо да, бул канжол боюнда батыраак сатуу мүмкүн дейт. Анткени жүк ташуучу машинелер көмүрдү ушул жерден жүктөп алып, Жалал-Абад облусунун башка аймактарына ташып сатышат экен:

- Көмүрдү канча чакырымдан ташып келесиң, жигит?

- Отуз беш-алтымыш чакырымдан. Казылган жеринен каптай алтымыш- жетимиш сомдон сатып алабыз. Мектепти бүткөнүмө үч жыл болду, ошондон бери ушинтип иштеп жүрөм. Үйлөнө элекмин, бойдокмун.

“3-4 сом үчүн иштейм”

Аңгыча жүк ташыган чакан унаа көмүр сатуучулардын жанына келип токтоду. Аны менен Назир соодалашып отуруп, акыры бир баага келишти окшойт, машинанын бош жерине көмүр жүктөөгө өтүштү.

- Үйгө, чилде маалында атам менен апам жаксын деп сатып алып жатабыз,- деди кардар. Ал Назирге кайрылып “кел, он беш кап сал, каптары бүтүнүрөөктөрүнөн”,-деди.

- Соодалаштыңарбы, канча сомго сүйлөштүңөр?

- Жүз сом деп атат ар бир кабын, дагы сүйлөшөбүз го.

Назир кардардын унаасына көмүр жүктөп жатып:

- Токсон бештен берейин, ошондо бизге үч-төрт сомдон эле акча калат. Таш-Көмүрдө мындан башка иш жок, ушинтип жашамай, мурдагы шахталар жабылып калган, жеке болуп калгандары бар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG